Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Суу астындагы шаар
"Алыскы Микронезиде, Темвен аралында калкы он жети миң адамдан турган, бир нече гана адамга белгилүү болгон таш имарат Нан – Мадол жайгашкан. Курулуш бири бирине коюлуп созулган таштардан турган кандайдыр молду элестетет.
Азыркы күндө бир дагы тарыхчы бул курулуштун ким тарабынан, качан, жана эмне үчүн салынганын сөзсүз айта албайт го. Нан – Мадолдун жаралганы жөнүндө бир дагы эскертүү жана тарыхый факт жок. Башка планеталык курулуштун пайда болушу абдан ишенерлик версия бойдон кала берет.
Нан – Мадол шаарынын жарымысынан көбү суунун астында жайгащкан деп божомолдонууда. Таш имараттын экинчи жана чоң бөлүгү жакында эле табылды. Буга чейин анын суунун үстүндө жайгашкан бөлүгү гана изилденген. Катардагы таштар бул чөгүп кеткен сепилдин дубалдары болуп чыкты.
Эгерде курулушту суунун астынан караганда анын дубалдарын, колонналарын, бүтүн монолиттен жасалган аянтчаларды, тепкичтерди жана башкаларды көрө аласыз, бул анын шаар болгон экенин тастыктап турат. Мурун окумуштуулар бул жон гана кудайлардын сыйынуучу жери жана башка планеталыктардын буга тиешеси бар экенин танууп келишкен деген версияларды жылдырып келишкен. Улам – улам түшүндүрүлгүс кубулуштар жана жерлер келгиндердин иши деп кала берди.
Эмнеге Нан – Мадол адамдардын колу менен салынган эмес? Себеп абдан көп.
Биринчи, баардык таштар Темвенеде жок базальттан жасалган. Бунун эң жакын кездешкен жери Понапе аралы. Нан – Мадолдун көп жылдар мурун пайда болгонун эске алганда, бир дагы кайык беш жүз тоннаны түзгөн, бир таштын салмагын көтөрө албайт деп тайманбастык менен жарыяласа болот. Бул жакта алардан миндеген санда, эгерде миллион эле болбосо. Аралдын калкы 1885 жылда эле элү мин адамдан ашкан эмес. Бир жолу археолог Джон Браун бул курулушту курууга канча адам керек экенин санаган жана суткаына курулуш үстүндө иштеген он минге жакын адам керек деген жыйынтыкка келген. Анда куруучу армияны тамак аш менен камсыз кылыш үчүн дагы чарба иштери менен алектенген калк керек эле. Бул фактыларды эске алганда, аралга адамзат ресурсу жетмек эмес. Бирок качан окумуштуу бул суроонун үстүндө иштеп жатканда, шаардын суунун асдындагы бөлүктөрү билине элек болчу.
Экинчи, балким негизки, океандын денгээли он эки мин жылга жакын көтөрүлгөн эмес. Кантип анда шаар ушундай чон терендикке чейин кетип калган? Себеп глобалдык ысуу жана мөнгүлөрдүн эрүүсү болушу мүмкүнбү? Аралда кандайдыр бир өнүккөн цивилизациянын жашоо – тиричилиги жана байыркы уруулардын шаар кура ала турган мамлекеттүүлүк белгилери жөнүндө далил табылган эмес. Он экинчи кылымда эле, биринчи европалыктар аралдан чатыры пальма жалбырагынан болгон жер үстүндөгү жаман там үйдө жашаган аборигендерди көрүшкөн.
Коншулаш Япа жана Бабель – Даобе сыяктуу аралдарда адамдын бою менен тен таш акчалар табылган. Таштар ортосунда тешиги бар тыйынды элестетет. Миндеген ушундай сыяктуу таштар ушул аралдарга жакын океандын түбүндө табылган. Бирок, жергиликтүү папуастарга эмнеге акча керек, эгерде алар өмүр бою натуралдык чарба менен жашаса жана алар товар – акча байланышына муктаж болгон эмес. Эскерте кетсек, таштардын көлөмү адамдардын бою менен тен. Аларды кантип колдонуу керек? Же болбосо алар акча эмеспи?
Нан – Мадолунун суу астындагы бөлүгү ширенкеден жасалган үй бузулган сыяктуудай талкалангандай көрүнөт. Бирок ошондой болсо да бардык түзүүчүлөрдү жакын арада чогултуп алса болот. Бир гана өлчөмү жана салмагы оордук кылат. Бул окумуштуу – изилдөөчүлөрдү кандайдыр бир мүмкүн болгон окуялардын жана шаардын кыйроосу жөнүндө кээ бир жыйынтыктарга келтирет.
Мурун бул аралдар бири бири менен жана башка кургак жерлердин бөлүмдөрү менен биригип бир бирдиктүү Пангеи материгин түзгөн. Бул жүз жетимиш миллион жыл мурун болгон. Божомолдорго ылайык мурун Жерде башка адамдар жашаган, тагыраак айтканда Космостогу инопланетядар өздөрүнүн планеталары талкалангандын натыйжасында келген. Алар абдан өнүккөн цивилизация болгон, бул алардын Жерде бат жайгашысууна жана шаарлардын курушуна мүмкүндүк берген. Буга Нан – Мадол мисаал болуп саналат. Мүмкүн, алардын өзүлөрүнүн акчалары болгон – таш монеталар. Убакыттын өтүшү менен, жердин астындагы плиталардын кыймылы болуп, Пангея материктерге бөлүнгөн. Көрүнүш ар кандай жаратылыш катаклизмдери менен өтөт – жер титирөөлөр жана суу каттоолор. Көптөгөн шаарлар жана цивилизациялар жок болуп, ал эми тирүү калган инопланетядар Жерден чыгып кетишкен. Миллиондогон жылдар өтүп, жашоо кайрадан өнүгүп жатат.
Жердин жаңы калкы өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн доорун өтүп жатат, ал эми келгиндер кайтып келип Нан – Мадол шаарын калыбына келтирүүдө. Анын экинчи жолу кыйрашы бүткүл дүйнөлүк сел каптоо менен байланыштуу, анда океандагы суунун дэңгээли ушунчалык көтөрүлгөн ал тургай аралдын көпчүлүк бөлүгүн каптап кеткен.
Бунун баары, албетте, жөн гана гипотеза. Чөгүп кеткен шаар изилдөөчүлөргө абдан чоң кызыкчылык жаратат, курулуштун табылган жеринде инопланетядардын издерин издөөгө же болбосо ушул версиянын жокко чыгарууга далилдерди ар кайсы өлкөдөн келген экспедициялар үзгүллтүксүз издеп жатышат. Бирок, шаарды суунун астынан көтөрүп чыгаруу адам баласынын күчү жетпегендей жана келгиндердин жардамысыз эч болбогондой көрүнөт."
Уландысын билүү