Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
НЛО ишеним телефону
"Асманда түшүнүксүз объектти көргөндө бул башка планеталык жандардын аракети экенин билдирбейт. Эң чоң өзөктүк мамлекеттерде жашырын проекттер иштелүүдө, аскер жаратуулар, экперименттер, коңшуларды жана атаандаштарды тынымсыз байкоолор жүргүзүлүүдө, ошондуктан көбүнчө сырлар жасалма түрдө жаралган. Кээ бир мамлекеттердин өкмөтүнө келгиндердин бар экендиги жөрүрдө гипотезаны моюнга алуу оңойюрак, өздөрүнүн базаларын ачыкка чыгаруунун ордуна. Көптөгөн чуу көтөргөн феномендер илимий түшүндүрмөсүн алышкан астрономия же атмосфера көрүнүштөрү деп, бирок адамдар башка дүйнөлөр менен байланышуулар жөнүндө, укмуштуудай байланышуу же жоголуп кетүү окуяларын айтынуу токтотушпайт. Сүйүүчүлөр тобу жаралууда, алар түшүндүрулгүс көрүнүштөр, учуучу тарелкалар жөнүндө маалыматтарды чогултушат, аларды изилдешет, архив документтерин, байыркы текстерди жана БУО менен байланышту сүрөттөрдү изилдешет.
БУОну изилдөө үчүн ар башка мамлекеттин расмий мамлекеттик мекемелер бар, белгилүү проекттер Көк чымчык, Градж, Сайн жана башкалар. Ар мезгилде келгиндерди жана белгисиз учуучу объекттерди изилдөө темасы бир жашырын, бил эдге ачык болгон, бирок ар дайым түшүндүрүлгүс факттар, окуялар жана сырлар кала берген. Сидни Шелдон деп аталган статистика бар, ал боюнча астрономдор, мистиктер, уфология менен алек болгондор табышмактуу жагдайда өлүм табышкан. Бир нече балгилүү окуялар, Розуэлль инциденти, 51-чи Зона, Тунгусс жарылуусу көпкө чейин талаштардын жана заговор теориясынын себеби болгон. Келгиндер жөнүндү тагыраак маалыматтар кокустан өзү көзү менен көргөн, кандайдыр бир мамлекеттин саясый маселелерине кызыкпаган кишилерден келет деп эсептелинет. Кишилер көбүрөөк асманда сферага же кара үч буручтукка окшош учуучу объекттерди көрүшөт, объект бүлбүлдөй алат, ордунда катып кала алат, ылдам учуу траеториясын алмаштырын ордун алмаштыра алат. Объекттер учактарга, спутниктерге же дрондорго окшош эмес деп ишенсе болот, бирок бул алрдын башка планеталык жандар менен байланышын билдирбейт. Ал эми бизди жөн эле байкабастан, бизге алдын ала айта алган жана кырсыктан сактай алган табышмактуу жандар менен байланышуу окуялар актуалдуу болуп бара жатат. Ар түрдү илимдин окумуштуулары жана инопланетяндарды сүйүүчү-изилдөөчүлөр табышмактуу жандар менен байланышууну үйрөнүү жана аларды түшүнүү ыкмаларын издеп жатышат. Келгиндердин пайда боло турган жерлери алдын ала белгисиз болгонтан маселе кыйын болуп жатат.
