Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Шерик
Жылда жай мезгили келери менен Антонина Ильинична неберелерин айылга алып кетчү. Аз да болсо да уйкуларын кандырып, үйдүн табигый азыктарын жеп жана майда-чүйдө чарбалык иштерине жардам берет дечү. Чоң энеси Лиза менен Павликке ата-апасындай кылып баланын өзү менен өзү болуусун чектебей чыныгы жашоону үйрөтүүнү убадалады.
Ал бул жылы май айында келип неберелерин алып жолго чыкты. Үч сутка поезде, андан ары бир күн автобуста жүрүп отуруп акыры тоолордун койнундагы айылга жетишти. Алар эми ушул жерде август айына чейин жүрүшөт.
Анда Лиза 13, ал эми Павел 9 жашта болчу. Ушундай жол жүрүүнүн биринде Казандан Ильдар аттуу 20 жаштагы жигит чыгып алардын жанынан орун алды. Ал эми чоң энеси жолоочулардан аябай кооптонуп турар эле. Ооба, жол алыс, ар кандай жүргүнчүлөр бар баарын биле бербейсиң, анан калса бирөөнүн балдарынын жоопкерчилиги дагы бар да. Лиза Ильдарды бир көрүп эле жактырып калат, ал ачык-айрым сүйлөгөн, оор басырыктуу, кайраттуу жана жаш жигит болгон. Экөө бири-бири менен бат эле мамиле түзүп кетишти. Кечке чейин аябай ынак болуп жакын адамдардай сүйлөшүп калышкан. Ал анча деле келишимдүү жигит эмес, бирок анын жылмаюусу жана сүйкүмдүүлүгү Лиза арбап алды. Павлик уктаганда, Лиза үстүңкү кабаттагы керебетте китеп окугандай түр көрсөтүп жатты, Ильдар болсо анын чоң энеси менен кызуу сөзгө кирип кетти.
Ал өзүнү башынан өткөндөрүн айтып отурган. Анын атасы зергер, апасы бийчи экен. Алар жумуштап чет жактарга көп чыккандыктан ал чоң энесинин колунда чоңоюптур. Ата, апасын акыркы жолу үч жашарында көргөн экен. Ата-энесинен мойнуна тагып кеткен шакек гана калган. Ал шакекти атасы апасына арнап нике шакеги сыяктуу өзгөчө кылып жасаган. Аны караганда калайга окшоп жеңил, анча деле кооз эместей көрүндү. Ал ушул шакек аркылуу ата-энесине жолугам деп ырымдап чечпей тагынып жүргөн. Ал көкүрөгүнө тийип денесин чымчыгандай болуп жатканда Ильдар шакекти чечип алып ичин карады. Бир маалда ал жерден бир сүрөт көрүндү. Ары жаткан адамдын үнү угулуп анын маанисин түшүндүрүп койду. Бирок өзү аны ким айтып жатканын биле албады. Ильдар мурда аскерде жүргөндө чоң энесинин каза болорун алдын-ала билген, бул шакек аны жол кырсыгынан да сактап калган. Ага маалыматтар өзүнөн-өзү келе берчү. Ильдар шакектен алдын ала божомолду же башка жактан жардам берүүнү сураганда жооп ала алчу эмес.
Шакектин сыйкырын Антонина Ильиничнадан сырткары чоң энеси гана билген. Ильдар ата-энесин табууну, жок дегенде алар каякта экенин билүүгө зар болуп келет. Бул боюнча бир нече жолу жардамчы шакакке кайрылган, бирок пайда чыккан эмес.
Акыркы жолу сыйкырдуу шакек ага бүгүн сүйгөнүн жолуктурарын, ал кыз Ильдарды бир көрүп сүйүп каларын жана бүт тарабы төп келген жар болорун айткан. Шол эле учурда эгер ал кызды бүгүн байкабай же көрбөй калса, узак убакыттан кийин тагдыр аларды кайрадан жолуктурарын эскертет. Мынан уалм башы катып отуруп калды. Анткени ал бул күнү Антонина Ильиничнаны гана кезиктирди, ал эми эртең Тюмендеги келинчегине барып калат. Балким, шакек бир суткага адашып калды окшойтойлоп койду.
Анан дагы ал күндүзү Павелге Андерсен жомогун айтып берип жатып ар бир адамдын өзүнүн сырдуу ойлору болот деген. Ага калай жоокери жөнүндөгү жомок жакчу.
Ал үстүңкү кабаттагы керебетте Лиза менен маңдайлаш жатып уктады. Лиза түнү бою андан көзүн албай карап жатты. Ал ага жанында бирге жашап жүргөн эң жакын адамындай сезилди. Таңгы жуук Лизанын көзү илинип уктап калганда, поезд Тюменге жетип келди, Ильдар түшүп калды. Ал түшүп жатып өмүрүндөгү аябай чоң нерсесин жоготуп алгандай болду...
Лиза искусство тармагында иштеп өлкө боюнча сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп жүрдү. Ал Казань жана Тюмен шаарларына барган Ильдарды кезиктирип калам деген үмүт менен келген көрүүчүлөрдү, көчөдө бараткандарды, самолет жана поездеги жүргүнчүлүрдү тигиле карай берчү. Шаарлардан башка анын ысымын жана келбети кандай экенин күнү бүгүнкүдөй эстеп жүрөт. Ал эми өңү-түсүнүн ар бир майда нерсесине чейин унуткан эмес.
Антен менен ал жигиттердин көз кырында калган эмес. Классташтары менен сүйлөшүп, жада калса турмушка чыгууга белсенген жигити менен бирге жашап жүрдү. Ал сүйүүсүн арнап, колун сураган. Бирок, Ильдар анын эсиненен такыр кетпей, качандыр бир жолугууга үмүт арып жүрө берди. Иниси Павел тергөөчү болуп иштеп калды. Андан бир адамдын атын, эки шаарды жана 20 жыл мурунку каттамдын күнүн айтып таап берүүнү сурана берип жанын койбоду.
Кыялдар орундалат экен. Арадан туура 21 жыл өтүп, алгачкы жолугушкан күнкү күндө ал Питерде Андерсан жомогу боюнча сүрөт көргөзмөсүнөн кезиктирди. Албетте ал өзгөргөн, бирок Лиза жазбай тааныды. Аны көргөндө жүрөгү кабынан чыкчудай туйлап кетти. Ал эч качан жаңылып калам деп шек санаган жок. Ишенимдүү басып барып “Сиз дагы деле калай жоокердин күйөрманысызбы?” деп сурады.
Андан соң пикир алышып, сезимдерди бөлүшүп башташты. Ушуну менен көп жылдык айгайдын баары кетти. Кыз сүйгөн жигиттин тапты, көрсө ал дагы кызды издеп жүргөн экен. Ошентип алар кол кармашып, бактылуу жашап калышты.
"
Уландысын билүү