Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Атлантида болгонбу
"Абдан өнүккөн шаар-мамлекеттин болуусу ойлоп чыгуубу же тарыхий фактпы? Балким байыркы грек философу Платон, өзүнүн замандаштарын залимдиксиз жана катаалдыксыз идеалдуу мамлекеттин модели бар экендигирне ишендирүү үчүн каалаганды чындык деп бергендир?
Платон өзүнүн текстеринде Анлантиданы тагыраак көркөмдөйт. Аралдагы мамлекет тууралуу эскерүүлөр Геродоттун, Диодордун, Прокланын жана башка философтордун иштеринде бар. Платон Атлантида жөнүндө өзүнүн ата-бабаларынан билгенин айтат, ага табышмактуу байыркы шаардын тарыхын, Египетте болуп храмдын дубалдарынан чөнүп кеткен цивилизация тууралуу окууган саякатчы айткан.
Байыркы текстерден белгилүү, Анлантида бул чоң арал – мамлекет болчу, бийик дубалдары, көптөгөн алтын храмдары менен. Шаардын так ортосунда суу башкаруучусу Посейдонго храм жайгашкан. Шаардын тургундары укмуштууларды жасаган – дарыянын нугун шаарды экиге бөлүп тургандай кылып бурушкан – ички жана тышкы, ошону менен шаардын ички бөлүгүн аңгек катары толугу менен жууп кетүүгө. Ошентип Атлантиданын эки порту бар болчу – ички жана тышкы. Аралда эки булак бар болчу –т ысык жана муздак, алар карапайым элди таза суу менен камсыздачуу. Атланттарда ашык мүмкүнчүлүктөр бар болчу, ар түрдүү сезим ойлору жана телепатиясы бар болчу, ошондой эле укмуштудай күчтөрү бар болчу. Платондун жазууларына ылайык шаар анын доорунан бир аз 9000 жыл мурун болгон жана жер титирөөдөн, суу каптоодон бузулган. Шаар толугу менен чөгүп кеткен.
Атлантиданы издөө кызыгуулардын кыл чокусу Кайтадан туулуу дооруна келген, андан кийин биринчи дүйнөлүк шогуштан кийин. Мификалык шаар окумуштууларды, изилдөөчүлөрдө. тарыхчыларды гана эмес, ошондой эле саякатчыларды, деңизде жүрүчүлөрдү жана авантюристтерди кызыктырат. Атлантида өзүнүн байлыгы, асыл таштары жана алтыны менен белгилүү. Аны бир гана деңиз астынан алып чыгуу керек. Бирок байыркы цивилизацияны табуу аракеттери ошону менен ийгиликсиз болуп кала берди. Кайсы жерден турганы жана кайсы жерден издөө керек экени жөнүндө так маалыматтар дагы жок. Платондун айтымына ылайык Атлантида Гибралтар кысыгында жайгашкан. Орто-Жер деңизинде, Кара деңизде, Андаларда, Бразилияда ал тургай Антарктидада жайгашканы тууралуу версилар да бар.
Элүүнчү жылдын аягында атайын илим чыккан – атлантология деген. Бирок олуттуу окумуштуу-изилдөөчүлөр шаар уламыш жана миф дешет, анын бар экенин далилдеген байыркы цивилизациянын калдыктарын табуу иштери токтой элек.
Азыркы окумуштуулар көптөгөн карамакаршылыктарды табышат. Биринчиден, Атлантида аралында мынча көп алтын кайдан пайда болго? Экинчиден, ал заманда дарыянын нугун бүт шаарды суу курчап турчудай буру мүмкүн эмес болчу. Бирок эң түшүндүргүз, Платондун доорунан 9000 жыл мурун палеозой доору бүтө элек болчу, жана эч кандай өнүккөн цивилизациялар жок болчу жана болуу мүмкүн эмес болчу. Адам ал учурда маймылдан акылдуу жанга өтүү стадиясы болчу.
Бул суроого жоопторду Байыркы Египетте тапса болом. Рамзес Үчүнчү башкарып жатканда монахтын сарайынын жана анын алдындагы жарым аянты алтын менен жайылган болчу. Муну ошол доордун гимни жана байыркы египеттин текстери далилдейт. Аянтын куруучулары алтынды майда кум кылып майдалап аны акиташ менен аралаштырчуу, ал эми жасаган паста менен дубалды жана аянтты шыбашкан. Бул ыкма абдан үнөмдүү болчу жана чынында эле чоң аяттарды алтын менен жабуу мүмкүн болчу. Балким бул ыкманы Атлантидада дагы колдонушкан.
Ошол эле Байыркы Египетте кенен жана түшүмдү көп берүүчү Нил дарыясын таштар менен себээлешчүү, ошону менен анын багыттын өзгөртүшчү, демек мындай тажрыйба байыркы мамлекеттерде колдонулган.
Ал эми Атлантида болгон доор тууралуу, балким сандар чачышып калган “9000” жана “900”. Египет иероглифтеринде “9000” деген санда нолдор лотос менен белгиленген, ал эми “900” түйүндөр менен. Бул эки белги абдан окшош жана алрды жеңил эле адаштырып алуу мүмкүн. Ошону менен бирге Платондун доорунан “900” мурун бир нече жер титирөөлөр болгон.
Көптөгөн экпедицияларга карабастан, Атлантиданы азырынча табуу мүмкүн боло элек. 1979 жала бардык европа гезиттери жана журналдары сенсация тууралуу жазышкан: орустан шаардык калдыктарын таба алышкан. Суунун астындагы урандылар шаардын дубалдарына, үйлөргө жана бөлмөлөргө окшош, аны менен бирге жанында чөмүп кеткен вулкан табылган. Бирок Атлантида чөгүп кеткен жер деп божомолдогон суу астынан алып чыгылган таштардын, курулуштун бөлүктөрүнүн экспертиза алрдын магматикалык чыгуусун далилдеген. Демек бул чөгүп кеткен шаар эмес, вулкандын укмуштуудай катып калган лавасы.
Деңиздердин же океандардын бир жагынан, балким Антарктида ледниктеринин астында биз таба турчу табышмактуу дүйнөлөр бар деген умут бар. "
Уландысын билүү