Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Божомол
Лариса дем алыш күнү шаар четиндеги санаторийде эч алып жаткан эжесинин абалын сурап келүүгө жөнөдү. Автобус менен баратып жолдун жарымына жеткенде цыгандар тобу менен чыкты. Жүргүнчүлөр алардан четтеп калышты. Ал бо жер издеп автобустун ортосуна өткөндө, ага бир жигит орун бошотуп берди. “Жөн эле коюңуз” дегиче болбой бир цыган кыз ортолоруна кирип барып бош орундукка отуруп алды. Жигиттин жини келип аны кайра тургузуп салды. Лариса ыңгайсыз абалда калып отурду да, бараар-барганча жанагы окуяга сарсанаа болуп барды. Лариса бала чагында цыганлардан коркуп, алард көргөндө алыстан айланып өтөөр эле. Качандыр бир жолу цыган кемпир ага “сен тун балаңды төрөгөндөн кийин күйөө көз жумат” деген эле. Анысы айтканындай эле болду. Ал мистикалык нерселерден такыр эле оолак болуп, жылдыз төлгөсүн окуучу эмес, жада калса кечээлерди курбулары менен тамашалап да төлгө ачпайт эле. Өзү математика мугалими болгондуктан логикага гана таянып тагдырдын жазмышы дегенге да ишенгиси келчү эмес.
Бир цыган аял Лариса менен орун бошотуп берген жигит экөөнөн көзүн албай карап баратты. Өзүнүн тилинде башкалар менен катуу кыйкырып сүйлөшүп жатты, бирок аны түшүнө алабйсың.
Лариче жетчү жерине келип аялдамадан түшүүгө багыт алып, артынан жанагы киши да жөнөдү. Цыган аял ага бир нерсени шыбырады эле колун серпип тилдеп кирди. Ларица жерге түшкөндө баягы аял жабылып жаткан эшиктен башын чыгарып “Бош керебеттен өзүңдүн бактыңды табасың, аны бекем сакта” деп кыйкырды. Эмне болуп жатканын түшүнө албай, кызыктай абалда калды. Анан акырын эжеси жайгашкан жерди тапты.
Ал палатага кирери менен бош турган эки керебетти жана автобуста бирге келген кишини көрдү. Ал апасынан кабар алууга келген экен. Келген адамдары дарыланууда болгондуктан күтүп отуруп калышты. Жанагы киши өзүн Вячеслав деп тааныштырды. Ларисадан 10 жашка улуу экен. Экөө ар башка темада ээн-эркин сүйлөшүп, автобустагы цыгандарга чейин кеп кылышты. Лариса ал окуяны эжесине айтпай койду.
Кайтканда экө чогуу келип, кечке каткырып күлүп телефон номерлери менен алмашып, кийинки жумада да туугандарынан кабар алганы келүүгө макулдашышты. Лариса үйгө келип бул жөн эле дал келүүбө же аткандары аткарылып жатабы деп ойлонуп калды. Мунун жообун таба албады. Анысы маанилүү эмес, Слава ага аябай жагып кийинки жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп күттү. Ал анын көңүлүн алып, ар кандай сюрприздерди жасап жатты. Лариса аны кулинардык өнөрүү менен жүрөгүн элжиреткенди жакшы көрчү. Экөө тең театр сүйүүчүлөрдүн катарында болуп, бир да премьераны калтырбай барууга аракет кылышчу. Бир жылдан кийин ал өмүрлүк жар болууга колун сурады.
Славанын апасы менен Ларисанын эжеси экөөнүн табышуусуна себепкер болгонун сезип, аны менен абдан сыймыктанышты. Жубайлар чакан той өткөрүп, андан соң Европага саякаттоого кетишти. Бул экөөнө тең аябай кызыктуу болуп бири-бирине төп келген жубайлар экенин далилдеп турушту. Аябай ынтымакта күн кечирип, мурда жалгыз кинтип жашап жүрүшкөнүнө таң калып бүтпөйт.
Күндөрдүн биринде таңкы тамактанууга отурганда Лариса алардын кантип таанышып калганын эстеди. Славага цыган аялдын айткандары туура чыкканына оозу ачылып, ал анын бактысына жаралып, анын камкоордугу аябай жагып ал төлгө ачтырып алдын ала айткандардан аябай корчу. Азыр эми алардын айткандары туура чыгып бактылуу жашап калды.
Ал тездик менен өңү кубарып, кофе ичүүнү токтотуп, кепке сөзгө келебей, анан ваннанын ичине кирип көпкө отуруп алган. Мурда мындай болгон эмес. Лариса эмне кылып таарынтып алдым түшүнө албай жүрдү.
Кийинчерээк ал азыр мунун түшүндүрүп бере албасын айтып, тез арадаийимберин чогултуп апасына бара жатам деп кайра чалууну убадалап кетти.
Ларисанын ага эмне болгонун биле албай, балким цыгандын сөзүнө ишенип койгонуна капаландыбы жок ал нерсе үйдөн кетип калышына себеп болбошү мүмкүн деп кечке башы катып отурду. Кечинде кайненесине чалганда Слава келбегенин айтты.
Ал жумушуна да чыкпай, телефонун өчүрүп, бир ай бою дарын-дарексиз жоголуп кетти. Баарынын тынчы кетти. Лариса күйөөсү жоголгонун айтып полицияга арыз жазды.
Кийин ага күйөөсүнүн жоголуп кетишинин себебин түшүндүргөн кат келди. Көрсө алгачкы жолугушууда автобустан чыгып бара жатканда цыган аял ага “эгер сүйгөнүң сага мен жөнүндө сага айтып берсе, ошонун эртеси анын жүзүнө карап койсоң өлүп калат”, деп шыбыраган экен. Ошол учурда ал муну сандырак сөз катары кабылдаган. Биринчиден аны сүйүктүү аялы болгон эмес, экинчиден ал пайда болсо бул цыганды эмнеге таанышы керек деп койгон. Лариса өзүнүн окуясын айткандан кийин, Славанын эсине түшкөн. Анан ал аялдын айткандары туура чыгып калганына ынанп түшөт. Эгер Ларисага айткандары туура чыкса, экинчиси да аткарылат.
Ал дайым жазып, чалып турууну убадалап, бирок жүзүн көрө албай турган болду. Анткени цыгандын айткандарын текшерип көрүү алда канча кооптуу. Ал жашаган дарегин жазган жок, дагы азгырылып келип албасын деп ойлогон.
Мына 10 жылдан бери алар эки башка жакта жашашууда. Ал белектерди жөнөтүп турат, тааныштары жана достору аркылуу майда-чүйдө иштерге жардам берип турат. Күнүгө бир топко чейин телефондо сүйлөшүшөт. Бир эле жери бири-бирин көрүп, кучактап өбүшө алышпайт.
Бул өтө чоң сыноо. Бирок алардын сүйүүсү мындан чыңала бермекчи.
"
Уландысын билүү