Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Шамбала
"Азыркы учурда көптөгөн жана жеткиликтүү маалыматтарга карабастан жана ар түрдү булактарды – сөздүктөрдү, түшүндүрүүлөрдү окугандан кийин дагы Шамбала эмне экенин түшүнү татаал. Муну түшүнүү үчүн аң сезимдин жана акылдын белгиленген деңгелине жетүү керек. Эгерде кыйын илимдердин түшүндүрмөлөрүн алып салсак, анда Шамбала бул мифтик же чыныгы мамлекет, ал билимдин жана даанышмандыктын, Жердин эң эле чоң энергиясынын булагы, тазалануунун жери, агартуунун, сырдуу билимдерин дайындануу үчүн ачуучун борбору. Ар кайсы булактардан алынган маалыматтардын негизги талаш жана карамакаршылыктары, бул Шамбала уламыш эмес, чыныгы бар жер деп далилдөө. Көптөрү табышмактуу мамлекетти табууга жөнөшкөн: археологтор, тарыхчылар, философтор, монахтар, белгилүү мамлекет кызматчылары. Бирок бир гана тандалгандарга танышмактуу даанышман дүйнөсүнө кирүү мүмкүндүгү ачылат. Мифтерге, уламыштарга ылайык. Бул мамлекетте бардыгы ыйык. Ушул жерде Чинтамани ташы жайгашкан, ал өзүнүн титирөөсү менен бүткүл дүйнөнү гармонияга алып келет. Ал жакта Беловодье жери жайгашкан, бул жерди орус диндик эски ырым-жырымдарды жактоочулар издешкен. Пресвитер Иоанндын падышалыгыда ушул жерде, ал жакта тирүү суусу менен фонтан түбөлүк жаштыкты ыйгарат.
Дүйнөлүк жеткиликтердин натыйжалары жана эң чоң искусство чыгармалары ушул жакта. Ал тургай азыркы биздин чыныгы дүйнөдө жок болунгандар. Байыркы тибет илимдерине ылайык, Шамбала жерде адамзат пайда болгондон бери бар, жана ар дайым дүйнөнүн географиялык, физикалык жана руханий борбору болгон.
Медицина илиминин профессору Юрий Захаров жакында Шамбала табылган деп билдирген. Билдирүү сенсациялуу болгон жана чоң кызык пайда кылган. Захаров жана изилдөөчүлөрдүн тобу Тибет тоосуна узак жол жүрүп, жабынк тоо монастырында Шамбаланын картасын табышкан жана Кайлас тоосуна көтөрүлүшкөн, анын ою боюнча ушул жер Шамбаланын ички борбору болуп эсептелинет. Жүрүш абдан узак болгон, жергиликтүү узатуучулар топту ыйык тоого чыгууда узатып баруудан баш тартышкан. Ылакаптарга ылайык бир гана Кудайларга анын чокусуна жол ачык. Экспедициянын бардык катышуучулары тоо оорусу менен оорушкан, бирок максатына жүрө беришкен. Жолдо алар менен табышмактуу көрүнүштөр бирге жүрдү. Мисаалы, ыйык тигли – бул энергиянын символу болгон жаркыраган точкалар, “ыйык свастика менен клеткалары” деп аталган – сыйкырдуу даанышмандардын белгиси. Ошол эле жакта изилдөөчүлөр ак, сүт түстүү суусу менен дарыяны көрүшкөн, мына ушул үчүн балким Беловодье деген аты бар. Шамбаланын борбору Кьюнглунг шаары Захаровдун изилдөө экспедициясынын ичине кирген эмес. Картага ылайык ал Кайлас тоосунан батыш тарабына жакыныраак жайгашкан. Заманбап жабдууларга, жакшы дене дайындыкка карабастан, көтөрүлүш абдан оор болгон. Окумуштууларга божомолдогон Шамбаланын борбордук точкасы колжасалма пирамидасы болуп эсептелинбейт, тибет байыркы чептеринде айтылгындай ал вулкандан чыккан.
Ар түрдү изилдөөчүлөр Шамбаланы изилдөөдө ага эшик билимдүү, руханий дайын адамга гана ачыларын түшүнүшкөн. Балким, Захаровдун экспедициясы Шамбаланын туура ордунда болгон. Бирок сырдуу мейкиндикке кире алышкан эмес. Таңкалдырганы, изилдөөчүлөрдүн Кайласка барган жүрүштүн сүрөттөрү жана видеолору сакталып калган эмес.
Шамбала Тибет тоолорунда жайгашкан дешет. Аму-Дарыя жана Сары-Дарыя дарыяларынын өрөнүндө Шамбала жөнүндө скерүүлөр бар. Николай Рерих Шамбаланы Индиядан жана Непалдан издеген, Елена Блаватскаянын чыгармаларында айтылган, Шамбала Гоби чөлүндө жайгашкан дешет. Андан тышкары Шамбаланын борбору Мадрид деген тырыхый докуметтер бар. Анан дагы потенциалдуу даанышмандыктын жана билимдүүлүктүн борборун жайгашкан жерлеринин арасында Монголия, Япония, Алтай тоолор дагы эскортилген. Шамбала орунун алмаштыра алабы? Же ал ар учурда ачылат пы, бирок тандалгандарга гана жана керектүү маалда.
Медитациянын будда чебери Чогьям Трунгпа Шамбала өзүнүн жеке адамзаттык даанышмандын негизи бар жана ал Чыгышка дагы Батышка дагы жана эч кандай айкын маданиятка же динге кирбегенин деп айтчуу. Бардык дүйнөлүк диндерде бирдей эле билимдерди колдонушат жана алардын булагы Шамбала болот.
Билимдүү Мугалимдер Шамбала бул руханий чындык жана анда ааламдык жакшылык бар дешет. Бул Жер жана Космос биосферасынан чыккан информациялык-энергетикалык структура, муну адам руханий өнүгүүсүнө жана акыл-эсине тутуу денгелине жеткенде гана кабыл ала алат.
Эгер айтып кете турган болсок, анда Шамбала балким – бул адамзар ар дайым умтулган руханий гармония абалыдыр?"
Уландысын билүү