Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Күтүүгө мүмкүнчүлүк бар
Майдандагы чоң атасынын чоң энесине жазган каты небересинин колуна тийгенде аны көрүп алыскы айылындагы мектепте 4-класска чейин ушундай сапаттуу билим береби деп таң калды. Ал сүйүктүү жубайына ийменүү жана жароокердик менен көркөм сөздөрдү колдонуп бир да катасы жок тамагаларды мончоктой тизип жазган экен. Чоң атасы катты аябай күчтүү сүйүү сезимдери балкып жазылганы байкалып турду. Ал 22 жашында, чоң энеси 16 жашында баш кошуп төрт балалуу болушкан. Айылда жашап чарба иштери менен алектенишчү. Чоң атасы узун бойлуу, сымбаттуу, ичимдикке жакын, ошол эле учурда чеги менен ичкенди билген киши эле. Мындан сырткары колхоздун сыйлуу, ардактуу адамды болгон. Чоң энеси аны ар дайым колдоп, чарбалык иштердин баарын өз мойнуна алган. Алар ортозаар жашашчу. Ал убакта нике кыйдыруу өзгөчө мааниге ээ болуп Кудай кошкон жубайларды жер жүзүндө эч ким ажырата албайт деген ишенимге бек болушкан. Балким ал тагдырдын буйругу менен ага өмүрлүк жар болуп калганына өтө ишенип алган чыгар. Анткени алардын сүйүүсү ортодо чыр-чатактарды чыгара койчу эмес.
Айылда бир нерсени жашыруу кыйынга турат эмеспи. Күйөөсү тиги-бул кыздар менен жүрөт деп сөз ташып келген коңшулары көп болгон. Аларга ишене бербей жай гана күйөөсү бир эле адамды сүйөрүн жана үй-бүлөсүн таштап эч жакка кетпей турганын айтып койчу. ""Ал деген эркек тиги кыздар менен көңүл ачуу үчүн гана жүрүп коёт, байкуштарга алданганын билбей жүрүшөт да"" дээр эле. Башкага кетип калат деп ишенген эмес. Бири-бирине ардактап-сыйлап жана ишенмин жоготчу эмес.
Бир күнү согуш башталганда тууралуу кабар келип ишке жарамдуу эркек кишилердин баарын фронтко чакырды. Ал эми аялдар ачка-ток калып, бала-чака багып, оор жумуштарды жасап, эгин талааларында иштеп согушка азык-түлүк жөнөтүп турушту. Башка аялдар күйөөлөрүнүн кайтып келишинен үмүтүн үзүп койгон. Чоң энеси эч муңайбай жүрө берди.
1943-жылы чоң атасы курман болду деген кара кагаз келгенде, башкалар сынып мүңкүрөп ыйлаган жок, балдарына да айтпады. Ал түрүү деген үмүтүнүн шамын өчүрбөй, аман-эсен кайтып келерине ишеними күч болчу. Ага аза күтүүнүн ордуна, көңүл айтуу үчүн келгендердин кабыл албай артка кайтарып жатты. Балдарына атасы каза болду деген сөздү угузбоого аракет кылды.
Ал эми согуш бүтүп аман калган айылдыктар кайтып келе жатканда чоң энеси үзүлбөгөн үмүтү жол карай берди. Кызыгы, ошол учурда айылдан дан калбай, запастагы азыктардын баары түгөнгөн эле. Ал эми чоң энеси төрт баласы менен кантип жан сактап отурганы азыркыга чейин эч ким билбейт.
Ал эми чоң атасы кайтып келгенде, дагы бир таң калычтуу окуя орун алды. Ал 1947-жылы келген. Ооба, чоң энеси ошондо дагы үмүтүн үзбөй күтүп отурган.
Анын акылына доо кетип, көп жеринен жаракат алып, узак убакыт ооруканада жаткан экен. Эс-тутуму менен угуусун калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынган. Акыры бир күн саламаттыгы чыңдалып бутуна турган.
Кадимки күндөрдүн биринде чоң энеси жайытта эчкилерин багып жүрүп, тээ алыстан ийинине баштыгын асынып келе жаткан аскерге көзү түштү. Анын басканын узак жол жүрүп, чарчап келаткан байкалды. Анын караанын көрөрү менен дароо күйөөсү экенин жазбай тааныды. Аны согушка узаткандан кийин кысылып жүргөн жүрөгү бошоп, кубануу менен лакылдап согуп, астынан чуркап чыгып, мойнуна асылып кучактады. Бири-бирин бекем кыса кучактап бир саамга чейин кыймылдабай турушту. Андан соң жай гана үйүнө карай жөнөштү.
Муну көргөн айылдыктар айраң таң калып, көргөн көзүнө ишене албай турду. Ошондогу кара кагазды алып келген колхоздун жетекчиси өзүн күнөөлү сезип жатты. Ал айылда согуштан кайтпай калгандардын тактага жазылчу тизмесине анын атын кийирүү үчүн далай жолу келип кол койдура албай кеткен болчу. Чоң энеси ага кескин түрдө баш тартып, ал тирүү жана сөзсүз кайтып келет деп макулдугун берген эмес.
Үйдө балдары кубанып, кыйкырып, аны кучактап, өөп жабалактап ойноп жатышты. Жети жылдын ичин балдары бир кыйлага чоңоюп калышкан.
Чоң атасы, чоң энеси экөө үйдө жалгыз калганда ал анын сүйүүсү үчүн гана тирүү калганын айтып берди. 1943-жылы душмандар аларды туткунга алып, атууга буйрук берген. Ошондо көкүрөккө тийген октун үнү угулуп, жыгылып баратканда аялынын үнү кулагына жаңырып ""Тур, тур, тур! Сен жашашың керек! Мен сени күтөм, тур ордуңдан!"" деп коё бербегинин айтты. Өзүнө келсе, бир суткадан кийин аны партизандар тапкан. Алар боору оруп, абалын түшүнүп анын тирүү калышына мүмкүнчүлүк берген.
Согуштан кийин чоң атасы 10 жыл жашады. Ал аралыкта бактылуу жубайлар дагы эки балалуу болшту. Ал үйүн оңдоп, согушта талкаланган айылды калыбына келтирди. Ар бир таңда жубайына анын сүйүүсү жана чексиз ишеними үчүн алкыш айтчу болду.
"
Уландысын билүү