Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Виртуалдык чындык
Көптөгөн адамдар менен дежавю окуялары болот – бул окуя же жагдай сиздин жашооңузда болгон сыяктуу акыбал. Бул өтүп кеткен так окуянын элестөөсү дагы эмес, бул так сезимдер өтүп кеткендигини туруктуу түшүнүүгү. Дежавб абал бул жеке абал, жана көптөгөн учурда түш көргөндөн кийинки абал болуп эсептелинет. Мындац учурларда адамдар ал жагдай же окуя качан болгонун эстей алышпайт. Скептиктер муну башштын мээсинин кайрадан жүктөөсү деп түшүндүрүшөт. Көбүнчө адамдар муну өткүп кеткен жашоодогу элестер менен же параллелдик чындыкта бир нече убакыт жашаганы менен байланыштырышат. Текшерүү татаал, анткени дежавю бир жеке адам менен байланыштуу, жана аны ченөө же жасап чакыруу окумуштууларга мүмкүн боло элек. Жалган эскерүүлөр феномени табышмактуурак көрүнөт – бул маасалык көрүнүш жана “Манделдин натыйжасы” деп аталат.
Мааниси, көптөгөн адамдар болбогон же башка чындыкта болгон окуяларды, көрүнүштөрдү эстешет. Эң белгилүү жалган эскерүү – бул Нельсон Манделдин тарыхы. Түштүк Африканын мурунку президенти 5 декабрь 2013 жылы каза болгон. Ушул учурда көп адамдар африкалык лидер алтымышынчы жылы түрмөдө каза болгонуна ишенишкен. Чынынгында түрмөдөн чыккандан кийин 1994 жылы Нельсон Мандела президент болуп шайланып дагы беш жыл мамлекетти ийгиликтүү башкарган. Маалымат каражаттары аркылуу жана сары басма сөздөр аркылуу журт жаңылган деп ойлосо болот. Бирок ошол маалдагы басылмаларында африка башкаруусунун өлгөнү тууралуу бир дагы маалымат табылган эмес. Дагы башка мисаалдар бар, аларды басма сөздөрдүн катасы деп же көп адамдардын билимсиздиги эсептесе болот. Алар, мисаалы, америкалыктар Айга үч жолу конгон дешет, чыгында алты жолу конушкан. Же болбосо АКШда 52 штат бар деп, чыныгында болгону 50. Көбүнчөсү Тереза эне өлгөндөн кийин ыйыктардын арасына кирген деп эсептешет. Чыныгында ал 1997 жылы каза болгон, ал эми канондоштуруу 2016 жылы болгон. Сексенинчи жылдын ортосунда ССРБда Гауфтун жомогу боюнча “Кичинекей мурун” киносу чыккан. Көбү анын коркунучтуу сюжетин каармандарын сөз кылышат. Бирок киноархифтерди жана телекңрсөтүүлөрдүн программасын текшергшенде “ал кино” жок экендиги далилделинди. Кинонун башка үч версиясытабылган, жана эң коркунучтуусу дамдардын элесинде гана калаган. Окумуштуулар адам окуялар башкача болгон бир чындыктан экинчи чындыкка бара алат деп ойлошот. Андан тышкары психологтор эксперимент аркылуу адамдарда жалган ойлор пайда болушун аныктап чыгышкан, бирок адамдар ал чыныгы болгон окуя деп ишенишет. Эгерде биздин азыркы жашоо моделдөөнүн натыйжасы болсо анда матрицатеориясыандай деле фантазия болбойт. Биздин байланыштар, сезимдер, элестер суперкомпьютерлер менен жаратылат, биз жаратылган моделде жашайбыс жана бизге керектүү нерсени гана ар бир так учурда көрөбүз. Акыркы дүнөлүк ИТ-индустриясына багытталган конференциялардын биринде белгилүү канада-америка окумуштуусу инженер жана ишкер Илон Маск интеллекттин жасалма өнүгүсү, анын адамдын мээси менен интеграциялоо жана электрондук интерфейс менен аракеттешүүсү концепциясын баяндаган. Америкалык изилдөөчүлөр 2015 жылдан баштап атайын жасалма кабатчаны, мындайча айтканда нейрокружеваларды чычкандын мээсине киргизүү эксперименттерин өткөзүп жатышан. Заманбап технологиялар виртуалдык чындыкты учурдагы чындыка кою мүмкүндүгүн берет, кошумча чындыктар менен видеооюндар бар, ал жерде колдонуучу кайсыл дүйнөдө чыныгында жүргөнүн так билбей калат.
Була эмнелер – элестетүү оюндарыбы, адамдын психикасынын жалган мейкиндикке кирүү жана фантазия дүйнөлөрүн чындыка кабыл алуу мүмкүнчүлүгүбү? Же биз эчак эле биздин бабаларыбыз курган системада турабызбы?
Эгерде адамзат компьютердик моделдештирүүнү чындыка киргизүү деңгелге жетсе, анда бүткүл дүйнө бул жасалма акыл жараткан симуляция. Матрица теориясынын жактоочулары, дене бул вирдуалдык иллюзия деп айтышат жана ал “фантом” түрүндө журөт. Ар бир “фантом” белгиленген программаны аткарат. Учурдагы программаны бүткөндөн кийин, жаңы оболочкада жаңы маселени алат. Бул версия жан өз глобалдык миссиясын аткармайынча жана ага тийиштүү бардык программаларды жыйнтымайынча жан башка денеде кайрадан төрөлөт деген гипотезасы окшош.
Матрица теориясына каршы чыккандар да бар. Мисаалы, философия илиминин профессору Питер Миллекен негизги карамакаршылык бул матрицаны жараткан “суперинтеллект” адамдай ойлонот. Эгер дүйнө башка планеталык интеллект менен жасалган десек, анда ал эмне үчүн ошол эле адамга таандык идеялар жана методтор менен чектелген.
Биздин Аалам бел эмне? Адамзат алдыда биле турган иллюзиябы, компьютердик кодбу же тирүү организмбы?
"
Уландысын билүү