Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Күзгү адам
Суук түшкөн күз айлардын биринде ал жүрөгүнүн түпкүрөнөн орун алып жан дили менен берилип сүйгөн мырзасына жолукту. Бул байкалбаган сезимдер менен башы айланып бир көрүп сүйүп калган эмес. Бул узак жол же болбосо ар бир текчеси эшиктин ачылышына жакындаткан тепкич болду.
Ал англис тилин үйрөнүү курсунан чыгып метрону көздөй парк аралап басып бараткан. Суу кар аралаш жамгыр жаап жаткан, катуу шамал болуп суук сөөккө жетип турду. Байкуш кыз кол чатыр алып чыгууну унуткан экен. Көл-шал болуп бактардын арасына кире качып, жаандын басылышы күттү. Ал бактын түбүндөгү отургучта бир жигит отурган. Ал үстүнө кара кийим кийип алгандыктан дароо байкаган эмес. Сырткы келбетин караганда андан эки жаш гана чоңдөй туюлган, бирок анын көз карашы алда канча улуу кишилердей болгон. Ошондой эле ал бул дүйнөнүн бүт сырларын, ар бир жандын жашоосунун маңызын билип тургандай көрүндү. Ал бир нече адамдын колунан өтүп тамтыгы чыгып калган эски китепти кармап отурган. Кыз ал китеп окуу үчүн ушул бактын түбүнө келген деп ойлоду. Бирок ушундай суукта, жамгыр жаап жатканына карабай күүгүмгө чейин отурганы таң калтырды. Чарчаган түр менен, ордунан козголбой жайбаракат отурган.
Ортодо өзүнөн өзү сөз башталып кетти. Ал кыздын пальтосунан шорголоп суу агып жатканын көрүп, курткасы менен шарфын чечип ага сунду. Бири-бири өмүрү көрбөгөн адамдар кызуу сөзгө кирип кетип толгон-токой темаларды сүйлөшүп отурушту. Бирде каткырып, бирде кайгырып, оюна эмне келсе ошону кызыл чеке түшүп талкулашты.
Аягында ал кызды метрого чейин узатып келип телефон номери менен кол чатырын берди.
Ошондон кийин алар күндө телефон же скайп аркылуу тынбай сүйлөшүп жатышты. Кээде жолугуп сейилдегени чыгышат. Чанда гана кыздын үйүндө калып, бирок өзүнүн үйүнө бир да жолу чакырбады.
Ал күн бүркөлүп турган маалда сейилдөөнү жактырат, сүрөткө түшүүнү четке кагат, көп адам чогулган жерди жактырбайт, бирок анын жанында болууга ашыгып турчу.
Ал эми күн тийип аба ырайы жылуу болуп турганда чакырса ар кандай шылтоону айтып кача берет. Анткен менен тынымсыз кат алмашып, телефондо сүйлөшүп турушат. Ал эми асманды ала булут каптап муздак шамал жүрүп же жамгыр жааганда жолугушууга шашып калаар эле.
Кыз жигити тууралуу баарын билип бүттү. Ал үйдө чыкпай отуруп иштейт, аны атасы жалгыз тарбиялап өстөргөн, эмнени жактырып, эмнени жактырбасын түшүнүп калды. Кыз андан өзү тууралуу сурап кандай суроолорду бербесин алгылктуу жооп ала алчу эмес.
Ичинде кандайдыр бир табышмактуу сыр бардай сезилет. Бирок анын ичинде бир нерсе катылып жатканын, ошол нерсе булар бир болушуна тоскоолдук кылып турганын аңдап билүүдө. Аны аябай сүйөт, ичиндеги сырын өзү айтып берсе экен чыдамсыздык менен күтүп жүрдү.
Күндөр өтүп ал кыздын үйүнө тез-тез келип турмай болду. Эгер кыздын маанайы чөгүңкү болуп калса, ал адамдардын кызыктуу окуяларын, мурда ушул шаарда жашагандар, аларга окшоп кол кармашып ушул көчөдөн басып өткөн түгөйлөр туурасында айтып берээр эле. Кыз анын айткандарын угуудан эч тажачу эмес. Ал ошол окуяны жеринен көргөндөй ийне-жибине чейин көркөмдөп баяндачу. Шаарда болуп өткөн окуяларды уккан сайын андан бетер кызыгып дагы кийинкилерин сурана берчү.
Күздүн акыркы күндөрү жетип алдыда, кыштын босогосу турду. Бул аны аябай кайгыга салып кеп сөзгө келбей түнт болуп калды. Ичинде бир нерсе айгай салып жаткандай. Эмне тынчын алып жатканын сураганда “муну азыр сага билүүгө эрте” деп жооп берүү менен кутулат.
Күздүн акыркы күнүндө кар жаады. Экөө сүйлөшүп кыз аны үйөнө барып түнөп калмай болду. Ал бул күндө көптөн бери күтүп жүргөн эле, кудуңдап сүйүнүп кеч киришин күтүп жатты. Жигити анын үйүндө түнөп каларын туугандарына айтпашын суранды. Каякка барып, ким менен түрүштү өзү билип калган чоң эле кызга бул сөздү угуу кызыктай туюлду. Ага ишенгендиктен, шартын аткарып түнү каякта болорун ата-энесине айтпай кетти.
Барса эшиги ачык экен, босогого кадам таштаганда эле жагымдуу жыт буркурады. Бирок өзү кызды тосуп чыккан жок. Аны чакырса эч ким жооп бербеди. Бөлмөнүн ичине кирсе рамка менен капталган чоң эски, бирок жакшы сакталган күзгү көзүнө урунду. Анан ал күзгүгө каранып, чачтарын оңжоп алды. Анан эле моюнга бирөө чапкандай селт этип кетти. Күзгө андан башка эч ким көрсөтпөгөн, бирок ал анын келгенин экенин сезди. Артына келип калганы билди, антейин десе баскан адамдары угулган эмес. Ал келип белинен кучактап, ооруп турган мойнун жыттап турду. Ал эмнегедир кыймылдап же сүйлөй албай калды. Көзү караңгылашып, өзүн жоготуп жыгылып калды. Жүрөгү токтоп, сокпой калды. Денеси акырындык муздап калды. Көзүнүн мөлтүрөгөн жаш чыкты. Үйдө эми тирүү жандан эч ким жок.
"
Уландысын билүү