Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Печерск феномени
"Ыйык успен Псков-Печер монастырынын аты ал жакта жайгашкан үңкүрлөр менен байланыштуу, байыркы саманча аларды печорлор деп аташат.
Монастырдын аймагы эки дөбөнүн эңкейишинде жайгашкан. Үнкүрлөр Каменец суусунун жээктеринде жайгашкан.
Монастырдын тарыхы 1473 жылы, улуу Ион дөбөдө Кудай Эненин үңкүр чиркөөсүн казгандан башталат. “Кудайдан берилген” дөбөдөгү үңкүрлөр чиркөө салынганга чейин эле пайда болгон. Монахтар дөбө жана үңкүрлөр Кудайдын жаратканы деп эсептешет. Монастырдын уламышына ылайык үңкүрдө бириинчи көмүүлөр болгонда дубалдарында Кудайдан берилген үңкүр деген жазуу пайда болгон дешет, ошону менен аты бул жерлерде сакталып калган. Ошону менен бирге өлгөндөрдү көмүүсүз калтыруу правослатардын негизги принциптерине каршы болот. Монах тын өлүгү менен гробту жерге көмүү биринчи аракеттери керемет менен өткөн: эртең менен ал үстүүдө болуп калчу. Кайрадан жаназа окуп, өлүктү баардык эрежелерди сактоо менен кайра жабышчы, бирок керемет кайра кайталанчу. Ошондон бери бардык өлүктөр үңкүрдүн ичинде жердин астында, бирок топурак менен көмүлбөйт. Гробтор атайын жасалган нишаларда турат жана алрдын капкагы мык менен урулбайт. Үңкүрлөрдө табигый түрдө плюс 10 градус болгон температура кармалып турат.
Үңкүр комплекси жакын жана алыстардан турат. Жакын үңкүрлөрдүн узундугу он беш метрга чейин, аларда ыйык Марк, Ион, Лазяр жана Вастын күмбөздөрү бар.
Алыскы үңкүрлөр монастыр мазары болуп эсептелинет, анын узундугу эки жүз метр жана ал жети галерея-көчөө сымал. Галереяларды ар учурда узартышкан жана кеңейтишкен. Башында үңкүрлөр мол таштарды көмүү үчүн гана колдонулган. Кийин бул жерге барктуу тургундарды: кнызьдарды, дворяндарды, храмдын куруучуларын, зыяратчыларды жана монастырдын коргоочуларын көмө башташкан.
Учурда үңкүрдө бир гана монастр кызматчыларын көмүшөт. Монахтарды бешинчи жана алтынчы көчөлөрүндө көмүшөт. Алардын көргөлөрүн достук деп аташыт, анткени көптөгөн гробторду топурак менен көмбөстөн бир чоң рекреацияга батырса болот. Көптөгөн учурладрада грробтор бири биринин үстүнө койсо болот. Үңкүрлөрдүн дубалдарында керамид плиталары орнотулган. Керамид плиталар – булар ким, качан жана кайда көмүлгөнө тууралуу жазуу менен плиталар. Керамиддер ар түрдү техника менен жасалган жана чыныгы искусство чыгармачылыгы.
Учурда көмүлгөндөрдүн саны он төрт миң адамды түзөт. Биринчи көмүүлөр он бешинчи кылымда башталган.
Үңкүрлөрдүн феномени бул өкүктөрдүн чирик жытынын жоктугу. Андан тышкары маал маалы менен үңкүрлөрдө жыпар жыт сезилип турат. Монахтар муну Кудайдын кермети деп эсептешет, ал эми окумуштуулар, атеистер жана башка скептиктер чындыга чыгууну жана бул көрүнүшкө аргуметтик түшүндүрмөлөрдү табуу аракеттерин кылышат.
Чиркөө өзүнүн макулдугун бергенде монастырдын аймагында экспериметтер жүргүзүлөт, жерлер анализге алынат.
Эң жөнөкөй түшүндүрмө бул күнүмдүк өлүктөрдүү майлуу жыпар жыттар менен майлоо. Бирок минтип монастыр жашоосунун негиздеринен алыс болгон жана печер көргөлөрүнү көлөмүн билбеген адам гана ойлой алат. Башка варианты чытты жергиликтүү кум ташчылар сиңдирчүү деген далилдер. Бул версияны далилдөө үчүн эксперименттер жүргүзүлүдө. Моныстырдын жанына ошондой эле үлгүдөгү дөбөдө бир нече ошондой эле температура сакталган чоң эмес үңкүрлөр казылган. Үңкүргө гүл, жержемиштерди жана жашылчаларды калтырып койгондон кийин алар бузулуп жаман чирик жыт бере баштаган. Бирок зыяратчылар монастырдын үңкүрүндөгү көргөгөлөргө алып келген гүлдөр жыпар жытана баштайт. Жер жемиштер жана жашылчалар көпкө чейин жакшы бойдон кала берет, ал эми абдан көп убакыт өтсө кургап калат да эч бир жаман жыт чыгарбайт.
Архимандрит Алипий, мурунку монастырдын насаатчысы бир жолу делегацияны узатып бара жатып жөнөкөй ыкма менен кум таш жыттарды сиңирберин далилдеген. Ал жолукту совет адеколону менен сиңдирип аны келгендерге жытаткан, экскурсовод мына кум таштын жытты сиңирип алуу уникалдуу касиеттери тууралуу айтып жатканда катуу атыр себилген жалок жердин астында болчу, мына ушул узатып жүргөн тарыхчыны абдырагандыка алып келген, ал эми коноктор ыйык жердин кереметтерине таң кала беришти. Эмнеге кум таш бул жытты сиңирген эмес? Андан тышкары жакында гробторго монахтар алып келген розалар эшиктегиден дагы күчтүү жыпар жыттанып турду.
Кызыктуусу, үңкүрлөрдө ар дайым салкын жана дем алууга жеңил, абада кислород бар.
Көрүнүктүүсү, Псков-Печер монастыры эч качан жабылбаган Орусиядагы жалгыз монастырь. Тарыхчылар муну 1920 жылдан 1945 жылга чейин монастырдын аймагы Эстонияга тийиштүү болгон деп түшүндүрүшөт. Монахтар бул монастырдын кудайдан жаралгандыгынын далилдөөсү дешет.
Архимандрид Алипий: дүйнөдө биздин акылыбыз түшүнө албаган көп нерселер бар экенин кабыл алууга учур келгендир? деп айткан."
Уландысын билүү