Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Убакыт саякат
"Мына көп убакыттан бери окмуштуулар мындайча айтканда убакыт машинасын ойлоп чыгууну аракет кылышат. Адамзат бир убакытта аппаратка отуруп, кнопкасын басып бир заматта мейкиндикти жана убакыт арасында өтүү болоруна ишенет жана күтөт.
Учурда убакыт арасында саяк кылуулар болуп жатат, жана буга машинанын кереги жок. Анткени маал - маалы менен өткөн учурда келеркиден кишилерди жана тескеринче көргөн тууралуу окуялар чыга баштады.
Мисаалы, белгилүүлөрдөн болуп, 1940 жылы Канадада жаңы көпүрөнүн ачылыш аземинин сүрөтүндө жазылуулары менен толстовкачан, очкичен жана фотоаппараты менен эркектин так көрүнгөн сүрөт эсептелинет. Бул жаш жигит костюмчан жана шляпачан мырзалардан айырмаланып турат. Чынында эле мезгил саякатчысыбы?
Башка окуя 1950 жылы, бир ууна 29 жаштагы эркекти сүзүп кеткенде болгон. Жаш жигит Рудольф Фетц болчу. Ал он тогузунчу кылымдын модасына ылайык кийинген болчу, андан тышкары анын жанында сыра үчүн жез маркерин, 1876 жыл деп датасы коюлган катты жана аттарды кароо боюнча мыйзам долбоорун, ошондон тышкары акчаларды жана ошол замандагы визиткаларды табышкан. Бул окуяны изилдеген полицейский, Рудольф Фетц деген кишит 1876 жылы жоголгон деп жарыяланганын аныктап чыккан. Балким ал өзү аны сезбей 1876 жылдан 1950 жылга түшүп калаган, жолдун так ортосуна жана дароо машина аны коюп кеткен. Мындайдын кантип болмок эле?
Убакыттын бир кабы бар жана ал шамаал сымал орун алмаштыра алат деген пикир бар. Тилекке каршы биз аны көрө албайбыз. Кээ бир жерлерде анын, чуңкур деп аталган жыртыктары бар, алар адамды бир аз же тескери, чоң убакыттын бир бөлүгүнө өтүп кеткен же келерки мезгилге бир заматта ыргытып жибериши мүмкүн. Адам өзү турган ошол эле желге, бирок башка убакытка, башка доорго түшүп калат дешет.
Америкада бир окуя болгон, жаш аял жеке психологко кайрылган. Ал шашпай көчөдө кетип баратып, бир маалда айланасында өткөн мезгилге түшүш калгандай, кызыкча кийинип жүргөн адамдарды байкаганын айтып берген. Айланадагылар ага дагы таңгалышкан.
Британ учуучусу Виктор Годдар 1935 жылы учуп бараткан учурда ал ылдыйды карап төрт сары учак, аэродромдо конуп турганын жана көк комбинезончон механиктерди көргөнүн айткан. Бирок ал учурда аэродром жаңы салынап бүткөн болчу, жана башка учактардын болушу мүмкүн эмес болчу. Механиктер көк комбинезондорду бул окуя болгондон кийин төрт жылдан кийин гана кие башташкан, жана учактарды сары тускө болжол менен ошол учурда башташкан.
Аскер учактарынын радардан жоголуп кетип кайра бир заматта ошол эле жеоде пайда болгон учурларда бар. Бул жаңы технологияларды текшерип жаткан мезгилде богон. Анын максаты душмандардын радарларына кармалбоо болчу. Максатка жеткенде болчу, бирок экипаж учактар жоголгон учурда, бардык приборлор иштебей калганын жана орун алган жерди көрсөтпөй калганын, ал тургай сааттар токтоп калганын айтышкан. Команданын баары убакытта алмашканын айтышат. Бүтүн кеме! Бирок жерден аларды байкаган диспеьчерлер аларды жинди болуп калды деп жакын арада проекти жабышкан.
Жөн эле орун алмашуудан тышкары башка кызыктуу окуялар да бар. 2000 жылдын башында биржадагы коюмдарды контролдогон полициянын атайын бөлүмү шектүү ойночууну байкаган, ал кыска мөөнөттүн ичинде абдан кооптуу коюларды жасап, дүнүйө жасаган. Полиция ал биржанын кызматчылары менен бирге деп ойлогон. Бирок жаш жигит аны жокко чыгарган. Андай болсо дагы, бардык өзгөрүүлөрдү мындай тактык менен табуу мүмкүн эмес. Анын сөзү боюнча ал 2234 жылдан келген! Бирок ага эч ким ишенген эмес, анткени жаш жигит ал келген машинасын көрсөтүүдөн же башка далилдерди берүүдөн баш тарткан. Ал аны койберүүнү жана өз убакытына кетүүнү суранган, ал ЖИКСтен (жуктурулган иммункем синдрому) каршы жана рактан каршы дарылар жөнүндө айтып берем деген, бирок аны жинди болуп калган деп психиатриалык ооруканага жаткызышкан, ал жактан ал өзү өзүнө кол салган.
2002 жылы форумдардын биринде 2036 жылдан келдим деген бир жаш бала жолуккан. Анча деле алыс эмес келечек көрүнөт. Ал өтүп кеткен убакытка компьютердин бир түрүн изилдөө үчүн келгенмин деген, анткени алар атайын бир программаларды колдойт экен жана 6 жылдан кийин ойлонуп чыккан программалардын маңызын айтып берген. Ошону менен бирге ал киши саясый айтууларында ката кетирген, ал 2015 жылы Америка жана Орусия ортосунда чоң согуш болот деген, андан кийин Америка биринчиден көптөгөн майда мамлекеттерге чачырайт жана алар 2022 жылы бир королекство болуп кошулушат. Эмнеге ал мындай ката кетирди? Балким ал муну айтып берип келечекти өзгөрткөн. Балким убакыттарда орун алмаштырып жүрүп ал параллелдик чындакка кирип калган, ал жакта бул окуялар болгон эмес, бирок анын чындыгында алар болгон.
Ошентип, убакыт арасында саякат кылуу болот, көбүнчө ал контролсуз болот, жана убакыт жыртыктары аркылуу. Эгерде келечектен келген адамдар билип туруп азыркы учурга келсе, анда биз убакыт арасында орун алмаштыруу сырын ачылышынын алдындабыз. "
Уландысын билүү