Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
НЛОнун тарыхый далилдери
"БУОнун пайда болуу буму жыйырма биринчи кылымдын кыркынчы жылдарына келет. Уфология – БУО феноменин изилдөө илими дал ушул мезгилден баштап пайда болгон деп эсептелинет. Так ушул убакытта, ачык эмес, бирок журт ичинде инопланетяндар бар экенин кабыл алышкандыгын далилдесек болот. Белгисиз учуучу объектерди байкоо азыркы учурда дагы болуп жатат жана байыркы жылбаяндарда эскерилген. Көбүнчө ар кайсы мамлекеттердин атайын кызматтарынын жашырын архивтеринен алынган мисаалдар келтирилет. АКШ алар ичинен лидер болуп септелинет. Орусияда официалдуу төрдө келгин менен жолуу болгон докуметтелген окуялар бар, алар сыр болуп эсептелинбейт жана тарых музейлеринин архивтеринде сакталып келет.
Биринчи жолуугулар он жетинчи кылымдын башында эскерилген. Казан университетинин архивинде Яшка деген кул белгисиз жан менен жолукканы тууралуу жылбаян сакталууда. Ак кийимчен адамдар аны жаркыраган “жез казанга” чакырышкан да анан асманды көздөй көтөрүлүшкөн, ал жактан чоң ак “үйгө” кошулушкан. Адамдар ушмуштудай чоң бойлуу келишкен, кулгу тааныш эмес жана белгисиз буюмдарды көрсөтүшкөн, “кереметти жана сыйкырды” үйрөтүшкөн. Андан кийин аны ошол эле казанда кайра жерге алып келишкен жана белек катары “үч сыйкыр тыйын” калтырышкан, мыла дал ошолор Яшканын замандаштарын кызыктырган.
Чыныгы БУО менен болгон жолуугуну Тарыхии институттун Петердургтагы бөлүмүнүн архивинде табышкан. Кирилло-Белозерский монастырынын монахтарынын “баяндоо катында” 15 август 1663 жылы Вологород губерниясы, Робоозеро айылында болгон түшүнүксүз “керемет” тууралуу айтылган. Монахтар, кантип алар жергиликтүү тургундар менен бирге диаметири 40 аршин - бул 28 метр чамалуу килейген “отуу шар” көргөнүн айтышкан. Ал күл үстүндө учуп ар тарапка жарык нурлатын тараткан. Шар суу үстүндө жүргөн, бардыкы көп убакытка чейин болгон. Дыйканчылар кайыкка отурушуп белгисиз объектке жакындоого аракет кылышкан, бирок катуу ысыктыкты сезип кайрылып келүүгө мажбур болушкан. Кайыктан нурлар сууну түбүнө чейин көрсөтүп жана көлдүн астындагы баалык, балыр жана таштарды көрүү мүмкүн болгону байкалган. Шар бирде жарык бирде кубарып андан кийин абада жытып кетти. Албетте бул окуя БУО менен жолугушууну баяндаган. Бирок мугну көрөнүш деп атоо да мүмкүн эмес, анкени байкоочулар бир айыл болгон.
“Московский городской листок” гезити 1847 жылы “Могилевские губерские ведомостинин” статьясын кайрадан басып чыгарган. Статьяда 14 июлда Могилев үстүндөгү асманда болгон керемет тууралуу сөз болгон. Шаардын анын айланасындагы тургундар Айдын жанында крест сымал жарыктыкты байкашкан. Мындай көрүнүш кечки саат ондон түнкү саат үчкө чейин созулган. Бул убакыттын ичинде крест көлөмүндө чоңоюп жарыгыраак - саарыдан өрттөй кызылга чейин боло берди. Азыркы уфологтор бул БУО экенине ишенишет, анткени эч бир таябият көрүнүш беш саат бою Ай жана Жердин ортосунда кармалбай. Андан тышкары крестсымал учучу объекттер биздин учурда да байкалат.
Мындай көрүнүш 20 жыл өткөндөн кийин “Ставропольские губернские ведомостисинде” дагы баяндалган. Заметкаларда 10 декабрда 1855 жылы Ставропол үстүндө асманда крест катып калган ортосунда Ай бар болгону айтылган. Ай уламдан улам жарык боло берген ысыгансып. Таңга чейин асманда крест менен камтылган Айды байкоо мүмкүн болчу. Күн чыкканда көрүнүш жоголуп кеткен. Өз көзү менен көргөн кишилер бул көрүнүштү метеор катары эсептешкен.
Саратов обласынын тарыхый архивтерде Балашов шаарынын исправнигинин баяндоо каты бар, ал тургундардан кызык көрүнүш тууралуу арыздарды кабыл алган жана аны байкаган. Көрүнүш кийинкидей болгон: түнүчүндө ачык асманда төрт устун ак жарык бири бирине жакын пайда болгон, мында чуу, кызыл же өрт болгон эмес. Жарыктык эки саат созулган. Кызык, бир жылдан кийин бул жерде асманда жамгырсыз чагылган, бирок дуу калбыры 10 го чейин пайда болгон, андан кийин жерден асманга жарык кызыл ис көтөрүлүп чоң кызыл такка айланган, андан ондогон конус сымал кең нурлары менен. Көрүнүштү байкабоо мүмкүн эмес болчу, анткени көптөгөн шаардын жана коңшулаш айылдардын тургундары күбө болушкан.
Азыркы изилдөөчүлөр бул биринчиден космос аппаратынын конуусу андан кийин ракетанын учуусу болчу деп ишенишет.
Запискалар аркылуу Саратов губерниясында бир жыл бою инопланетяндар болгонун болжолдосо болот. Бирок эмнегедир аларды жана учуучу объектти эч ким көргөн эмес. Балким инопланетян Жерге изилдөө максаты менен келишкен жана көрүнгүс боло алышчы.
Ушул эле мезгилде башкача жолоочура пайда болгону айтылган, алар Саратов губерниясынын айылдарын кыдырып, тургундарв менен сүйлөчү эмес, бир гана түшүнүксүз бир нерселерди күбүрөөшчү жана жергиликтүү тургунда аларды келесоо катары кабыл алышчу. Көбүнчө алар түзү бос келген, тостойгон көздөрү менен сакалсыз картаң абышкалар болчу. Кызыктуусу, тентимиштер садага сурачуу эмес жана түнөгөнгө айылда калчуу эмес. Балким алар келгиндер болгон. Айылдын башчысы же исправники аларды кармаганы тууралуу далилдер жок. Көптөгөн коңшулаш айылдарда жолоочу абышкаларды көрүшчү, анын үстүндө кээде бир эле учурда ар башка жерде. Алар ылдам жүрө алчуу беле же көптөгөн бири бирине окшоштор бар беле, бир гана ойлонуу керек. Бир жылдан кийин жолоочулар жоголуп кетишти.
Сакталып калган тарыхии документтер аркылуу окуяларды жана көрүнүштөрдү салыштыруу жана башка планеталык жандарга биздин планетанын байыркы кызыкчылык пайда кылганы тууралуу жыйынтык чыгаруу мүмкүн болгон. "
Уландысын билүү