Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Графикалык план
"Перунун түштүк тарабында Наска деген чөл бар. Анын килейген аянты узундугу элүү жана туурасы беш-жети километр болгон кызык линиялар менен тартылган жана так таанылуучу сүрөттөр менен – тотугуч, маймыл, жөркөмүш, гөл, кескелдирик. Бул сүрөттөр эң эле чоң жана аларды өйдөдөн гана көрүү мүмкүн. Бул сүрөттөр геоглифтер деп аталат, ал эми бул жер корук болуп эсептелинет жана Юнесконун Дүйнөлүк мурасы тизмесине кирет.
Бир кылымдан бери сүрөттөрдү изилдөө жүрүп жатат. Алар жөнүндө биринчи эскертүүлөр он алтынчы кылымдын ортосуна тийиштүү жана “Инктер жолунун” линиялары менен Наска чөлүн өтүп бараткан испан священнигинин жазууларында кезигет. Биринчи жолу аларды учуушу шарда учуп бара жатканда көрүү мүмкүн болгон деп эсептелинет. Ал эми жыйырманчы кылымдын башында сүрөттөр америкалык археолог Пол Косок менен тартылган. Наско платосунун изилдөөсү боюнча немис архелогия илиминин доктору Мария Райхе иштеген. Согуш бүткөндөн кийин гана самолеттон биринчи сүрөттөрдү тартуу мүмкүн болгон. Азыркы учурда спутниктен жасалган так сүрөттөр бар, бирок бардык платонун толук сүрөттөрүнүн картасы дагы эле жасала элек.
Кээ бир геоглифтердин көлөмү уч жүз метрге жетет. Бул отуз сүрөт, жети жуз аралыгындагы фигуралар жана он уч миңден ашык линиялар.
Мындай географиялык кайрылуунун мааниси эмнеде? Ал кимге арналган жана ким калтырган?
Окумуштуулар сүрөттөргө нечен жүздөгөн жылдар жана аларды байыркы замандын тарыхии эстеликтери деген ойдо биримдикте. Сүрөттүн линиялары траншея түстү туурасы бир метрден бир жарым метрга чейин жана туурасы жарым метрга чейин. Курган чөлдүү аба аларга жакшы сакталып калууга мүмкүндүк берген. Кум бороондорунан сүрөттөрдүн лтнтясы эч бузулган эмес. Сүрөттөрдүн жер үстүнө так проплорциялар менен тартылганы тангалдырат. Түз линиялар рельефке, жарга жана кичине дөңдөргө байланыштуу эмес, жана километрлеп так, жоондугунда жана окшоштугунда эч кемчилик жок. Заманбап геодезиялык ыкмалар мындайды кайталоого мүмкүндүк бербейт.
Он экинчи кылымга чейин Наска өрөөнүндө инктер жашашкан, мына ушул учурга окумуштуулар кээ бир сүрөттөрдүн пайда болушун айтышат.
Версиялардын бири – бул жергиликтүү тургундардын асмандагы телолордун астраномиялык изилдөөлөрү жана байкоосу. Балким алар астрологиялык күнбарагын же жылдыздуу есмандын картасын жазашкан. Мария Райхе, өзүнүн изилдөөлөрүнө жарым жылдан ашык убакытын арнаган, Наско платосу эң масштабдуу “ачык асмандагы обсерватория” деп айткан. Окумуштуулардын башка ойу - сүрөттөр ритуалдык ырымдарды жасоо үчүн жасалган жана кудайлар менен байланышуу ыкмасы болот. Аны лабиринттердин бардыгы далилдей, мындай лабиринттер инктерде жер дүйнөөсүнө кирүү жолу болчу. Кысыктуусу, килтейген платодо толгон сүрөттөрдүн арасында адамдын болгону бир гана сүрөтү кезигет.
Дагы бир гипотеза – сүрөттөр картасы өзгөчө коду менен шифрдуу кайрылуу. Кээ бир линиялар жана фигуралар кайталанып турушат, килтейген жана кичирээк сүрөттөрдү камтыйт, балким алар сөз болуп түзүлөт.
Ал эми эң кызыктуу версия - бул башка планетадан пайда болгон сүрөттөр. Балким сүрөттөр адам менен тартылган эмес, аларды башка планеталык жандар тартышкан чыгаар, аларга Жер топурак ойночуу жердир. Ошондой эле жер үстүндө тартылган белгилер кийнки башка Ааламдан келген келгиндерге белги деген дагы версия бар. Акыркы азыркы гипотездердин бири кызактуу сүрөттөрдү жер астындагы жасалма суу системаралы деп түшүндүрөт. Наска шаарында кудуктардын системасы сүрөттөрдүн линиясына окшош жайгашкан – дал келүүбү же мыйзам ченөөбү?
Эө эле чоң сүрөттөр ошондой эле Пальпа платосунда кезигишет, ал Наскадан 30 километр алыстыкта жайгашкан, бирок ал жакта көьүнчө адамга окшош жандар, жылдыздар, октаграммалар, зигзаг сымал линиялар жана эки спиралдуу окшоштуктар тартылган. Көптөгөн жылдыздардын ар түрдүү аягы менен сүрөттөрү “шамалдын розалары” түрү же башка дүйнөгө кирүү үчүн килтейген ачкычы божомолдоо мүмкүндүгүн берген. Уфологтор так ушинтип башка планеталык объектер үчүн конуучу жерлер мелгиленген деп, бул пикирди четке чыгарышпайт. Бирдеген геоглифтер Түндүк Америка аймагында, Чили аймагындагы Атакама чөлүндө кезилишет. Эки миңинчи жылдын башында оюлар Казахстан чөлүндө табылып чыккан, антрополог, уфологтор, археологтор жана ар башка мамлекеттерден келген окумуштуулар изилдеп жатышат.
Кээ бир изилдөөчүлөр геоглифтердин жашын сеги з-тогуз кылым баалашат.
Сүрөттөр көп убакыт ичинде бара-бара пайда болушкан жана бир муун ичинде пайда болгон эмес – демек, кайрылуу бара-бара жаңы маалымат менен толукалып турду. Графикалык план эмнени билирет? Ал кимге арналган? Азырынча бул суроолорго жооп жок."
Уландысын билүү