Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Стоунхэндж
"Беогилүү болгондой. Стоунхэндж бул Англиядагы, Уилтшир графствосундагы таштан жасалган сегалитикалык курулуш. Ал Лондондон жүз отуз километр алыстыкта жайгашкан. Археологтордун пикири боюнча, бул комплекс Египет пирамидаларынан бир аз эле жаш. Курулуштардын бир фазасы биздин заманга чейин үч миңинчи жылы жүргүзүлгөн деп эсептелинет.
Стоунхэндждин таштары тегеректеп жайгашкан жана кромлехтерге окшош, бул таштан жасалган курулуш, алар тигинен турушат жана ошону менен тегеректи түзөт.
Бул таштартын бийиктиги бир нече метрды түзөт. Бир эң чоң таштын салмагы элүү тоннача түзөт. Таштын курамында акиташ, вулкан лавасы, топурак жана долерит бар. Жайгашкан жерден бир канча жүз килиметр алыстыкта жасашкан дешет. Эң жакын таш карьери Уэльстин чыгыш тарабында үч жүз сексен километр аралыкта жайгашкан. Башка карьер бар деген дагы пикирлер бар, бирок курулуштан отуз километр жакындыкта эмес. Таштар кантип ордунан жылдырылганы азырынча дагы түшүндүргүз болуп кала берет. Ал тургай окумуштуулар эксперименттерди жүргүзүшкөн, анын натыйжасында жыйырма төрт адам бир күндө болгону бир тонна гана ордунан жылдыра алаганы белгиленген. Элүү тонналык ондогон таштарды эң аз дегенде отуз километрга канча убакыт жана күч керек болгон. Стоунхэндж курулушу салынган мезгилде Англия калкы аз болгонун эске алуу керек. Андан тышкары мамлекеттин аймагы бири бири менен согушуп жаткан элдердин арасында жерлер бөлүнгөн.
Бул факттардын баарын эске алганда, мындай комплексти куруу үчүн миңдеген адамдар жана уч жүзгө чейин тынымсыз иштерди жүргүзүү керек болчу. Бирок эмнеге мындай эгебейсиз аракеттер керек болчу? Ким үчүн?
Бир нече версиялар бар. Алардын бирине ылайык байыркы элдердин Күнгө табынышы бар болчу. Стоунхендж Күн храмы намаз окуу, сыйынуу жана балким курмандык кылуу үчүн курулган.
Башка версияга ылайык, курулуш байыркы обсерваториясы катары колдонулчуу. Таштар тегерек болуп жайгашкан, алар аркылуу күн тутулууну, айдын фазаларын, асман телолорунун жүрүшүн жана дагы Жерге метеориттердин жакындашын эсептөө мүмкүн болчу.
Бирок бул версия шек келтирет, анткени көп аракеттер кылынган жана баары бир обсерватория куруу үчүнбү? Куруу иштери бир канча жүз жыл бою жүргөн, жумушчуулар дагы, ошондой эле бул курулуш керек болгон башкармалар жана идеялык шыктандыруучулар алмашкан, максат дагы болбой калды. Кийинки муундар бул кромлех менен кандай колдонууну дагы билүү мүмкүн эмес болчу. Англияда байыркы элдин арасында жазуу өнүккөн эмес болчу.
Уламыштар Стоунхендждин пайда болушун кельт мифтеринин акылман жана сыйкырчы Мерлин менен байланыштырышат. Комплекс Боадице канышасынын күмбөзү катары салынган жана акырында жрецтердин көмүү жери болгон деген пикирлер жолугат. Ошондуктан Стоунхенджди друиддердин, белгилүү дарыгерлердин жана астрономдорду чиркөөсү болчу дешет.
Таштарды кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен алып келишкен десек дагы, аны кантип тик кылып тизишкен? Эң таралган окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн версиясы болуп тегеректеп казылган коо технологиясы эсептелинет. Андан кийин кандайдыр бир күч белгилери менен ташты көтөрүп, аны тигинен кырдалган топурак менен бекитип койчу. Божомолдор чындыкка жатпайт жана эч кандай далилдер жок. Килтейгей курулуштардын пайда болгон ыкмалары тууралуу көптөгөн суроолор калган.
Башка планеталык келгиндердин катышуусу менен пайда курулуштун деген версиядагы ойго келет. Ал учурда Стоунхэндж кандайдыр бир белги катары колдонулчу, аны космостон көрүү же андан белгиленген сигналдарды алуу мүмкүн болчу.
Заманбап ченөө приборлордун жардамы менен Стоунхэндждин адамга таасир эткен абдан чоң энергиясы барын аныктап чыгышкан. Балким бул кандайдыр бир бийиктигин туура эсептелинген жана атайын тандалган курамдуу ыкма менен коюлган таштардын натыйжасыдыр. Же курулуштун жайгашкан жери өзү себептир, күч оруну деп аталган. Андан тышкары комплекстеги күчтү электромагниттик толкундардын себеби белгисиз таштарды жасаган технологиясыдыр. Атайын билимдерсиз эле, Стоунхенджде биринчи жолу келип, таштар башка дүйнөгө дарбазага сымал көрүнөт. Комплекстин аймагында бардык дүйнө менен байланыш сезими келет. Энергетикалык дайындалган магтар бул жакта арбактар менен байланышат. Ошондуктан Стоунхендж башке ченемге портал болушу мүмкүн. Бирок ал менен кантип туура колдону керек. "
Уландысын билүү