Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Иконадагы НЛО
"БУОнун жактоочулары ар дайым алардын байыркы замандар бар болгону тууралуу далилдерди айтууда. Андан тышкары алар адамдар менен тыгыс байланыша алышкан жана мында эч кандай парадаксалдуу, укмуштуу жана табияттан тышкары эч нерсе болбогонун далилдешет. Түрдү илимдердин пайда болушу менен жана алардын өнүгүшү мененадамзаттын дүйнөнү, Жерди, космосту, жаңы дүйнөлөрду, цивилизацияларды башка планетанын жандары менен байланышты табуу калоолору эмнегедир жоголгон.
Энтузиасттар учуучу тарелканын, чоң баштуу жана көздүү гуманоиддердин сүрөттөрүн ар түрдү живопись буйумдарында, иконаларда табышат. Искусство илими жагынан специалисттер бул версияна жокко чыгарышат жана муну шарлатан-изилдөөчүлөрдүн билимсиздиги деп түшүндүрүшөт. Сүрөтчүлөр жана икона жазуучулар булуттагы периштелерди, булуттан өткөн жаркыраган нурларды, асмандагы учуучу тарелкага окшош шар түрлү объекттерди тартышчуу.
Далил катары байыркы сүрөттөр көрсөтүлүнгөн. Мисаалы, Бийик Дечан серб монастырында 1350 жылкы “Распятие” деген фреска сакталуу. Колу-буту керилип, мык менен кадалган Иса пайгамбардын үстүндө инопланетяндардын учуучу шарларына окшаш учуучу шарлардын үстүндөгү адамдар тартылган. Учуучу объекттер Нотр-Дамдагы “Магнификат” гобелен сүрөтүндө тартылган. 1600 жылы тартылган жана Сан-Пьетродо Сан-Лоренцо шаарындагы черкөөдө “Провославие евхристии”джеген сүрөттө антеннасы менен чоң объект тартылган. Доменико Гирландайонун “Мадонна ардактуу Джованнино менен” деген сүрөтүндө Дева Мариянын сол ийинин үстүндө учуучу диск тартылган, андан тышкары аны сүрөтчү абдан жакшы тарткан жана жөн эле фондой көрүнбөйт.
Леонардо Да Винчинин көптөгөн сүрөттөрүнө жана фрескаларына ошондой эле сырдуу мааниси бар деп эсептешет жана ар түрдү жашырын коддорту, жашырын маалыматтарды табышат. Көбүнчө библиялык сюжетти менен сүрөттөрдөгү инопланетындар менен байланыштуу сүрөттөрдүн бөлүктөрүн. Балким маанилүү тарыхии окуялар болуп жаткан учурда келгиндерде чоң кызыгуу пайда болот, же болбосо алар ошого таасир этишет. Балким икона жазычуу сүрөтчүлөр ушундай ыкма менен ошол замандагы адамдын жашоосунда укмуштуулар бар экенин көрсөтүшкөн. Же урпактарына бир маанилүү нерсе айтууну каалашкан? Аларды эмне муну жашыруун жасоого мажбур кылган?
Эң укмуштуу жана түшүндүгүс окуя Кудайэне Гваделупскаянын иконасы менен болгон. Ал он жетинчи кылымдын ортосунан бери белгилүү жана Латын Американын сыйынуу нерсеси болуп эсептелинет. Католикалык черкөөлөр колгожасалбагандай деп эсептелинет. Икона кереметтен жасалган дешет жана жыл сайын ага он төрт миллиондон көп адам зыярат кылышат, бул дүйнөдөгү эң көп көрсөткүч. Айтуулар боюнча Богородицанын жүзү ал биринчи жолу келген кедей мексикалык дыйканчынын плащында тартылган. Ал плащ беш жүз жылдан ашык Тепейяк дөбөсүндө Ыйык Дева Гваделубскаянын храмында сакталуу. Храм бир нече жолу кайра салынган, анткени ага сыйынууну каалаган адамдардын саны көбөйгөн. Замнпаб имарат бир учурда он миңден ашык кишини батырат.
Ыйыктын сүрөтүн бир нече жолу ар башка мамлекеттин окумуштары изилдеп чыккан. Булар көз карандысыз эксперттер – химиктер, биологтор, искусство илиминин специалисттери жана ар башка мамлекеттин (Германия, Америка, Англия ж.б.) сүрөтчүлөрү. Эксперттер бир ойго келишкен эмес жана алардын кээ бир жыйынтыктары абдан бири-бирине каршы келет. Кисттин изи билинбейт, сүрөт бир шилтем менен тартылгандай сезилет, сүрөттү чүпөрөктүн устүнө тарта албачуу кыртыштоонун изи жок, лактын да изи жок. Ал тургай заманбап технологиянын жардамы менен красканын курамын же анын пайда болгонун аныктоо мүмкүн болгон жок - ал жаныбардыкка, чөпңчардыкка, минералдыкка дагы кирбейт экен. Сүрөт тартылган чүпөрөк кактус буласынан жасалган. Беш жүз жылдан ашык сакталып ал абдан сонун абалда, бул дагы түшүнүксүз.
Эң укмуштуусу буг Кудайэненин көзү. Кудайэненин сүрөткө тартып алган сүрөттөрдү изилдегенде, көздөрүндө үч ирет сүрөт бар экени аныкталынган, мындай тирүү адамдын көзүнө мүнөздүү. Башкача айтканда көзүндө алдыда турган нерсе чагылышып турат. Ольтальмогторду тартуу менен деталдуу изилдеп чыканда, тартылган каректертер жакындаган жарыкка реакция кыларын айтышкан. Абдан жарыкта икерет, күңүрт жарыкта чоңойот. Андан тышкары икона ар дайым жылуу, анын температурасы ар дайым туруктуу жана ал 36.6 градусту түзөт, кол тийгизгенде пульсацияны сезсе болот. Бекеринен айтышпайт икона “тирүү” деп.
Изилдөөчүлөрдө ошону менен Кудайэненин образы пайда болгону тууралуу так сүрөт пайда боло элек, бул образ кол менен жасал багандыктын же аны жасан жатканда башка планеталык катышуулуктун жана анын Жерде пайда болгондугу тууралуу жыйынтыктарга алып келет. "
Уландысын билүү