Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Бермуд үч бурчтугунун сыры
"Миф жана табышмактуу жер, бул жерде жүздөгөн, миңдеп болбосо эле кемелер жоголгон. Ал чыныгы эле бар, бирок түшүнүксүз жоголуулар азыркы учурда дагы болуп жатат. Бирок азыркы учурда кемелер гана эмес учактар дагы жоголууда.
Табышмактуу жер кайда жайгашканын айтып кетүү керек окшойт. Бул жер кайда жайгашканын элус алуу үчүн Бермуд аралдарынан Флоридага сызык жүргүзүү керек, андан Пуэрто-Рикого.
Байырка заманда кемелердин жоголушун суу желмогуздары менен байланыштырышчуу. Бирок азыркы учурда буларга ишенүү оор, алар асманда учактардын бийиктигинде жок болушу да керек.
Окумуштуулар болуп чаткан окуяларга логикалык түшүндүрмөлөрдү табууга, бул жер аномалдуу, магнитүү же күчтүү геопатоген зона экенин далилдөөгө аракет кылышкан. Белгилүү теориялардын бири бул бермуд үч буручтугунун түбүндө көптөгөн чуңкурлар бар, мына ушулар жер кыртышы чоңойгондо температурасы миң Цельсий градусуна жеткен магманы чыгарат. Океандын муздак суусу мындай ысыктыкта кайнабайт. Ысык агымдар өйдөгө көтөрүлөт анткени алар суудан да жеңил. Бул жерде воронка пайда болот, суу айлана баштайт жана айлампа пайда боло баштайт, мына ошол кемелерди бир заматта суу алдына алып кетет. Бул көрүнүш абдан ылдам өтөт жана кеменин командасы күтүлбөгөн өлүмдөн качууга эч нерсеге үлгүрбөй калат.
Алампанын пайда болушу менен, абада ионизация болот, суунун көптүгүнөн абада электромагниттик разряддар пайда болот, убактылуу бардык техниканы иштетпей салат жана компастын стрелкалары адаша баштайт. Баары туура жана табышкан чечилгендей сезилет, бирок баары мынча оңой эмес.
Биринчиден, деңиз түбүндө көптөгөн лава чыгарчу краторлордун бары бул бир гана божомол жана эч кандай далилдер жок. Анткени бермуд үч буручтуктун түбүн эч ким изилдеген эмен, муну себеби ал жакка кеткендер кайра катып келген эмес, эгерде кайтып келишсе акыл эсинен кетишкен жана кааргыш тийген жерден өз башынан өткөзгөн укмуштудай нерселерди айтып беришчүү. Эгерде лава менен версия туура болсо да, жана түбүндө чынында эле ушундай чыгаруулар болуп жатса да, эмнеге улам-улам боло берет? Жана эмнеге ушул эле үч буручтукта? Эгерде бул чындык болсо, анда мындай жерлер көп болушу керек болчу...
Бермуд үч буручтугунун үстүндө учкучтар бир көрүнүш жөнүндө айтышат. Диспечер экипаж менен учак расписаниеге ылайык келерин тактоо үчүн саатты тууралайт. Бул учак үч буручтуктун аймагына кирердин алдында болот. Анан учак бардык радарлардан туура он мүнөткө жоголуп кетет, анан мурун болгон жеринде пайда болуп калат. Мунун натыйжасында учак кечиккен болуп калат, учуп келүү убакыттан он мүнөткө кеч болот, бирок экипаждын баары эч жерге жоголбогонун жана туура убакытта келгенин айтышат. Алардын сааттары дагы он мүнөткө артка калган. Ашыкча күйүүчү майы дагы кеткен эмес. Бул учак он мүнөт таптакыр болбогондой сезилет. Болуп жаткан нерсе коркучунтуу пайда кылат, анткени бул нерсе Бермуд үч буручтугунун үстүндө учуп бара жаткан бардык учактар менен болот.
Кемелер менен болгон мындай көрүнүштүн тарыхий маалыматы да бар. Ошентип эки кеме бири биринен кичине алыстыкта жүрүшкөн. Биринчиси Бермуд үч буручтугунун зонасына кирген, ал эми экинчиси анын аймагына жете элек. Приборлордо биринчи кеме жоголуп кеткен, бул учурда алыстан экинчи кемеден көрүү мүмкүн болчу. Биринчи кеме приборлордо байкалган замат, көрүү зонасынан жоголуп кеткен, чындыктан жоголгон, экинчи кеменин командасынын көз алдында жытып кеткен.
Мына ушул маалда үч буручтуктун зонасында болгон кеменин жана анын командасынын тагдыры чечилет деп айтышат. Кеме же учак чындыка келе алат, же болбосо түбөлүккө бизге көрүнбөгөн мейкиндикте кала беришет жок болгон жана алар жоголгон деп эсептелинишет. Бардык жоголгон учурларда, учкучтар диспетчерлерге бардык системанын оңдугун айтышат. Эч нерсе кырсыкты билдирген эмес, бирок учак кайтып келген эмес. Издөөчү бригадалар учактын кайрышын далилдеген сыныктарды гана таба алышчуу. Кээде эч нерсе табылбый калат. Деңизде командасы жок кемелерди жолуктурган учурлар да болгон, балким алар өлүмгө учураган же качып аман калышкан. Бермуд үч буручтук зонасынан аман калып, кайтып келгендер психиатриалык дарыланууда же ар дайым коркуу сезими менен жашашат.
Бир жердеги мынчалык көп өлүмдүн себеби дагы эле билине элек. Окумуштуулар Бермуд үч буручтугунун сырларын таап чыгышат деп ишенүү керек. Азырынча сыйкырдуу жерди алысыраак учуп өтүүнү сууунуш кылышат. "
Уландысын билүү