Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Байыркы пирамидалардын сыры
"Албетте, Египетте жайгашкан, белгилүү Хеопс пирамидасы ар бирибизге билгилүү. Мындай чоң имараттын куруу себеби башкаруучуларга килтейген күмбөз куруу болгон. Ал эми ал андай эмес болсочу?
Чынында пирамидалар бүткүл дүйнөдө жолугат. Азырынча аларды же алар жайгашкан жерди байлаштырган кандайдыр бир система бар экендигине так ишенич жок жана алардын пайда болушу учурообу же кокустукпу. Бир дагы пирамида күмбөз эмес.
Демек, пирамиданын негизги багыштоосу башкада болушу мүмкүн. Балким байыркы египет эли жөн эле негизги курулуш багыштоосуна күмбөздү дагы кошуп коюшкан, аны менен бирге Тутанхамонго сиңирген эмгек жана ардак көрсөтүшкөн, эгер ага ушундай барктуу жана маанилүү жерде жатууга уруксат берилген болсо. Анда негизги функция кандай? Эмнеге бул жер мынча маанилүү жана өзгөчө?
Дүйнө жүзү боюнча өзүнчө турган пирамидалар, ошондой эле үчтөн он алтыга чейин курулуш турган комплекстер бар. Алардын баары ар башка көлөмдө, жана бийиктиги жүздөн эки мин метрга жетет. Алар жайгашкан жер боюнча айырмаланат: кээ бири тоодо, кээ бири чөлдүн ортосунда же өткүс джунглийлерде жайгашкан. Пирамидалардын пайда болушун байырка цивилизацияларга, элдерге жана инопланетяндарга кошушат. Бул курулуштарды формасынан тышкары эмне байлаштырат?
Ар бир пирамида так белгилденген түрдө орнолгон дүйнөнүн тараптарын так көрсөтүп. Анда мунун бир функциясы - килтейген компас. Кээ бир пирамидалардын окшош медианаларда жайгашкан градустары бар, болжол менен түндүк кеңдиктеги 30-35 градус. Суроо: кантип биздин планетагы байыркы элдер мындай ченемдерди эсептеп ччыгышкан? Жана эң негизгиси, эмне үчүн?
Көбүнүн бар экени көпкө чейин жашырын болгон. Ошентип Кытай өкмөтү Монгол чегинин жанында жайгашкан пирамидага кирүүгө ченем койгон, ал эми туристтер аны 20 кылымдын башында гана көрө алышкан. Азыркы учурга чейин байыркы курулуштарды изилдөөгө жана туристтерге кирүүгө тыюу салынган. Бул бүтүн жети курулуштан турган пирамида комплекси, алар түндүктөн түштүккө жайгашкан, бою боюнча эң чоңдон, ал Хеопс пирамидасына кичине бийик, кичинекейге. Пирамиданын кырлары ар түрдү түстө боёлуу: түштүк – кызыл, түндүк – көк, чыгыш – ак, ал эми батыш – жашыл. Пирамидалар чоподон жасалган дешет. Ал жакта буттун издерин көрсө болот, ал эми комплекстин өзүндө бактар, бадалдар өсүп калаган жана азыр ал табигый ландшафтка ылайык келип калган.
Табышмактуу Тибет пирамидаларын көңүлсүз калтырып кою болбойт, аларды 1999 жылы төрт кишиден турган орус экспециясы тапкан. Курулуштар абдан тоого окшош, бирок көптөгөн изилдөөлөр, бул курулуштар жөн эле тоотек эмес – булар пирамида экенин далилдейт. Комплекс бир нече пирамидадан турат, алар бирдей көлөмдө жана бири бирине тепкич сымал тыгыз жайгашкан. Бирок эмнеге мындай чоң жана көрүнүктүүү курулуштар 21 кылымда гана табылган?
Жооп жөнөкөй: Баары бул жерге көрүү үчүн, алыстан жана зыярат кылуу максаты менен келишет – Тибеттин ыйык жана табышмактуу жерлерин көрүү үчүн. Жерге келгенден кийин зыяратчылар бул дүйнөдүн кетип медитациясын баштайт жана айланада эмне бар экенин байкашпайт, изилдөөлөр жана илимий байкоолор аларды кызыктырбайт. Бирок Тибет тоолорунда зыяратчылар жердин күчүн сезишет жана балким жарык эенргияны. Бүткүл дүйнөдө сүздөй пирамида жана пирамида комплекстери бар, алар ар башка жерлерде, бири биринен чоң алыстыкта жайгашкан. Алар Америка, Европа, Бразилия, Индия, Китай, Африка, Австралия, ошондой эле Пасха аралында, Бермуд аралдарында жана Крымда жолугушат.
Кээ бир курулуштардян окшоштугу бир цивилизация же бир доордо курулганын билдирет. Пирамидалардын ичинде атыйын приборлор сакталган дешет, алардын жардамы менен башка пирамидалар жайгашкан жерлерге маалымат жөнөтүү мүмкуүн болчу. Балким алар жердин энергиясын күчтөндүрүү үчүн колдонулчу жана жергиликтүү элге күч кубат берүүчү жер болчу. Андан тышкары бул ыкма космостогу бирөөлөр менен, балким башка планеталык цивилизациялар менен байланышуу жолу болгонун жокко чыгарбоо керек.
Азыркы изилдөөчүлөр пирамидалардын жайгашканы боюнча жана алардын бири бири менен болгон өз ара байланышын анализдөө боюнча олуттуу иштерин жүргүзүп жатышат. Жакын арада биз бардык табылган курулуштардын картасын көрүүнү күтөбүз. "
Уландысын билүү