Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Табуу
Том менен Фред бала чагында ата-энелери достоштурган. Экөө согуу ойноп, окууга бир барып, үй жумуштарын жасоого жардам беришчү. Балдар коңшулаш жашагандыктан бири-биринен үйүнө эшигин какпай түз эле кирип барат. Томдун Люса атуу карындашы болгон. Аны Фреддин үйүнө алып баргысы келчү эмес. Эгер ээрчитип барса, карындашы аябай сүйүнөөр эле. Люси Фреддин апасы менен жакшы тил табышып, бакчасындагы иштерге көмөктөшүп жүрө берчү. Алардын үйүндө көпкө чейин жүргүсү келет. Мунун да себеби бар... Ал агасынын досун сүйүп калган. Люси Фредке ички сезимдерин билдирүүгө даай албай жүрдү. Балдар аны кичине кыз катары кабылдашат. Агалары 17, өзү 12 жашта болчу. Бир күнү алар менен кошо балык уулоого барып түнөп калышат. Ал жакка башка дагы айылдын балдар, кыздары барган. Дарыянын жегине жайгашып, ортого от жагып отурушту. Балдар бул жакка тез-тез келип тургандыктан тегерек четинде эмне бар, баарын билишет. Люси гана биринчи жолу келген. Ага күндүн кызарып батканы, жерге жагылган от, гитарада ырдагандар өзгөчө бир романтика тартуулап турду. Балдар өз алдынча балык кармашты, андан шорпо жасашты. Бир убакта ал Фредке ички сезимдерин билдирип, көптөн бери аны жактырарын ансыз жашай албай турганын жана анын аялы болууну кааларын айтты. Мындайды көтпөгөн Фред ыңгайсыз абалда калып, анын көңүлүн ооруткусу келбей жай гана “бул сөзгө дагы 20 жылдан кийин кайталы” деп койду. Азыр алар дагы деле бала бойдон да, үйлөнүүгө да алда канча эрте, кызга жакшы мамиле кыла алат, бирок сүйүүсүнө сүйүү менен жооп бере албады. Люси “дарыянын шары баарын артка кайтарбай агызып кетет, менин да азаптарымды жууп кетсин” ыйлаган бойдон сууга карай чуркады. Фред аны сууга жеткире койбой токтотуп, алдап-соолап араң жайгарды.
Эс алуудан келген күндүн эртеси Люси дайынсыз жоголуп кетти. Аны айылдын түрө кыдырып издеп таппай коюшту. Эртең менен эле ал жайдары маанайда жүргөн. Адаттагыдай Фреддин апасына келип бакчасындагы иштерине каралашып, андан соң өзүнүн жарашыктуу кооз көк көйнөгүн кийип алып үйдөн чыгып кеткен.
Фред өзүн күнөөлү сезип жатты. Аны түнкү окуяны эстеп дарыяга өзүн таштадыбы деп ойлоп айылдын жака-белиндеги суунун жээктерин кыдырып таба албай келди. Люси “көрдүм” деген бир жан жок.
Ата-энеси боздоп, каңырыгы түтөп жатты. Каза болуп калды дейин десе, сөөгү да эч жерден чыкпады. Кайып болгондой эле же өзү, же өлүгү табылбай койду.
Кийинчерээк ата-энеси бул дүйнөдөн өтүп кетти. Том менен Фред баягыдай эле дос жана коңшу болуп жашашууда. Том үйлөнүп бала-чакалуу болду. Ал эми Фред карт бойдок болсо үйлөнөйүн деген ою жок. Көп кыздар аны жактырып, көңүлүн өзүнө бурдурайын дегени менен бирин карап койбоду. Том дагы досунун үй-бүлө куруусуна жардам берүүнү көздөп жубайынын курбулары менен тааныштырып канча аракет кылбасын майнап чыкпады. Бир күнү Фред жалгыздыкты сезе баштаганын билдирди. Жалгыздык ага айгай салбайт деп ойлоп жүргөндөргө бул күтүүсүз жаңылык болду.
Фред Люсинин бакырайган көк көзүн жана анын тартынбай келип сезимдерин ачык айткан учурду күн сайын эстейт. Кыз анын эле жанында жүргөндөй туюла берет. Ооба, арадан канча жыл өткөнүнө карабай ал анын жүрөгүндө жашап келе жатат. Азыр да Люсинин жоголушуна өзүн күнөөлү сезет. Ошондо анын сүйүүсүнө кайра сүйүү менен жооп бербегенине арман кылып азап чегүүдө. Чынында эле ага кыз жагат болчу, болгону ал сүйүү сезимдери экенин аңдай албай калган.
Жаздын бир күнүндө Фред көптөн бери колдонулбай турган бакчасындагы эски бир кудукту тазалап жаткан. Ал кудук бабасынын (чоң атасынын атасы) учурунда казылып кийин иштетилбей калып, анан бирөө жарым түшүп кетпесин деп оозун жаап коюшкан. Суулар чыкпай соолуп калгандыктан жаңы кудук казып же эскисин калбына келтириш керек болгон.
Том адаттагысынан жазбай эле барып жардам берейин деди эле досуна рахматын айтып баш тартып койду. Фред эртеден кечке тынбай казды.
...Фреддин үйүндө майрам болуп жаткандай чурулгандаган үндөр чыгып, түнү бою свети өчпөй жарыгы терезеден үлбүлдөп тийип турду. Том таң калып дайым түнт, көп адам чогулган жерден качып жүргөн досунун үйүнө толтура коноктор келип, жакын турган жубайы экөөнү чакырбаганын түшүнң албай дендароо болуп калды.
Ошондон кийин Фред көпкө көрүнбөй калды. Буга тынчсызданган Том абалын сурап, дайынын билип коёюн деп анын үйүнө бармай болду.
Ал үйгө кирери менен эле столдо отурган Фредди көрдү. Кебетесин караса өңү купкуу болуп, көздөрү кызарып, бир нече түндөн бери уктабай отургандай. Анын жанындагы столдо көк көйнөк кийген скелет кыз туруптар. Ал скелет бир колу менен досунун колун кармап, экинчиси менен вино куюлган бокалды кармап алган.
Фред аны Томго “бул менин аялым Люси” деп тааныштырды. Ал өзү айткандай эле сүйгөнүн 20 жыл кудукта күтүптүр. Фред үйлөнүү тою аябай шаңдуу өткөнүн, ага качандыр бир убакта ушул айылда жашап өткөн туугандары жана айылдаштары келгенин айтты. Анан ал Томдон карындашы менен досу баш кошуп жатса сүйүнүчүнө ортоктош болууга эмнеге келбегенин сурады. Том айраң таң калып, Фредке жардам керек экенин түшүндү. Аны тургузуп, сыртка алып чыгайын деди эле Фреддин буттары катып кыймылга келбей калыптыр.
Том дарыгерлерди чакырганда, Фред өзүн жоготуп акылынан тайып калганын айтышты.
Териштире келгенде кыздын сөөгү чынында эле ошол кудукта болгону аныкталды. Ал кудуктун жапкан капкактын илгичине асылып калыптыр. Полиция кызматкерлери Люси кудукта түшүп бара жатканда илмекке илинип калып, ошол жерде 20 жыл бою асылып турган деп болжолдошту. Эмнеге ал эч кимди жардамга чакырбаганы табышмак бойдон калууда.
Фред Люсинин колунун бекем кармап “Биз биргебиз, ал мени менен, ал тирүү жана мен анын сулуулугунан ырахат алам” деп айтып гана кала берди.
"
Уландысын билүү