Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Титаник. Кылымдын кыйрашы
"Ал учурга салыштырмалуу укмуштудай жана чөңбөс шумдук Титаник аты менен лайнер 12 апрелде 1912 жылы Атлантика океанын ортосунда эки саат кырк мүнөттүн ичинде чөгүп кеткен.
Анын ичинде эки миң адам жүргүнчүлөр жана экипаж бар болчу. Бирок үч бөлүгүнөн азы гана аман калган, жана алардын көбү биринчи класстын жүргүнчүлөрү, аристократтар жана “акчасы бар” адамдар.
Бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон Титаник кемесинин чөгүүсүнүн жана мынча адамдын өлүмүнүн себеби эмне болгон? Дүйнөдөгү эң ылдам лайнердин наамын жеңип алуу калообу? Бардык коопсуздук техникасынын баркка албообу? Же балким бул ааламдан болгон чечимидир, жана кыйроодон кандай болбосун качуу аракеттерин көрбө, кеме чөгүп кетиши керек болчу жана ал адамдарга кайрылуусу, жаратылыш жана табигый кырсык алдында алар күчсүз, окуялардан кача алышпайт жана алардын жетишкендиктери эч нерсе эмес? Адамдар ар дайым алар бул дүйнөнүн ээси эмес конок экенин ар дайым эскерип жүрүү үчүн бү?
Келе жаткан кыйроого жана Титаниктин сууга чыкпоосуна тагдыр тараптан кыйытмалары кеме салынып башталганда эле башталган. Куруучулардын өлүмү абдан көп болгон, ар дайым жаныларды издөөгө мажбур болушкан, ал убакытты талап кылыган. Эч ким чыдагыс жумушка баргысы келчүү эмес, анткени мөөнөттөн артка калгандыка байланыштуу күнү-түнү иштөө керек болчу. Биринчи белги аяктап калганда сырдоо иштерин жүргүзүп жаткандагы өрт болгон. Кайра оңдоого убакыт жок болчу, ошондуктан эч ким жарылган боёкторду көрбөш үчүн кемени жээкке тескер тарабынан коюшкан.
Кыйроонун экинчи белгиси бул кеменин командасынын кызмат орундарын өзгөртүү болгон. Бир олутту бай адамдын баласын капитандын жардамчысы кылып кою үчүн кызматтарды алмаштырып жана башкалардын рангтарын ылдыйлатышкан, ал эми бирин жумуштан бошотушкан. Башкы кароочу бул окуяларга байланыштуу өз ыктыяры менен жумуштан бошоп кеткен, бул жаман белги деп. Кетердин алдында ал дүрбүлөр сакталуучу сейфтин ачкычын берүүнү унутуп калган. Ачкычты ал кеме агып кеткенден кийин байкаган. Телеграф аркылуу экипажга дүрбүлөр жеткиликтүү эмес экенин маалымдоо мүмкүн болгон, бирок бул капитанды эч бир санаа кылган эмес. Кеме айсбергтерди айланып өтүп кетчү атайын багыт менен жүргөн жана коркунуч үчүн себептер жок болчу.
Кеме мөөнөтүнөн эрте келүүгө капитан максималдуу ылдамдык алуу үчүн бардык мештерди ишке киргизүүгө буйрук берген. Эң ылдам кеменин наамын жеңүү калоосу ушунчалык катуу болгон, кырсыксыз чугуу болбогондой....
Титаникте баары эң жогорку деңгелде болчу: жандуу музыка, чүйгун тамак-аш, кымбат эмерек. Биринчи класстын каюталары башка кемелерге окшош палубанын аягында эмес, чайпалууну азайтуу үчүн так ортодо жайгашкан. Бардыгы каралган жана бай жүргүндөргө комфорт камсыз кылуу үчүн бардык нерселер ойлонуштурулган, ал тургай машыгуучу жай дагы бар болчу. Ал эми кайыктарды кереги жок нерсе деш эсептешкен, ошондуктан лардын саны абдан аз болчу. Эгерде аларды толугу менен жүктөсө, орундар максимун жүргүндөрдүн жармысыны эле жетет.
Ошол арты жаман түнү телеграф аркылуу маанилүү эскертүү келген – көптөгөн айсбергтердин жүрүшү! Бирок Титаниктин телеграфчылары бул билдирүүгө маани беришкен эмес, алар жүргүндөрдүн күйөөлөрүнө жана досторуна аба ырайы, туулган күн жана ар түрдү баруулары тууралуу каттарды жөнөтүү менен алек болуп жатышкан. Ошондуктан Титаникке жакынкы кеменин телеграфисти акыркы эскертүүнү жөнөтүп уктап калган.
Өлүмдүн себеби болгон айсберг кеме менен кырсыктуу жолугушууга чейин бир аз мурун көмкөрүлгөн. Бул аны куралсыз көз менен көрүү мүмкүн эместигин билдирет, анткени жылмакай суунун бети түнкү асманды чагылыштырган, жана анын фонунда килтейген муздун карааны байкалган эмес. Титаниктин ылдамдыга абдан чоң болчу. Капитан тажрыйбасыздыгына байланыштуу биринчи кемени токтотуу буругун берген. Моторду толугу менен өчүрүшкөн, бирок лайнер дагы эле инерция аркылуу түз багытты боюнча жүрө берген. Мотор кайра иштеш үчүн абдан көп убакыт кеткен, жана багытты өзгөртүү мүмкүн болгон.
Уруу өрттөн кырсыктаган тарапка келген – оттон кийин эң ийкимдүү жер.
Байланышчылар канча кырсык башталгандыгы жөнүндө сигнал беришпесин. Эч ким жооп берген эмес. Жакын кеменин телеграфисти уктап жаткан. Кемеде кызыл сигнал оттору жок болчу экен, бир гана актар. Бүт баары асмандан ак отту көрүп бул салют деп ойлошкон. Кыйыктарды жетимиш кишинин ордуна болгону жыйырма кишиден толтурушкан, дүрбөлөң түшпөөнү жана шашпоону суранышкан.
Ошентип тыжрыйбасыз капитандын жырдамчысы, анан дагы туура эмес буйруктар жана качып кутулбас кагылышуу; дүрбүлөрдүн жана кызыл оттун жоктугу, шалаакы байланышчылар; өрттөн кийин оңдолбогон каптал, чоң ылдамдык жана коңторулган айсберг; кайыктардын туура эмес колдонгондугу – мындай жагдайда ушунча кишини өлүмдөн сактап калуу мүмкүндүгү бар беле? Же бул алдын ала белгиленген беле? Кыйроонун себеби эмнеде болгон кырдаалдардын айкалышыбы, кудереттин күчүбү же адамдын шалакылыгыбы?"
Уландысын билүү