Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Кыялдын сыры
"Түш көрүү – бул биздин организм менен болуп жаткан эң эле табышмактуу көрүнүш. Бизде түш бар болуунун себеби дагы жле табышмак, окумуштуулар муну жандыруу аракеттерин көп жылдан бери жүргүзүп жатышат. Түштүн пайда болушунун далилдери жана түшүндүрмөөлөрү жок. Кээде түш көрөт, кээде жок, жана бул процесс адамдын көзөмөлдөөсүндө эмес.
Бир гана адам жана бир нече сүт эмүүчүлөр түш көрө алышат. Бирок адамдыкы алар түстүү же кара-ак болот. Кооз түштүн көрүнүшүү биздин физикалык абалга, маанайга, баштан өткөргөн окуяларга, ойго жүргөндө физикалык активдүүлүгүбүзгө байланыштуу болот.
Уйку албалынан өзгөчөлүгү бир гана чындыкка окшош кооз сүрөттөрдү көз алдыбызда көрүү гана эмес, бул организм эс алуу үчүн бөлүнгөн убакыт. Дене бошоп, органдар өз калыбына келип жатканда, мээбиз “фильм” көрсөтүп турат, ошону менен биздин денебиз убактышуу шалдыраап калат.
Уйку маалы жай жана ылдам уйку фазаларына бөлүнөт, жана алар алмашып турушат. Уйктап бараткан учурда, белгисиз себептерге байланыштуу биздин мээбиз Ааламдын жыштыгында болуп калат жана бул эң баалуу жана сыйкырдуу маал болуп эсептелинет, бул учурда пайда болгон ойлор чындыкка айланат. “Өңдө түш көрүү” деп аталган уйкуга батып бараткан учур бизди санаа кылып жаткан суроолорго жооп алуу мүмүкүндүгүн берет. Бизге санаалуу маселенин чечилиши кирүү мүмкүн же биз тынчып калабыз дана кыйынчылык өзүнөн өзү эле чечилип калат. Кээ бир адамдар, күч менен, мисаалы, математика эсебин чыгарып жатып, жоопторун түшүндө табышкан, ошону менен бирге ойгонгондо эмне кылыш керегин эстешкен. Уктап бараткан учурда биздин мээбиз эс алууда жана ал күндүзү бою биздин оюбузда айланып жүргөн, бизге эң маанилүү маселени, бардык кереги жок ойлорду жокко чыгарып, аныктай алат. Мээге бара турган импультардын көбү ойлобостон өтөт, ал эми мээни ой менен максатка багытоону айтпаганда. Ошентип түштө бир гана биздин мээбиз туура тандаган бир гана максат жана жоопту табыш үчүн чексиз ресурстар бар. Мындай окуя Дмитрий Менделеев менен ал бир нече күн химиялык элеметтеринин таблицасын түзү жана системалоо иштерин жүргүзүп жатканда болгон. Жооп түшүндө келеген, бардык билимдер өз ордуларына системалашып жана жайгашып калган. Уйкуга батып бараткан учурдун мүмкүнчүлүктөрүнүн өлчөмүн элестетүү абдан оор.
Терең уйку фазасында же аны жай уйку деп дагы аташат, бизди ойготуу абдан оор. Бул учурда биздитн органдар иштеп турат, татаал физиологиялык процесстер жүрүп жаткан болот.
Бирок биз бир нерсе менен, ойго жүргөндө болгон кандайдар бир окуя менен капаланган болсок, жарчасак, бизге уктоо, мээни жана денени эс алдыруу абдан оор, катуу уйкуга батуу мүмкүн эмес. Куш уйку болуп, кичинекей үнгө эле ойгоно беребиз. Мындай абал картаң адамдарга мүнөздүү.
Кызыктуусу, адам түшүндө боло турган окуяларды көрө алат, аян берүүчү же кеңешме түштөр деп аталган. Кызыктуусу, уйкуну изилдөөчү илими – сомнология жана түштөрдү изилдөөчү илими – онейрология, дагы эле аян берүүчү түштөр жөнүндө суроолорго жоопторду табыша элек. Байыркы замандан бери түш көрүү бул тиги дүйнө менен байланыш каналы деп эсептешкен. Чыныгы эле бул альтернативдүү ааламдын бардыгын далилдейби? Же тескеринче, окуялар алдын ала чечилгенби жана бил аларды түшүбүздө көрүп жана башыбыздан өткөрө алабызбы. Дайыма түшүбүздөгү окуялар шифрдалган түрдө келет. Бур тууралуу урпактардын тажрыйбасы жана билимдерине ылайык түзүлгөн көптөгөн талкоолор жана түш жоору китептери бар. Ар дайым ким бизге түшүбүздө мындай маалыматтарды айтары табышмак? Биздин өлгөн бабаларыбыз деген пикирлер бар. Анкени көп адамдар түшүндө өтүп кеткен адамдарды көргөнүн, алар менен сүйлөшүп жанга баалу кеңештерди алганын айтышат. Психологтор мындай байланышты биздин акылыбыздын жана кабыл алуубуздун кандайдыр бир абалы менен түшүндүрүшөт. Балким түштөр Ааламдын килтейген маалымат талаасынан келет.
Кызыктуусу, түштөр абдан ачык жана эсте калуучу болот, бирок алар болгону беш пайызды түзөт. Көбүнчө түштөр турарыбыз менен унутулуп калат.
Дарыгерлер бардык адамдар түш көрүшөт, бирок көбү аларды эстеп калышпайт дешет. Эмнегедир алма ширеси уктардын алдында кооз жана жагымду сүрөттөрдүн пайда болушуна жардам берет.
Түш менен дагы көптөгөн суроолор байланышта – эмнеге кишилер түшүндө сүлөшөт, эмнеге түшүндө басышат (лунатик) – же бул Ай менен балыныштуу бу? Эмнеге көптөгөн чоң адамга жакшы эс алуу үчүн сегиз саат уйку керек, ошщондой эле эки-үч саат ичинде өз калыбына келип калган уникумдар дагы бар. Жандырмаларын биз дагы табышыбыз керек. Ал эми азырынча жаңы сыгылып жасалган алма ширесин ичип, таттуу уйку дүйнөсүнө жөнөөнү сунуш кылабыз. "
Уландысын билүү