Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Шар чагылгандын сырлары
Шардык чагылгандын сыры табигый электрикалык келип чыгууларга киреп деп ойлошот. Бирок азыркы учурда бул феноменге ошону менен илимий негиз табыла элек, шардык чыгылгандын пайда болушу жана жүрүшү тууралуу биримдик физикалык теория дагы жок. Мурун кадимки чагылгандын болушу мифтик персонаждын келиши менен түшүндүрүшчү – ал байыркы Зевс асмандын, дуунун жана чагылгындын Кудайы. Алтынчы кылымдан баштап отуу шарлар боюнча эскерүүлөрдө ар кайсы тарыхый документтерде жолукса болот. Бирок аларда шардык чагылган жөнүндө айтылганы туураалуу так ишеним жок, биринчи далил болуп 1963 жылы Англиядагы, Девон графствосундагы, Вайдкомб-Мур айылында болгон окуя. Өзү көзү менен көргөн кишилердин айтымына жараша чиркөөгө килтейген жаркыраган шар кирип, дубалдан бир нече ташты жара чыпкан, ошну менен бирге терезелер жарылган, жана түтүн жана күйүк жыт пайда болгон. Шар өзүнүн ылдамдыгын өзгөртөп келе берди жана экиге бөлүнүп кетти. Алтымыштан ашык киши күйүк алышкан, төрт киши каза тапкан. Шардын бир бөлүгү эшикти жарып сыртка учуп кеткен, экинчиси дубалды жарып кетти. Бул окуя айылдын тургундарырын арасында коркунуч пайда кылган. 2010 жылга шардык чагылгандын чейин негизги түшүндүрмөсү болуп жакын жана катуу чагылгандын разрядынан пайда болгон галлюцинациялар, оптикалык алдоолор эсептелинген. Акыркы жылдарда бул табигый феномендин изилдөөсүндө бир топ эле алдыга жылуу мүмкүн болгон. Чагылган бир гана тоголок болбору билинген, ал ошондой эле сүйрү, тамчы сымал, тик жана түз жагынан чойулган болору билинген. Өзү көзү менен көргөн кишилер ар түрдү түстөрдө айтышат – ачык сары, оттуу кызыл, ачык ак, жашыл көк. Өзү көзү менен көргөн кишилердин кээ бири чагылган асмандан түшөт дешет, башкалары ал жерден чыгат же башка буюмдардан чыгат дешет, мисаалы, бак, дубал. Көбүнчө көлөмү кырк беш-элүү сантимерт болгон чагылгандар жолугат. Ошондой эле шардын диаметири бер несе метрга чейин жеткен шарлар да бар болот. Чагылган ар дайым кокустуктан жана үнсүз пайда болот. Далай ирет чагылган акырын ышкыруу жана чыдагыс күкүрттүн жыты менен пайда болот, жүрү траеториясын айтуу мүмкүн эмес, бирок “түшүнүктүү” көрүнөт, ал кырдаалды изилдеп байкоочу менен байланышка чыгууну каалагандай сезилет, кээде катып калуусу же өйдөлүгүн жана багытын өзгөртүү мүмкүн. Ошону менен бирге өзү көзү менен көргөн кишилер алрда коркуу сезими, паника жана реакция кылуусу акырындап калганы тууралуу айтышат. Чагылган алыстан өрттөп койу мүмкүн жана аң сезимди жоготууга алып келет. Ага тийүү өлүмгү алып келиши мүмкүн.
Эң белгилүү олүм менен байланыштуу окуя физика профессору Георг Рихман менен болгон. Ал атмосфералык электричествону изилдөө приборун ойлоп чыкка. Биринчи эле экспериментинде чагылгандуу жаан учурунда прибордо кызгылт сары шар учуп чыгып ошол замат окумуштууну чекесине бир коюп өлтүргөн. Жабыр таркандын кийими күйүп кеткен, бут кийими бир нече болүккө бөлүнгөн. Дене аркылуу абдан чоө күчтөгү разряд өткөндөй сезилет.
Гипотезалардын бирине ыоайык шардык чагылган чагылгандуу жаан аба ырайында катуу атмосфералык электр чыңалуусунда пайда болгон плазманын уюп калуусуна окшош. Кургак жана ачык аба ырайында, же кышында чагылгандар кайдан болору дагы эле белгисиз. Шардык чагылган жарым саатка чейин жашары белгиленген. Балким анын жашоо мөөнөтү андан да көп жана жамгырлуу маалды ал күн чыкканча жашайт? Азырынча окумуштууларга лабораторияларда шардык чагылганды жасап чыгуу мүмкүн боло элек. Мындай опыттарды Никола Тесла, Петр Капица жасачуу, бирок жасалма чагылгандардын жашоосу бир нече секундадан ашчуу эмес. Бул феномендин изилдөөсүндө жакшы эле алдыга жылгандыкка карабастан табышмактар жана сырлар дагы эле көп. Мисаалы, чагылгандын терезе жана дубал аркылуу өтүшү дагы эле түшүнүксүз, жана ага өтө алгыс тосколдуктар барбы. Электр тогун өткөрүүчү буйумдар менен жолуккандан кийин чагылган разряд кылынып жарылып кетпеги тангалыштуу. Анын өңүн, кыймылын, формасын өзгөртүү процесси анын ичинде.
Шардык чагылган феноменин изилдөө боюнча олуттуу жыйынтыктарга профессор Игорь Стаханов жетишкен, ал чагылган полярдык малекулалар менен, көбүнчө суу малекулалары менен, тегеректелген, иондордун уюп калысуу менен пайда болгону тууралуу кластердик гипотезаны ойлоп чыккан. Бирок анын сөзүн далилдөө мүмүкүн боло элек.
Заманбап техника шардык чагылганды сүрөтткө жана видеого тартып алуу мүмкүндүгүн берет, бирок алар окумуштууларды чындыкка жакындатпайт. Алардын көбү чагылганды табигый шарттарда кармоо аракеттерин жүргүзүшөт жана аны лабораториядан изилдөөгө, бирок анын качан жана кайда болорун айтуу мүмкүн эмес.
2012 Тибет платосунда эки изилдөөчүгө спектометрдын жардамы менен шардык чагылганды белгилөө мүмкүн болгон. Болгону прибор менен белгиленген жарым секундалык жарыктык ачылыш жазоого мүмкүндүгүн берген: чагылганда иондолгон азоттон тышкары топурактагы кальций, темир, кремний бар экенин аныкташкан. Ошентип окумуштуулар чагылган чагылгандуу уруу менен абага ыргылган топурактардын бөлүктөрүнөн пайда болот дешкен. Бирок бул бөлмөнүн ичинде, бийиктикте анан дагы суу астында жүргөн кемелердин ичинде чагылгандардардын пайда болушун түшүндүрбөйт.
Окумуштуулардын шардык чагылгандын изилдөөсүнөкызыгуусун өстүрөт, изилдөөлөр жана эксперименттер уланууда. Жакын арада илимий иштеринин жыйынтыктарынын сенсациялуу билдирүүлөрүн күтөбүз."
Уландысын билүү