Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Сырдуу Пасха аралы
"Сиз сүрөттөрдө же открыткаларда жашыл эңкейиштин ортосунда турган мол таштарды көрдүңүз беле? Алар моаи деп аталышат жана Пасха аралында жайгашкан. Ал мындай деп аталганын себеби биринчи европадан келгендер, аралга келип ал жака 22 апрель 1722 жылы биринчи Пасха күнүндө биринчи жолу түшүшкөн. Аралды голанд саякатчы Якоб Роггевен ачкан. Арал дүйнөдө эң алыскы жер болуп эсептелинет. Жакынкы кургак жерге уч жарым миң километр. Моаилер түз туруп ичин кармап турган адамдардын статуясы. Бардык статуяларда беттери окшош: чоң мурун, кысылган эриндер, көздүн ордуна тереңдештер жана абдан узун кулак. Ал эми өлчөмдөр тууралуу айтсак, алардын орточо бийиктиги 10 метр, ал эми салмагы 60-80 тонна. Таш буттар (жасалма кудай) ныкталган вулкан күлүнөн жасалган. Жергиликтүү уламыштарга ылайык аларда ата-бабалардын күчү сакталуу.
Узун кулактар жергиликтүү “узункулактуу” элинин мүнөздүү белгиси болчу, алар айтайын кулактарына оор нерселерди илип койчу, кулакты чою үчүн. Бул эл өмүр бою дагы бир аралда жашаган эл “кыскакулактуулар” менен согушуп өткөн. Алардын кулактары кадимки болчу.
Аралга европалыктардын кемеси келгенде, аборигендер аң-таң болуп калышкан: эмнеге жергиликтүү душмандарына окшош адамдар таң калтырарлык кийинишкен, түшүнүксүз тилде сүйлөшөт жана жанында абдан коркунучтуу жана кызык нерсеси - пистолети бар.
Бул аралды ачкандан кийин, дүйнө биринчи жолу буттар менен кызыга баштаган, аймагы болгону жүз алтымыш квадраттык метрда алардын саны миңге чейин. Кызыктуусу, алардын кээ бирөөсү жарыктыктын тарабында укмуштудай тууралыкта коюлган. Мисаалы, эңкейиштердин биринде бир жакты карап төрт моаи турат. Мына ушул тарапта күн түн теңелүүдө горизонттон күн чыгышын көрүү болот.
Аралда бардыгы кадимкидей эмес жана кызык. Эмнеге тамактын асына карабастан жана чектелген ресурстар менен жөнөкөй үй салуунун же кадимки керектүү нерселерди жасоонун ордуна жергиликтүү тургундар таанылгыз балыктардын сөгүнөн жасалган жасалгаларды тагынып жана укмуштуудай чымчыктардын жүндөрү менен баш кийимдерди кийип жүрүшкөн? Эмнеге ар дайым буттарды салган эл бир учурда таш чыгаруучу жайды калтырган? Эмнеге алар аралга мурунку күчтү берүүгө аракет кылышпайт?
Өткөн бир убакытта аралда килтейген бактар, лиандар бар болчу, бул жерде көптөгөн жер-жемиштер өзчү, ал эми токойлордо ар түрдүү чымчыктар жана айбанаттар жашачуу, адамдар мерген кылчуу, чарбачылык менен алек кылчуу, балык кармачуу. Бактардан алар кайыктарды жасачуу жана коңшулаш аралдарга бара алышчуу, ал эми лиандардан аркан түйүшчүү. Аралдын топурагы вулкандардын күлүнүн себебинен абдан жемиштүү болчу, аба-ырайы ар түрдүү флора жана фауналарга жагымдуу болчу.
Бул аралга элдер жакынкы аралдардан келишкен дешет. Биринчи элдер башка керемет-аралга кол салган элдер менен согушкан. Аскерлик эмгектери үчүн аларды урматташчуу жана вождь өогөндөн кийин ага арнап мол таш жазашчуу. Бул жерде салттарды абдан барктачуу.
Эмне болгон? Эмнеге арал бир заматта эле мынча кедей болуп калган?
Балким бактарды кыйуу, жаныбарларды өлтүрүү менен эч ким табият ресурстары кантип кайра өэ калыбына келерин ойлогон эмес жана убакыт өткөндө ал жоголуп кеткен. Көптөгөн токой өрттөрү болгон. Жергиликтүү тургундар аны кантип өчүрүүнү билген эмес.
Аборигендер чын дили менен вожддордун наамына алар жасаган мол таштар аралды кандай болбосун кырсыктан куткарып калат деп ишенишкен: согуштан, ачарчылыктан, өрттөн жана башка кырсыктардан, жана ошондой эле болгон. Жергиликтүү уласыштарга ылайык моаилерде ата-бабалардын укмуштуудай күчү бар болчу дешет. Бул күч мана деп аталат. Ал эми мындай мол таштарга сыйынуу ата-бабалардан калган салт дешет. Бирок бөтөн жердиктердин келиши менен, аралга башка салттарды алып келиши менен алардын натыйжасы өзүн күттүргөн жок. Аралды кызыккан деңизде жүрүчүүлөр талкалаган, алар таш доорунда жашаган, бирок керемет-аралы бар жана таш колдочуулары бар элди көрүүнү каалаган.
Мол таштарды жасоодожергиликтүү тургандар мыктылыкка жетишкен, мындай килтейген скульптуралардын тактыгы таңкалдырат. Анын үстүнө алар атайын жабдуулар менен колдонбостон, эң эле жөнөкөй жалбуулар менен жасалган. Абориген кантип ушундай килтейген статуяларды ордунан жылдырганы табышмак болуп калат. Аталган жердин рельефье кырдалган топурак чачып же устундар менен моаилерди ордунан жылдыруу мүмкүн эмес болчу. Аборигендер ошону менен өздөрүнүн чеберчилигинин сырын айтышкан эмес. Бара-бара, европалыктар менен алып келинген ооруларынын себебинен жергиликтүү журт кырылып калган. Эмнегедир арбактар өзүнүн сыйынгандарын коргообой калган. Балким алар журттун башка кудайлар менен көбөйүүшүнө тарынган чыгар?
Азыркы окумуштуулардын пикири боюнча мол таштар абдан көп жыл мурун чыккан, колумбиядан мурунку цивилизацияда дешет, анда дамдардын бою 10 метрга чейин жетчү. Демек статуялар адамдын бою менен тең болчу экен жана алар көбүнчү жергиликтүү вожддорго окшош болчу. Бул чындыкка окшошот. Бирок мол таштардын өз жерин коргообого эмне себеп болгону дагы эле табышмак. "
Уландысын билүү