Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Ааламдардын байланышы
Британиялык физик Уильям Барретт оптика жана электроника адистиги боюнча билим алды. 40 жылга чукул сутендттерге лекция окуп, илимий-изилдөө иштери менен алектенген Дублиндеги Королдук илимий колледждинде 29 жашында профессору болгон. Анын негизги ийгиликтери болуп металлдарды, тагырааак айтканда биринчи телефондорду жана трансформаторду чыгарууда колдонулчу кермний менен темирди эритүүнүн жол-жобосун түзүп чыккан. Мындан сырткаыр Барретт оптометрди (көздүн күчүн өлчөөчү аспап) ойлоп тапкандардын бири болгон. Кийин аананИлимге кошкон эмгеги үчүн Британия империясы күжүрмөн ордени менен сыйланган.
Өзгөчө XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында англиялыктарда өтө популярдуу болуп турган адаттан тыш башка аалам менен байланышуу туурасындагы (спиритизм) изилдөөсү ага чоң атак алып келген. Уильям Барретт эмнеге айрым адамдар галлюцинация менен гипноздун таасирине өтө берилип кете турганын түшүндүргөн. Британиянын кадырлуу коомчулугу бүбү-бакшылардын жардамы менен өлгөн адамдардан маалымат алып, аркы дүйнө бар экенин далилдеп турушкан.
Барретт изилдөөсүн ошол доордун эли өзгөчө күч катары эсептеген телепатия, көз ачыктык жана гипноз боюнча баштаган. Ал Флорри Кларктын кызы жерге тийбей, эч нерсени кармабай отуруп алганын өз көзү менен көргөнгө чейин бардык кубулуштардын илимий түшүндүрмөсүн таап келген.Ал транска кирип Уолтер аттуу арбакка анын денеси ойноого муюп берди. Бул учурда өлгөн адамдардын тирүү туугандарына айткандарын уга алган.
Британиянын илимди өнүктүрүү ассоциациясы Барреттанын башка аалам менен байланышуу боюнча изилдөөсүн колдоого албай, анын отчетторун жана аркы дүйнө менен байланышуу боюнча адаттан тышкаркы кубулуштар боюнча макаласын көпкө чейин кабыл албай коюшту. Ага бир гана жубайы Флоренс ишенип, эмнени жасаса да шек санабай кош-колдоп кубаттап тураар эле. Бул анын изилдөөсүн андан ары улантууга дем берип турган.
Флоренс жергиликтүү ооруканада хирург болуп иштейт. Ал оор абалда жаткан, каза болгон бейтаптардын кызыктай окуяларын айтып берчү. Алар өлөөр алдында каза болгон туугандары менен сүйлөшүп, алардын дүйнөсүнө кошулууну же бул жакта калуу боюнча кеңеш сураган. Уильям адамдын өлүм алдында көргөн кубулуштары боюнча изилдөөгө белсенди. Өзүнө тирүү адамдар менен өлүктөрдү эмне байланыштырып тураарын аныктоо тапшырмасын койгон. Эмнеге алар бакшы болуп башка дүйнөдөгүлөрдүн үнүн угат деген суроого жооп издеп жатты. Бирок бул кубулушту алдамчылык катары сыпаттагандар да болгон. Уильям көп байкоолорду жүргүзүп, изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жасоонун жыйынтыгында ""Өлүм төшөгүн көрүү"" деген китеп жарыялап руханий дүйнө менен аркы дүйнөнүн жана эки дүйнөнүн мамиледе болуусуна талашсыз мүмкүнчүлүктөр бар экенин далилдеген.
Ал окумуштуу каза болгондон кийин аялы Флоренс 11 жыл андан ар кандай жолдор менен түрүү маалыматтарды алып турду. Анын натыйжасында ""Өлүмгө багынбаган инсан"" деген китеп жазып чыкты.
Уильям жубайына аркы дүйнөнүн жашоосу тууралуу айтып, ал жакта жер планетасына салыштырмалуу жашоо жеңил жана бири-бирине аяр мамиле кылышаарын баяндаган. Мындай байланышууга болгон мүмкүнчүлүк Уильям и Флоренстин сүйүүсүн андан ары улантууга өбөлгө болуп махабаты өчкөн эмес. Ал жубайы менен байланышкан сайын адамдар философия менен гана чектелбей өлгөндөн кийин да жашоо бар экенине өзү күбө болуп ачыктоого аракет кылчу. Анын жер планетасы менен байланышууга тынымсыз жол издешине сүйүүсү себеп. Ошол сүйүү аркылуу гана бийик чептин эшиги ачылып, табышмактуу сырлардын түйүнү чечилет. Эгер сүйүү жок болсо аркы дүйнөдөгү жашоо укугунан кол жууп калат.
Жашоонун маңызы эки дүйнөдө тең — эч нерсеге алмашпаган, чексиз сүйүү. Аны жактырган адамыңа канча керек болсо, ошончо бере аласың. Анын көлөмү чектелбей барган сайын ашып-таша берет.
Флоренс экөөнүн байланышы тууралуу коомчулукка чыгаргысы келип, андан муну кантип ишке ашырууну сурады. Ал ""бул адамдын акыланан көз каранды"" деп жооп берди. Муну кабылдоого даяр болгон адам гана түшүнүшү мүмкүн. Бардык нерсенин өзүнүн убактысы келет.
Уильям адам өлгөндөн кийин да жашоо бар экенин билүү өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, аны үчүн ички дүйнөсүн ачып, ички туюмуна ишенүү керектигин белгиледи. Мунун менен жаңы энтузиазм пайда болуп, жашоосун көркөмдөп, жада калса биринчи түрү суук көрүнгөн нерсени да сулуу кылып кароо мүмкүнчүлүгү болорун билдирди.
"
Уландысын билүү