Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Келгин калууда
Бүгүнкү күндө бир дагы өлкө инопланетяндар бар экени тууралуу расмий маалымат берген эмес. Бирок көптөгөн учуучу объекттерди байкалган окуялар, келгиндер менен болгон массалык байланыштар, сыйкырдуу түрдө пайда болгон технологиялар далил катары кабыл алынбайт. Расмий илим инопланетяндардын бар болушун азырынча далилденбеген версия катары гана кабыл алат.
БУОнун жактооочулары асманды карап башка планеталарда же космос системадарында жашоо бар экенин билгизген белгилерди үмүт менен күтүшөт. Балким “тирүү” инопланетяды кармаган, ал тургай бүткүл дүйнөгө телевидениеден көрсөткөн учурда бул монтаж деген скептиктер кала берет.
Акыркы ондогон жылдарда археологтор жана спелеологтор бир нече сенсациялуу табылгылар болгон, алар инопланетяндар Жерде адам пайда болгонго чейин эле, ал жаралып болуп жаткан учурда жана ар дайым адамзат жашаган учурда болгонун так далилдешкен.
2000 жылы Англияда Девоншир графствосунда палеонтологтор тироннозавтрдын калдыктарын изилдешкен. Аны чопо жана чаңдан тазалап жаткан учурда дагы бир адамдыкына абдан окшош дагы бир скелет табылган. Калдыктардын жайгашканы динозавр адамды жегенин далилдейт. Окумуштуулар тарыхый табышмакты түшүндүрө алышкан эмес, анткени динозаврлар жашаган учурда адам жарала элек болчу. Скелет бир метрдан чоңурак болчу, килтейген башы жана кичинекей буттары менен. Жанында жасалма кездеменин кесимдери табылган, ал окумуштууларды башын дагы көп маң кылган.
Динозаврдын баш сөөгүндө укмуштуудай так текгерек жыртыктар табылган. Кандай болбосун жаныбардын сөөгүнүн калыңдыгын бир гана күчтүү лазем менен гана мүмкүн.
Окумуштуулар гуманоидди жутуп алган, андан кийин лазерге окшош бир нерсе менен өлтүрүлгөн дешкен. Табылгалар тууралуу эч нерсе айтылган эмес, анткени бардык жыйынтыктар бир гана божомолдоо менен түзүлгөн.
Отузунчу жылдары Цинхань провинциясында Байян-Кара-Ула тоосунун үңкүрүндө кыта йэкспедициясы массалык кишинин сөөгүнө окшош көмүүлөрдү табышкан, ошондой эле пропорцианалдуу эмес чоң баштуу жана ичке бутту. Аларды бою бир метр отуз сантиметрга чейин болчу. Болгону 716 скелет табылган. Күмбөздүн дубалдарында топ жылдыздардын, Күндүн жана Айдын сүрөттөрүн көрү мүмкүн болчу. Ар бир скелетин жанында ортосунда жыртыгы бар жана четтеринде иероглифтери менен таш диски болгон. Казуулардын расмий жыйынтыгында бул байыркы тоо маймылдарынын бир түрүнүн көмүүлөрү деп айтылган. Кырк жыл өткөндөн кийин изилдөөчүлөрдүн бири таш дисктериндеги иерроглифтерден котормо базып чыгарган. Тексти: “Дропа жерге булуттардан өзүнүн аба учагында түштү. Жергиликтүү кхам элинин эркектери, аялдары жана балдары күн чыканга чейин он жолу үңкүрлөрдө жашынышкан. Акыры алар дропа тынчтык менен келгенин түшүнүштү”. Айтмакчы, жергиликтүү кхам элинин
уламыштарында жана жомокторунда асмандан түшкөн сары терилүү жана жагымсыз келбетүү кидиктер жөнүндө эскерүүлөр сакталган. Кхамдардын уламыштары алардын ата бабалары Сириус жылдызынан келишкен, алар кайра учуп кете алышкан эмес, ошондуктан Байан-Кара-Ула тоолорунда калып калышкан деп баяндаган. 2009 жылы Руанды джунглияларында, Кигали шаарынан алыс эмес жерде башкача жандардын мазары табылган. Кырк беш күмбөз табылган, ар биринде беш эки метрлуу, чоң баштуу скелеттер жаткан. Баш сөөктүн түзүлүшүнө караганда жандарда көз, мурун жана ооз болгон эмес. Изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан Швецария антропологу бул инопланетяндардын олүктөрү деп чыныгы ишенген. Алар өз ара телепатия аркылуу сүйлөшүшкөн, жана жергиликтүү вирустун себебинен кырылып калышкан. Окумуштуулар көмүүлөр беш жүз жыл мурун болгон деп аныктап чыгышкан. Андан бери жети жылдан ашык өттүү, бирок окумуштуулар изилдөө иштеринине жыйынтыктарын жана табылгалардык так координаттарын көрсөтүшкөн эмес. Эки метрлү кулак, муруну жок мумия Египет пирамидаларынын биринде табылган. Руанд скелеттеринен айырмаланганы чоң ооздун бардыгы. Археологтордун айтымы боюнча мумия башка планеталык болчу жана ал Египетте төрт миң жыл мурун пайда болгон. Мумиянын жанында жыздыздар жана белгисиз белгилер тартылгын темир дикс табылган.
Турциянын үңкүрлөрүнүн биринен спеологтор жерде үлгүсү жок тунук, бирок бекем темирден жасалган саркофаг табышкан. Гробтун ичинде ачык жашыл терилүү мумия бар болчу. Мумиянын бою бир метр жыйырма самниметр болчу. Он миң жыл деп археологтор аныктаган көмүлгөн убакытка карабастан мумиянын чоң жана тунук канаттары сакталып калган. Кебетеси адам менен рептилиянын ортосундагы бир нерсеге окшош болчу. Бети, колдору, буттары ийне-жибине чейин кишиникине дол келген. Ал эми көздөрүнүн формасы башкача болчу, абдан чоң жана өңсүз.
Биологтор мумиянын денеси анабиоз абалында турат жар ар учурда ойгонушу мүмкүн деген жыйынтыка келишкен. Мумия лабораторияга алып келинген, ал жакта үзгүлтүксүз байкоодо жана медиктер ар дайым аны изилдеп турушат.
Табышмактуу археологиялык артефактар Дарвиндин теориясы менен тап такыр дал келбей, андан тышкары кээ бир дин принциптерине дагы шек пайда кылат. Бирок жашоонун акылдуу формалары Жерде гана бар эместигин жана алар адам жаралганга чейин пайда болгонун так далилдей. "
Уландысын билүү