2012 жылы Киевте дүйнөдө биринчи “тынымсыз” телефон линиясы ишке кирген, ал жарандардан БУОнун жана башка аномалиянын пайда болгону тууралуу кабыл алат жана текшерет. Идея уфологтордун коомдук уюмна тийиштүү, алар өзү көзү менен көргөн кишилерден маалымат чогултуга жана дароо аларды текшерүүгө кызыгышкан. БУО тууралуу маалымдоо үчүн телефон чалып жана байкоонун бардык майда чүйдөсү менен айтуу жетиштүү: жерди, убакытты, окуяны. Байланыш борборунда дежурный уфологтор иштешет, ал эми Киевтин бардык аймагында волонтерлор, алар БУО менен жерге чыгууга, болуп жаткан окуяны профессионалду фотого же видеотехникасына тартууга жана окуяны, көрүнүштү изилдөөгө ар дайым даяр. Уфологиялык уюмдар өзү көзү менен көргөн кищилерден ылдам маалымат кабыл алууга чоң кызыгууда. Албетте чалуу-борборуна темага тийиштүү эмес тамашакөйлөрдөн, окуучулардан, психикасы туруктуу эмес адамдардан чалуулар да болот. Бирок фильтрлоо системалар мындай учурларды тааныганды жана сорттогонду билет. Статистика боюнча 2011 жылы, “тынымсыз линия” пайда боло электе адистер беш массалык БУОну байкаган окуяларды текшеришкен. Киевдин асманында болуп жаткан окуялар жөнүндө калктын айтуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондон кийин, иштетүү билдирүүлөрдүн саны жүз эсе көтөрүлдү, бирок БУО менен далилделинген жолугуулардагы көбөйдү. Абдан кызыктуу окуялар Украинанын аномалияларды изилдөө илимий- изилдөө борборуна “ЗОНД”ко жөнөтүлөт, ал жактын адистери деталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге барышат.
Көбүнчү “пульсациялоочу кызыл түстү шар” тууралуу билдирүүлөр көп түшөт. Кээ бир учурларда текшерүүлөрдөн кийин алар кытай фонарлары экени аныкталып чыгат. Бирок изүүлдөөгө алынган билдирүүлөр дагы бар. Мисаалы, Троещина аймагында катып калган жаркыраган темир жылтырактуу куб же Киевтин жанындагы талаадагы килтейген тегеректер.
Уфологтор инопланетяндар менен жолугушулар жөнүндө бардык мүмкүн болгон маалыматтарды тарыхый докуметтерден байыркы замандан баштап азыркы учурга чейин чогулткан. Системага салышкан жана БУОнун жүрүшү тууралуу бардык материалдарды хронологиялык иретинде тизишкен, келгиндердин сүйүктүү жерлерин белгилешкен. Алдынкы пландарда БУОнун Киев облусунун асманында учууларынын картасын түзүү. Изилдөөчү-аномалисттер “Украинанын асманында БУО далилдеринин улуттук архивин” түзүшкөн. Акыркы беш жыл ичиндеги эң эле укмуштуу феномен деп киев уфологтору Киевтин жанындагы Яблугивка айылында болгонду айтышат. Ал жакта жүздөгөн адамдар үч буручтук формадагы БУОну көрүшкөн, ал нечен түрдүү болуп жаркырап турду жана көпкө чейин асманда катып калган. Өзү көзү менен көргөн кишилер сүрөт тартып алышкан. Объект жоголуп кеткенден кийин, адамдардын көбү өздөрү начар сезгенин жана баш ооруганын айтышкан. Кээ бир өз көзү менен көргөн кишилер эйфория жыргал абалында болушкан. “Тынымсыз линиянын” уюштуруучулары аны Украинанын башка шаарларында дагы ачканы жатышат.
2017 жылы дагы бир “тынымсыз линия” ачылган, бирок Англиянын Блэкпул курорт шаарчасында Ланкашир графствосунда. Бул аймак эң эле БУОнун келүүчү жери. Ар жума сайын таанылбаган объекттердин учуусун жасып алуу мүмкүн. Бирок алардын баары “учуучу тарелкалар” эмес, анткени шаардан алыс эмес аралыкта Улуу Британиянын аскер техникасынын эксперименталдуу аэродрому жайгашкан. Бирок өзү көзү менен көргөн кишилер алар бир гана аэропландарды жана учактарды эмес, анан дагы диск сымаал гарларды көргөнүн айтышат. Уюштуруучулар бир гана БУОнун учууларын жазбастан, аларды изилдөөгө Улуу Британиянын коргоо министирлигине берүүнү, анан дагы өз алдынча анализдөөнү жана изилдөөнү, андан кийин бардык жыйынтыктарды уюмдун сайтына киргизүүнү пландаштырышат."
Уландысын билүү