Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Периштин чачы
"БУОнун биринчи байкалган күндөрдөн баштап уфологтор артифактардын, башка планеталык жандардын бар экендигинин материалдык далилдердин аркасынан чуркап жүрүшөт. Көптөгөн учурда өзү көзү менен көргөн кишилер сүрөттөрдү же видеоматериалдарды сунуш кылышат, алар нак өзүбү деп текшерилет. Көбүнчө баяндамалар шек келтирет, бирок массалык элеск менен талаша албайсың, эгерде БУО учуп кеткенден кийин буйумдай далил калтырып кетип жатса – “периштенин чачы”.
Бир гана жолу эмес, асманда таанылгыс объект пайда болгондон кийин, күмүш жиптерге окшош жаан жаганы байкалчуу. Объекттер такыр эле айырмаланып турчу: кээ бири чоң самолетторго окшош, кээ бири дисктер, тарелкалар, полусфераларга окшош. Бардыкы асманда тунук из калтырышчы, анан жерге узуун жана кыска килкилдек сымал жамгыр жаачу. Бул жиптер абдан тунук эмес болчу жана из калтырбай ылдам ээрип кетчү.
Байыркы жылбаяндарда жана байыркы египеттик папирустарда мындай көрүнүштүн көркөмдөмөлөрү жолугат деп тарыхчылар айтышат. Асманда жалтыраган объект учуп өткөндөй сымал, жана аларды желпилдеген чачтуу периштелерге окшоштурушкан, анан асмандан ичке жиптери түшкөн дешет, ошондон кийин бул ат пайда болгон. Анын үстүндө мындай көрүнүш ар башка өлкөлөрдө, ар машка мезгилде байкалган. Ал эми өзү көзү менен көргөн кишилердин айтымы такыр башкача, алар ичке желе, кыска жана узун жиптер, лапылдаган тууралуу айтышат, бирок мындай көрүнүш ар дайым асманда жарык учуучу нерсе пайда болушу менен байланыштуу болчу. Географиялык жерге жараша аталышы айрмаланат – америкалыктар аны “периштенин чачы” деп, француздар – “Мадоннанын балдары” деп, итальяндар - “Кыз Мариянын чачы” деп аташат.
Мындай көрүнүштүн массалык байкоосу 1954 жылы Италияда болгон. Футбол матчы болуп жаткан учурда он миң көрүүчү асманда ийикке же кубин сигарсына окшош узун учуучу объекттерди байкашкан. Бул ушунча күтүлбөгөн жана укмуш окуя болгон, а демек матч токтотулуп көрүчүүлөр, футбол ойунчуулары таң калгандай асманды карап турушкан. Он мүнөт бою алар асманда жарык из калтырып үч жолу шаарды айланып чыккан, андан кийин стадиондун үстүнө ак узун чачтар түшө баштаган. Албетте көрүүчүлөр аларды колго алышкан, жакшылап байкап көрүү үчүн, бирок алар бир замат жок болуп кеткет. Өзү көзү менен көргөндөрдүн бири Альфредо Якопоцци аларды пакетке салып койгон, ошонун жардамы менен аларды сактап калуу жана окумуштууларга берүүгө мүмкүн болгон. Флоренция университетинин профессору Джиованни Канерри анализ жүргүзгөндө заттын материалы чоюга жана ороого каршылыгы бар экенин көсөткөн, андан тышкары затта кремний, кальций, бор балким боро-кремнийлүү айнек бар экени көрсөткөн.
Ушундай көрүнүштөр тууралуу экертүүлөр андан мурун Англия, АКШ, Европада жолуккан, анын үстүндө окуя дароо бир нече шаарларда болгон. Өзү көзү менен көргөн кишилер узундугу жыйырма метрга чейин жеткен узун жиптер эригенден кийин калган жагымсыз жыт тууралуу да айтышкан. Кызыктуусу, жаан-чачым желе катары сүрөтөлүп жатканда анда бир дагы жөргөмүш же болбосо башка куртңкумурска табылган эмес.
Сактам кала ала турган уникалдуу чач-артефактар – бул бирден гана экземплярлар. Россиялык уфологтордо алар алтымышынчы жылдары пайда болгон, бардык илимий изилдөө истери жашыруун болчу. Жаңы Зеландиядан кубический сантиметрдын ондон бир бөлүктөн асболгон “периштенин чачынын” үлгүсү алып келинген, бирок биздин физиктер анализдерди жүргүзө алышкан жана материалды ошол учурда белгилүү аналогторго кошуу болбойт деп жана ал табигый келип чыккан нерсе эмес деп жыйынтыкка келишкен. Материалдын структурасы ичкебулалуу, орундап кичинекей жиптерден оролгон жоондугу 0.1 микрон, калыңыраак жерлер 20 микронго чейин, кичине шар сымал чачышкан. Тилекке каршы үлгү ушунча кичинекей болчу, аны менен андан наркы эксперименттер мүмкүн эмес болгон.
Уфологтор мындай көрүнүштөрдөн адамдарга коркунуч көрүшөт жана субстанцияларды тийбөөнү, тааныш эмес объекттерге жолобоону сунушташат. Башка анализдер аркылуу барийдин ак туз затын, радиактивдүү заттарды, сейрек учурай турган ферменттерди жана вирус ойготуу биологиялык агенттерди изилдеп чыгуу мүмкүн болгон. Андан тышкары күмүш жип-желени колуна алгандардын көбү кийинчерек жабам акыбалга өнөкөт оорулары жөнүндө айтышкан.
Окумуштуулар бул зат учурда түшүнүксүз көрүнүштөрдүн бар экенин далилдейт жана алар атмосферада өзгөчөө конструкциядагы учуучу аппаратта учуп өткөндөн кийин пайда болот деген ойдо биримдикте.
Бирок булар жашырын аскер жана бтологиялык экспериметтер деп болжолдосок, анда “периштенин чачы” байыркы Египет жана ортокылымдагы Европада кайдан пайда болгону түшүнүксүз. "
Уландысын билүү