Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Башка дүйнөгө эшиктер
"Эмнеге БУОлор бир эле жерлерде байкалат? Алардын өздөрүнүн жолдору барбы биздин дүйнөгө кирүүгө? Муна кантип түшүндүрсө болот?
Эреже катары учуучу кара уч буручтуктарды же жаркыраган дисктерди өз көзү менен көргөн кишилер бир эле талаа же бир эле тараптан көрүшөт. БУОнун күтүлбөгөн жерде жана көп адамдар бар жерде кокустан пайда болушу азырак жана бул бакоодой көрүнбөйт, коркунуч болуп эсептелинет. Илим түшүндүрө алгыс көрүнүшрдү байкаган жерлерди изилдөөчүлөр аномалдык зона деп аташат. Бирок келгиндерди так ушу жерде күтү керегин түшүндүрбөйт. Аномалдык көрүнүштөргө кийинкилер кирет: жарык шардын же устундун пайда болушу, энергетикалык ар түстү уюп калуулар, мейкиндин голографикалыгы жана башкалар. Бул зоналар параллелдик дүйнөлөргө портал болуп эсептелиши мүмкүн. Зоналар мезгилдин ар кандай учурларында ордунан жыла алышат, ачылышат жана жабылышат. Мындай жерлердин жанында механикалык буюмдар бузула башташат, сааттар артка калып же шаша башташат. Изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканда магниттик талаанын чыңалуусу көбөйгөнүн билдиришет. Өзү көзү менен көргөн кишилер аномалдык зонага түшөөдөн мурун булут же үлбүлдөгөн отту же жердин астынан жарык көргөнүн айтышат. Көбү кокустук коркуу сезими пайда болгонун, жагныңда бирөө бар болгондой сезим болгонун, ойдо көрүнбөгөн бирөө менен сүйлөшкөнүн айтышат.
Уфологтор сиз барып калган жерден ылдамырак кетүүнү сунуш кылышат жана эч ким менен байланышка чыкпоону. Негизи бардык БУО менен байланыштар болгон учурларда адамдар терс таасир болгонун сезишкен – баш оору, жүрөк айлануу, күч кетүү жана парапсихологиялык таасир, эстутумун жоготуу, шал болуп калуу, дененин күйүп калуусун. Ошондой эле “аризон лихорадкасы” деп аталган учурлар болот, ал байланыш болгонддой кийин он төртүнчү күндөн башталат. Бийик температура, чыйрыгуу, өлүмгө алып келе турган кандын уюп калуусу менен билинет.
Эгерди сиз келгин менен жолугуп калсаңыз жана жашынып калууга мүмкүндүк жок болсо ал менен байланышка чыгуу аракеттерин кылбоо, жакындабоо, агрессивдүүлукту көрсөтпөө жана артынан барбоо маанилүү. Эң жакшысы гуманоид же учуучу объект жоголуп кеткиче күтүү. Адамдар уфологторго гуманоиддер менен жолукканы, инопланетяндардын кемесин көргөнү тууралуу аңгемелерди жөнөтүшөт, ошондой эле адамдар жоголгону тууралуу көптөгөн билдирүүлөр да келет. Алардын азы гана кайрылып келишет, бирок бардыкы толук эстумунун жоготкон болушат. Адамдын жоголушу бул ар дайым эле урдоону билдирбей. Адамдар аномалдык зоналарга түшүп калышы мүмкүн, алар машка дүйнөлөргө эшик болушу мүмкүн, бул эшиктер ар дайым ачык болбогондуктан, жана алар орун алмаштыра алгандыктан, көбү кайрылып келе албай калышат.
Изилдөөчүлөр изилдөө максатында ушундай эшиктерге кабылуусун эңсешет, ага атайын методикалардын жана тажрыйбалардын жардамы менен дайынданышат. Көбүнчө аномалдык объекттер менен байланышуу ой аркылуу болот жана эч кандай атайын тил колдонулбайт. Алар адмды коркута турчу айрым дабыштыр, чуулар же болбосо ойдо сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Көбүнчө мындай абалды жинди болуу, экижүздүлүк менен түшүндүрүшөт жана мындай окуялардан кийин психикалык бузулуу менен оруушат. Башка дүнөлөргө баруу порталдар бүткүл дүйнө жүзүндө бар. Бири бирине абдан окшош жерлер да бар, аларды табияттан тышкары болгон көрүнүштөргө түшүндүрмө табуу үчүн аэрологтор жана археологтор изилдешет.
Эң белгилүү портал-жерлери болуп түндүк Перудагы Хай Марка тоосундагы таш эшиги болуп эсептелинет. Ал жер “Кудайлардын Шаары” деп белгилүү. Эшик аскага басылган бийиктиги 7 метрлик эни 2 метрлик тик буручтук. Ортосунда кичинекей тешик бар. Ахеологтор эшикти ачуу ыкмасын издешкен, жергимликтүү уламыштарды окушкан, алар боюнча инктердин кыйын вожддору кудайлар дүйнөсүнө ошол эшик аркылуу кетип күч жана жашыруун билимдерди алып кайра келишчүү.
Бир ылакаптын айтымы боюнча индейлик жрец мойунунда жаркыраган диск тагып жүрчү, аны “жети нурдан турган ачкыч” деп аташчуу. Испандык конкистаттар индей элине кол салып кирердин алдында жрец өзүнүн элин мына ушул эшике алып кирип кеткен дешет. Бул жер туристтерди жана жергиликтүү тургундарды кызыктырат. Адамдар бул жерге колун ошол эшике коюп күчңкубат алуу үчүн, айыгуу үчүн жана сыйкыр билимдерди алуу үчүн келишет. Кээ бири алаканда сайгылашууну сезгенин айтышат, башкалар кызыктуу элестер тууралуу айтышат.
Түндүк Америкадагы Хай Марка менен эң чоң уйкаштык Африкадагы Мадаин-Салехте бар.
Археологтор бири бири менен байланышы жок сымал жана ар башка тарапта жайгашкан жерлердин сүрөтүн табышат.
Ушундай порталдар жер астында бар деп ойлоого себеп бар. Эгер мурун дүйнөлөр ортосунда байланыш бар босо, эмнеге ал азыр жок болгон? Эмне болду?"
Уландысын билүү