Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Анормалдуу аралдар
"Кинолордон жана жомоктордон көбү укмуштуудай, табышмактуу ажыдаар же коркунучтуу жандар менен же кемелерди өлүмгө тарткан аралдар жөнүндө билишет. Бирок азы мындай ажыдаар-арлдар чыныгы эле бар экенин билишет.
Мындай аралдардын бири Атлантиканын түндүк тарабында жайгашкан, анын аймагы Канадага тийиштүү. Жакынкы кургак жерге Жаөы Шотландияга болгону жүз сексен километр, океандын көлөмү боюнча анча деле алыс эмес, бирок кемелер үчүн коркунуч даражасы боюнча аны менен теңдер жок. Аралдын формасы жарым айдай жана узундугу кырк эки километр жана максималдуу эни бир жарым киломертды түзгөн кум үймөсүнө окшош. Тымызын түрдө аралды “Атлантиканын мазары” деп аташат. Анын жакын аралыгында үч жүз элүү кеменин кыйрооосу белгиленген. Аралдын географиялык аталышы Сейбл, англисчеден которгондо “кара - кайгылуу”, французчадан “кум”. Бул арал жылуу Гольфстрим агымы менен муздак Лабрадор агымы жолуккан жерде жайгашкан, ошонун натыйжасынан эң күчтүү айлампалар пайда болот. Жыл сайын агым аралды эки жүз метрга жылдырат, ошентип жүз жыл ичинде ал жыйырма киломертга жылгынга жетишет. Ошондой болсо дагы анын жүрүшү агымдардын таасирине байланыштуу алмашат. Аралдын батыш жагы толкундар менен жуулуп турат, ал эми чыгыш тарабы жаңы кумдар менен чогоюп турат. Кумдар ушунчалык тиштүү, жээке чыгарылган кемелер бир нече айдан кийин жытып кетишет. Эксперимент катары окумуштуулар аралга бактарды тигип көрүшкүн, бирок аракеттер натыйжа берген эмес. Кыска чөптөрдөн башка өсүмдүктөр өспөйт. Аралдын өзгөчөлүгү, таптакыр жалпак жана чыгып турган рельефтери жок. Андан тышкары кумдун өңү океандын өңүнөн бир тускө гана айырмаланат. Аралды алыскан көрүү мүмкүн эмес, өзгөчө шторм учурунда. Сейблдын так жайгашкан жерин спутник аркылуу гана аныктоо мүмкүн, ошону менен бул жердеги навигацияны оордоштурат жана кыроого көп алып келет. Арал менен көптөгөн уламыштар байланыштуу, аларда арал кемелерге мерген кылган тирүү ажыдаар сымал көрсөтүлүнгөн. Эч ким эч качан аны толугу менен көргөн эмес, кээде моряктар анын агып чыккан далын гана көрүшкөн. Окумуштуулар убакыт менен бирге арал толкундар менен жуулуп жоголот дешет. Бирок табылгандан бери, он алтынчы кылымдан бери, ал бир чоңоюп бир кичирейип турат, андан тышкары ар дайым жылып турат, ошону менен “тирүү” деген наамга татыктуу болгон. Сейблдын жандуулугу ал эч бир тектоникалык плиталар менен физикалык байланыша жок экенин божомолдого себеп берет. Бардык аралдарда тектоникалык плиталарда жайгашкан тоолор бар жана кадимки аралдын ордунан жылуусу жылына бир миллиметрды деп эсептелинет.
Тарыхый маалыматтарга ылайык 1939 жылы аралдын аймагында бир нече штормдук бороондон болгон, анын натыйжасында эң чоң үстүдөгү каты жуулуп кеткен. Кийинки аралды изилдөөгө келген экспедиция жээкте килтейген аңды табышкан, анын ичинде сорулуп кеткен кемелердин калдыктары көрүнгөн. Табылган артефактарды алып чыгуу мүмкүн болгон эмес, анткени шамаал жана толкун жаңы кумдарды алып келип окумуштуулардын тапкандарын көмүп салган. Аралда болгон изилдөөчүлөрдүн арасында дагы ал жандуу экен деген шектер пайда болгон. Кнадалыктар Сейбл аралында метеорологиялык станция орното алышкан жана маал маалы менен ал жерде бешке чейин адам жашап турат. Аралдын кантип пайда болгону тууралуу изилдөөлөр токтоосуз жүрүп турат. Окумуштуулар анын маңызын изилдөөгө жана жүрүшүн алдын ала божомолдоого ишенишет, жана ал бир нече Жаңы Шотландиянын жанында навигацияны жеңилдетмек.
Тихий океанда, Гавайи аймагында жайгашкан Атолл Пальмир аралын мистикалын деп айтышат. Арал тропикалык бейишке окшош – ак кум, экзотикалык өсүмдүктөр – пальмалар, ячык гүлдөр, караллдуу рифтер, тунук лагуналар. Бирок арал аномалдуу болуп эсептелинет, анткени анын аралыгында кемелер жана учактар кыйроого учурашат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда америкалыктар бул жакта кичинекей аскер аэродромун курган. Бирок аралда болгондордун баары депрессияга түшүп калчу же психикалык бузулушу байкалчу, же болбосо өзү өзүнө кол салчу. Америкалыктардын жайкы аскер командасы тарап штабтын тапшырмасын аткара алган эмес. Аскерлдердин бейбаш жүрүш турушу ошону менен табышмак болуп кала берди.
Эң эле күчтүү аномалдык зона деп Индонезияга тийиштүү Булаван аралын айтышыт. Аралдын аймагы болгону беш квадратуу километр. Ал учактын кайрышынан жана Вилли Ван дер Хааг учкучунун кереметтүү аман калышынан кийин белгилүү болгон. Ал жакта жүрүүсү көпкө созулган эмес, учкучту аралдын жанынан сүзүп бара жаткан австралия кемеси куткарган. Аралда жүргөн учурда Ван дер Хааг алтып жана кызыктуу тыйындарды таап чыккан. Эксперттер ал кайсы цивилизацияга тийиштүү экенени далилдей алышкан эмес. Табышмактуу бай арал табылганы тууралуу маалыматтардан кийин ал жакка толтура кенч издөөчүлөр жөнөшкөн. Кээ бири кенч менен келчүү. Бирок келгенден кийин бир-эки, максималду төрт жыл өткөндөн кийин баары табышмактуу жагдайларда кыйноо менен өлүмгө учурашчуу. Аралды изилдөө иштерин жүргүзүүдөн кийин бул жакта аба ырайы ылдам алмашып турары аныкталынган жана абдан күчтүү геомагниттүү четтөөлөр байкалган.
Бардык табышмактуу жана түшүнүксүз аномалдуу аралдык зоналар окумуштуу-изилдөөчүлөрдү чындыкка чыгуу жана мистикалык окуяларды түшүндүрүү үчүн кызыктырат. Бирок зырынча табышмактар алардын жоопторуна караганда көп. "
Уландысын билүү