Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Дятловдун жөө жүрүшүнүн сыры
Бардыгыңар эле Дятлов ашуусу жөнүндө уксаңар керек – ашуу, Уралдын түндүк жагына лыжа жүрүшүнө барышкан туристтер тобунун башкаруучусунун атынан коюлган. Игорь Дятлов спорттук жүрүш менен кызыкчуу жана 23 жашында университеттин туристтик группасынын башкармасы болчу. Анын тобуна кирүү абдан оор болчу, ал жүрүшкө спортсмен туристтерди кылдаттык менен дайындачуу, жерлерди билүү боюнча тренировкаларды жүргүзчү, таңгактар менен эңкейиште басууну үйрөтчү, экстремалдык шаттарда түнкү уктоолорду уйуштурчу. Дятловтун командасынын Түштүк Уралга жана Чыгыш Саяндарга жүрүш тажрыйбалары бар болчу, алар Свердлов облусунун туризм спортунун курамасына кирчү.
Урал университетинин радиотехника факультенини он студенттеринен турган жакшы дайындалынган топ лыжа менен туржүрүгө барууну чечкен. Спортсмендер 350 километр жүрүнү жана Ойко-Чукур жана Оротен бийиктиктеринине чыгууну пландаштырышкан.Толугу менен камылгаланышкан жана бир топ тажрыйбалуу туристтер 27 январь 1959 жылы жолго чыгышкан. План боюнча алар Свердловскко 15 февральда катып келиши керек болче, бирок келишкен эмес.
Узакка созулган издөөлөрдөн кийин куткаруучулар жүргүндүн катышуучуларынын өлүктөрүн табышкан, бирок трагедиянын себебин аныктоо мүмкүн болгон эмес. Андан тышкары Дятлов тобунун жүргүнү менен көптөгөн табышмактуу жагдайлар байланыштуу, аларга түшүндүрүү ошону менен табылшан эмес.
Саякаттын башында топтун бир катышуучусу Юрий Юдин бутунун жаракатына байланыштуу үйүнө кайтып келген. Он кишиден турган команда белгиленген план боюнча жолго чыккан.
Жол абдан ийгиликтүү болгон, топ биримдикте болгон, Игорь Дятлов күндөлүк жүргүзгөн, ар бир күнү окуяларды жана байкоолорду жазчу. Холотчахль тоосунун эңкейишине жеткенде бир нече чоң каталар кеткен, мына ошолор, балким, топтун өмүрүн алып кеткен. Кызыктыруучу нерсе, бул каталар эң тажрыйбалуу эмес туристтерге тийиштүү болот, ал эми Дятловтун квалийикациясына шектенүү болгон эмес. Мисаалы, биринчи февральда “1079” бийиктигине көтөрүлүү абдан кеч башталган, рельефтин оордугун эске алганда – күндүзгү саат үчтө. Андан тышккары, чатырларды ашууга кою катачылык болгон, мына ошондон кийин ашуу Дятлов ашуусу деп аталган. Чатырлуу лагерь ачык жерде тоонун эңкейишинде жайгашкан, ар тараптан шамаал катуу ура турган жерде, жана абдан ыңгайсыз жерде. Балким Дятлов бардык тобокелдерге карабастан мына ушул жерге жайгашууну бийиктикти жоготпо үчүн чечкендир.
Андан нары эң түшүнүксү жана түшүндүргүз нерселер башталат. Бир себептерге байланыштуу топтун баары чатырдан ылдамдыкта чыгышкан. Бул түнкүсүн болгон чыгаар. Ичиндеги издерге ылайык алар шашып чыкканы көрүнөт. Бардык кийимдердин баары: жылуу кийим, бут кийим, тамак аш, жүргүндүн ар бир катышуучусунун жазуулары менен күндөлүктөрү – баары ичте калган. Каардагы издерге караганда кээ бири бут кийимин кийгенге дагы үлгүргөн эмес. 25-30 градус сууктукта кээ бири жун байпак менен, кээ бири пахта байпакчан басышкан, карангыда, ашуудан жана лагерден алыстап.
Жоголгон топту издөөдө чатырдан бир жарым километр алыстыкта биринчи болуп эки өлүк табылган. Алар чечинтилинген болчу жана уруп сабоо издери менен. Бир нече күн өткөндөн кийин, эки жүз метр радиусунда бири биринен алыстыкта жайгашкан дагы үч өлүк табылган. Баарында мурдунан кан агуу байкалган.
Дагы бир нече ай төрт өлүктү табууга кеткен. Алар тирүү калды деген ойлор да пайда болгон. Жана майда гана, каар эрий баштаганда издөө бригадасы калган спортсмен-туристтердин өлүгүн табышкан. Аларды суунун жанындагы коодон табышкан, эки метр каардын астында, катуу баш травмалары менен.
Туристтерди түн ичинде бир учурда жана ылдам чатырды калтырууга мажбур кылды? Эмнеге тыжрыйбалуу туристтер мынча катуу каталарды кетиришкен? Эмнеге топ бөлүнүп кеткен? Бул суроолорго жооптор ошону менен табылган жок.
Дагы бир табышмак болгон факт, чатырдан чыкканда тогуз эмес сегиз гана из табылган.
Дятлов тобунун өлүмүн изилдөөдө ар түрдү версиялар пайда болгон – жергиликтүү мансия элинин кол салысуу, түрмөдөн качып кеткен кылмышкерлердин кол салуусу, бирок бир ганы пикир табылган фактыларды жана туристтердин жүрүшүн түшүндүргөн эмес. Жергиликтүү тургундарды сыраштырганда февралдын биринен экисине караган түнү көбү асманда оттуу шарларды көргөнүн айтышат. Балким ошолор трагедиянын себеби болуп чыккан?
Аман калган кийимдин экспертизасы радиациянын издерин көрсөткөн. Асмандан түшкөг “оттуу шарлардын” радиохимикалык таасир эткени ждагы далилсиз болгон.
Мындай катуу шамалда айбаннаттардын кол салуусу мүмкүн эмес, ошондой эле кар көчкү болгон эмес, анда издер калмак.
Спортсмендерди бир нерсе катуу коркуткан, алар жашоосуна коркунуч алып келген, түшүнүксүз жана коркунучтуу нерсеге менен кагылышкан.
Каарду кишиби, жандарбы же инопланетяндарбы – бул эмне болгон? Же табигатта түшүнүксүз жана эч качан жолктургуз көрүнүшбү? Азыр эми бир гана божомолдоо керек..."
Уландысын билүү