Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Көз айнек аркылуу салам
"Күзгү менен байланыштуу көптөгөн мисалдар жанна ишенимдер бар. Байыркы заманда аны мистикалык жана коркунучтуу деп эсептешчүү. Азыркы учурда күнүмдүк ички жасалга буюму жана аял сумкасынын сөзсүз атрибуту. Балким адамдардын билимсиздиги үчүн күзгүнүн сыйкырдуу сапаттары бар дешкен? Анткени күзгү он үчүнчү кылымда пайда болгон. Биринчи алар ичке, сылап тегизделип жез же колодон жасалган. Айнек чыккандан бери күзгүнү жасоо ыкмалары дагы жакшыотылган. Күмүш каптоосу бар жалпак айнек нерседе эмне өзгөчөлүгү бар. Геометриялык оптика күзгүнүн таасирин түшүндүрөт – бул идеалдуу тегиз беттен светтин чагылыштыруусу. Анда эмнеге азыркы учурда биздин адамдар Күзгү артына түшүп калуудан коркушат. Күзгү арты - бул сыйкырдуу күзгүнүн арткы тарабындагы дүйнө.
Байыркы учурда өзүнүн элесин күзгүдөн көрүү коркунучтуу болчу, бул өзүңдүн окшошуңа жолугарыңды билдирчү, анан дагы күзгү чагылыштыруусунда – тескеринен. Күзгүлөр параллелдүү дүйнөгө чыгуу деп эсептелчүү. Адам күзгүдөгү өзүнүн чагылыштыруусуна көпкө чейин караса , өзүнүн энергиясы менен тигидүйнөдөгү жандарды тартат. Алар адамдын тиричилик күчү менен күч алышып адамдардын дүйнөсүнө келип материалдашышат, алар күзгүнү караган кишинин келбетин алып алышат. Ошентип окшош киши пайда болот. Айланадагылар кишинин адаттары, жүрүшү, жоруктары жакшы жака эмес алмашканын байкашат. Бара-бара окшош киши чыныгы адамдын энергиясын баарын жутуп алат. Эгерде байыркы заманда күзгүгө коркунуч менен карашса, эркектер тап такыр эле каранышчы эмес, аялдар керек болгон гана учурда. Ал эмеи азыркы учурда күзгүлөр бизди бардык жерде курчап турушат – үйдө, офистерде, магазиндерде, эшикте жана биз кандай көрүнүп турганыбызды кайра-кайра карайбыз. Үйдө өлүк бар болсо бардык жергдеги күзгүлөрдү жапканы бекер эмес, муну өлүктүн жаны Күзгү артына кетип калбасын дешет. Тескеринче Күзгү артындагы жандар өлүк адамдын келбетин алып албасын дешет. Үйүлгөн элдин арасында, жана абдан жакын эчак эле өлгөн адамды көргөн учурлар ар бирибизде болгон. Көбүнчө биз адашыа кетик же окшош адамдар бар деп ойлойбуз. Күзгүдөгү окшош адамдар биздин дүйнөдө түбөлүккө боло алышпайт, аларды энергия алуу булагын жоготкон замат кайра күзгүгө тартып кетет.
Күзгүнүн тиги тарабына кирүү абдан оор. Адамдардын Күзгү артына киргени рамкасы жок чоң күзгүлөр менен байланыштуу, алар эң коркунучтуу параллелдү дүйнөгө соруп алчу порталдар болуп эсептелишет. Дагы бир Күзгү артына жол бул күзгүнүн сыныктары же сен аны сындырып алган учур. Ошондуктан сынган күзгү жамандыктын белгисо ботуп эсептелинет. Сынык күзгү аркылуу адам тиги дүйнөгө барса, кайра келүү мүмкүнчүлүгү жок калат.
Тиги тарапта эмне болуп жатат? Льюиса Кэрроллдун белгилүү “Алиса керемет талаасында” жомогунан, башка чыгармалардан жана фильмдерден ал жакта баары маанисиз жана тескери деп божомолдосок болот. Дагы эле чыныгы далилдер жок, ошондой эле Күзгү артына баруу жана келүү далилдери жок, ошондуктан уламыштар жана ырымдар фантазия болуп эсептелинет жана аларга күнөм салуу болот.
Святок учурундагы белгилүү орустардын төлгө салуу ыкмасы – бул келечектеги күйөөнү билүү. Жаш кыз караңгы бөлмөдө бири биринин маңдайына эки чоң күзгү, жана алардын ортосуна күйгүзүлгөн шамдарды койот. Атайын сыйкардуу сөздөрдү айтып ал бири биринин чагылышынан пайда болгон күзгү коридоруна карайт, ал жакта күйөсүнүн элеси чыгат. Албетте күйөөгө тийүүнү каалап турган кыздын ойуна , жана сыйкырдуу атмосферада жүргөндө каалаган нерсе көрүнүшү мүмкүн. Көбүнчө мындай ритуалдар истерика жана нервтин үзгүлтүккө учуроосу, сүйлөө мүмкүндүгүн жоготуу, кекечтенүү, кээде жаман оррулар менен бүтөт. Кыздар жиндерди жана шайтандарды, өздөрүн башка келбетте көргөндөрүн айтышат, ошону менен бирге күзгү коридоруна тартуу сезгендерин айтышат. Мындай аракеттер абдан күчтүү, кыйын энергетикасы бар жана ар кандай күчтөргө туруштук бере алган магдар менен гана жүргүзүү болот.
Азырка заманда күзгүсүз туруу мүмкүн эмес, ал приборлордо, фотоаппараттарда, унааларда, медицинада, техникада жана башка көптөгөн нерселерде колдонулат. Ар түрдүү кыйшыктыктагы күзгүлүлөр колдонулат – чуңкурайган, томпок. Бардыгыбыз күлкү бөлмөсүндө болгонбуз жана өзүбүздүн бузулган элесибизди жыргал менен карачуу элек. Андан кийин ар дайым жакшы маанайда каласызбы?
Дагы бир күзгүнүн мистикалын мүмкүнчүлүгү бул биринчи каранган кишинин энергиясын энергияны сактоо жана аны кийинки кишиге өткөзү. Мына ошол үчүн көп адамдар жүргөн жерде күзгүгө карануу керек эмес, ошондуктан жаныңызда өз күзгүңүз болушу керек.
Күзгүдө жаман жандар жана вампирлер күзгүдөн көрөнбөйт, анткени алардын өз энергиясы жок жана алар күмүштөн коркушат деген миф бар.
Укмуштуу “Козырев күзгүсү” деген илимий феномени белгилүү, ал аны ойлоп чыгарган Н. Козыревтин атынан коюлган. Килтейген алюминий темир баракты күзгүдөй жаркыраганга чейин жылмартып, спираль сымал орошкон. Эгер адам бул спиралдын ичине кирип жана ал жакта бир нече убакыт болсо, анда ал укмуштуудай элестерди көрө баштайт. Булар жеке элестер же бабалары менен болгон байланыштар, кээде башка дүйнөлөргө жана башка планеталарга баруулар болушу мүмкүн.
Азырынча Күзгү артындагы дүйнөгө же күзгү аркылуу абдан кооз болуп көрүнгөн фантазия дүйнөсүнү саякат кылууга бул жалгыз белгилүү ыкмалардын бири."
Уландысын билүү