Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Параллелдүү ааламдар же биз келгиндербиз
"Параллелдүү дүйнөлөр же альтернативдүү чындык көптөн бери жыңылык эмес. Теоретиктер бул көрүнүштөрдүн рационалдуу түшүндүрүүсүнө жакындап калышты. Окумуштуулар азырынча так далилдерди көрсөтө алышпайт, бирок көптөгөн иштелип чыккан гипотезалардын бар болууга укугу бар. Биринчиден булардын баары эмне экенин түшүндүрүү керек.
Ошентип, биринчи жана эң таралган “параллелдүү дүйнө” деген түшүнүктүн аныктамасы бул биздин мезгил менен, ушул эле жерде жана ушул эле кишилер менен бир маалды бар болгон жер. Бирок бул параллелдүү жерлерде болуп жаткан аракеттер биздин дүйнөдөгү окуялардан айырмаланат. Параллелдүү чындыктар геометриялык прогрессияда чоңойот. Биз тандоонун алдында турган сайын кошумча параллелдүү чындык пайда болуп калат жана ал ар кандай майда-чүйдөдөн көз каранды. Башкача айтканда бул жашоолук глобалдуу чечимдер болбошу да мүмкүн. Мисаалы, эртеден баштап, биринчи тандоо пайда болот: эмне ичсем чай бы же кофе би? Кабыл алган чечимбе жараша биз белгиленген жол менен кете беребиз. Андан тышкары биз башка кишилердин тандоосунан көз карандыбыз, биздин жолдор кесилишет же жок – бүгүн жумушка бара жатып кимге жолуктук, ким менен сүйлөштүк, кимди көңүлсүз калтырдык. Албетте кийинки параллелдик жолдун тандоосу мындан да маанилүү чечимдерге байланыштуу: кесипти жана жолдошту тандоо, башка өлкөгө көчүү. Окуялардын түрү бири бирине байланыштуу кишилерден тандоосу менен дагы байланыштуу, канча тааныштар жана байланыштар көп болсо, ошончо мүмкүнчүлүктөр да көп. Ар бир кадам менен дүйнөлөр дагы көбөйө баштайт. Бул тарыхта этиштин шарттуу ыңгайы бардай.
Альтернативдүү ааламдар бар деген көбүнчө теорияларда бир жалпы өзгөчөлүгү бар - алар бири бири менен кесилишпейт. Окумуштуу теоретиктер альтернативдүү чындык биз жашаган чындыктан бир топ эле айырмаланат деп айтышкан, жана алар кандайдыр бир сыйкырдуу түрдө биз менен болбойт, алар башка галактикада, окшош космостук системада, өзүнүн Күнү менен жана өзүнүн Жери менен. Жана биз өзүбүзгө окшошубуз менен жолуга албайбыз, анткени алар абдан алыс.
Бирок күлкүмүштүү гипотеза бар, ал мурунку версиялардан бир топ эле айырмаланат. Анын жактоочулары параллелдүү дүйнө бул азыркы, өткөн жана келерки мезгилдер деп эсептешет. Бул мезгилдик ченемдер өз ара аракетешүүдө. Бул көп мурун түшүнүксүз нерселерди түшүндүрөт. Жана бул параллелдик окуялар кесилишет жана бири бирине таасир кылат деген жалгыз версия.
Мындайдын болушу кандай? Түшүндүрүүгө аракет кылып көрөбүз. Адамдал кылымдар аралыкта асманда кызыктуу учуучу объекттерди көргөнүн айтып келишкен. Ал эми ал жөн эле алардын учурунда чыга элек, бирок келечекте ойлонуп чыга турган космостук кемелердин изи дир? Келечекти көрүү мүмкүндүгү бул дүйнөлөрдүн кесилиши. Башкача айтканда биздик байыркы ата бабаларыбыз асманда келгиндердин кемесин эмес азыркы учактарды же вертолетторду көрүшкөндүр. Мындай көрүнүштөр биз менен дагы болуп жатат.
Балким биздин планетага көп келген келгиндер булар келектектеги бизбиз? Мына ошол инопланетяндар биз менен байланышка чыкпай жаткандын себеби болушу мүмкүн. Алар келгиндер эмес жана алар азыр жок, биздин альтернативдүү чындыкта, бирок алар келесекте бар жана Жердин жашоочуулары болуп эсептелинет.
Дагы бил мисал бар: Титаник чөгүп кеткен жерде, жүргүнчүлөрү менен кайыкты көп көрүшөт, алар өткөн кылымдагы кызык кийимчен, жана көздөрүндө коркунуч бар. Же кеменин сыртында жилетчен киши толкун устүндө илинип турат деген билдирүүлөр келет, өз тегерегинде лайнек жогуна карабастан. Ага карабастан куткаруучулар бир нече жолу аны куркарууга аракет кылышкан, бирок ал аларды көргөн да эмес, уккан да эмес, ал өз чындыгында болчу жана ал биздики менен кесилишкен эмес.
Булардын баары өтүп кеткен мезгилдин мисалдары, бизге белгилүү болгон, балким ошондуктан биз аларды түшүндүрө алабыз, же болбосо аракет кылабыз. Ал эми келекчектин мисалдарынан болсо: мисаалы, 30 июнь 1908 жылы жерге түшкөн делген Тунгус метеорити. Боломолдолгон жерде кратер дагы, метеорит дагы жок, бир гана айланада жыгытылган бактар. Бирок көп адамдар асманда из көргөнүн жана Жерге метеорит жакындап келе жаткан үн укканын жана ал кулаганын далилдей алышат. Балким ал Жерге дагы бир же эки жүз жылдан кийин дагы кулайт, бирок бул дүйнөлөр бири бирине таасир кыла жана кесилише алгандан кийин из калган, келечекте окуя кайда боло турганын белгиленген белги катары. Бул үч мезгил ченемдери бири бири менен өз ара аракеттелишүүдө. Азырынча так далилдер жок, бир гана болжолдор жана божомолдор, бул теориянын жактоочулары үчүн алар абдан логикалуу. Түшүндүргүс көрүнүштөрдү, мисаалы, асманда кызыктуу таанылгыс объект, табышмактуу артефакт жа башкаларды көрүп биз аларды оңой эле инопланетяндарга кошуп койобуз. Ал эми инопланетяндар чоү прогресске жеткен жана жогору өнүккөн цивилизация болуп калган башка дүйнөдөгү жана мезгилдеги биз өзүбүз болсокчу?"
Уландысын билүү