Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Маңыздын күчү
Жумуштан үйүнө кайткысы келбейт. Барса баягы эле аялынын ажылдаган үнү, бүтпөгөн армандары жана таарынчы. Александр үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн жакшы мамиле курууга канча аракет кылбасын, баары текке кетет. Ал алгачкы жолугушууларындай кылып үйгө гүл, торт көтөрү келип, анын сүйгөн ырчысы Стас Михаиловдун концертине билет алып берип, үйдө аялынын бардык тапшырмаларын жана талаптарын аткарып жүрдү. Бирок ал сөзсүз түрдө жаңжал чыгарууга себеп табып тураар эле. Согуштагы кырдаалды туюндурган жашоо анын айласын кетирип бүттү. Жакшы көргөн кызынан кол үзгүсү келбей, аялы менен ажырашууга дити барбайт.Анын үстүнө өзү да атасы жок өскөн. Антейин десең, ал башында Ольганы чын жүрөктөн сүйүп-күйүп жүрүп үйлөнгөн. Кайсы жерден жаза басканы үчүн ортолорун кара мышык аралап, жубайы эмне анча өзгөрүп кеткенин биле албай убара. Алда канча кирешелүү жумушта иштечү, бүт шарттары бар өзүнүн үйүндө жашашчу. Саша жубайын психологго алып барууну ойлоду. Ал унчукпай макул болуп барып койсо гана, ажылдап беттен алып кайра айласын алты кетирди. Экөөнүн төшөк мамилеси да качан эле токтоп калган.
Бир жолу командаровкада жумушчу жолугушууларды бүтүрүп, кесиптеши Миахил экөө ресторанга тамактанууга барышты. Жумушу жемиштүү болуп маселелери ийгиликтүү чечилгенин белгилөөгө себеп болгон. Экөөнүн балдары, аялдары жана ойношторуна чейин кеп кылып отурушту. Анан Александр ичиндеги арманын айтып берди. Ал Ольга менен аскерден жаңы эле келгенден кийин дискотекадан таанышкан. Ал анда назик, жароокер жан болчу. Экөө сезимдерге кумарланып, бири-бирине арбалып калат да, мунун тагдырдын буйругу деп кабылдашат. Жүрөккө ээ-жаа бербеген сүйүү романы эки жуманын ичинде анын аскерден келишин күтүп жүргөн мурунку сүйгөнө болгон сезимдерин солутуп, аны менен мамилесин үзүп койду. Көпкө узабай эле эки айдан кийин баш кошушту. Биринчи жылы жомоктогудай өттү. Бири-биринин жанынан чыкпай, чогу тамак жасап, дүкөнгө чыгып, аларга мураска калган үйүн тазалап-жыйнап эриш-аркак өтө бактылуу жашап жатышты. Тун кызы жарыкка келди. Эмнегедир аялы төрөгөндөн кийин аны башкага алмаштырып койгондой өзөгөрүп тажаал катынга айланды. Саламаттыгы жайында эмес дейин десең дос-тууган, коңшулар менен жакшы эле сүйлөшөт. Күйөөсүн көрсө эле кыжыры кайнап баштайт. Михаил анын ичине жин шайтан кирип алган деген божомолун айтты. Михаилдин Тамбовщинадагы эски кыштакта бир бакшы кемпир бар экенин айтат.
Михаил менен Александр командировкадан келери менен түз эле жанагы бакшы жашаган кыштакка жол тартышты. Кемпир алардын эмнеген келгенин сурабай туруп билип койду. Ал көп сүйлөгөн жок, жөтөлүп-жөтөлүр жатты. Чөптү кайнатып жатканда, жипти жана ар кандай кездемелердин кыркындысын түрмөк кылып түрүп, анан момду ээритип суунун ичине салып койду. Алар жыйынытыгын бир түн күтүштү. Эртең менен бакшы Ольганын ичине жин кирип кеткенин айтты. Ал жинге ички дүйнөсүн өз ыктыяры менен табыштап берип койгондуктан, ага жардам берүү мүмкүн эместигин айтты.
Александр бакшыга ишенип же ишенбесин билбей жан дүйнөсү сыздап кайтып келди. Үйгө кирери менен босого туруп аялынын эмнеден жабыркап жатканын билерип айтып аны түшүндүрүп берүү талап кылды. Ал дагы жанагындай ажылдап, аны жемелеп киришин күткөн. Бирок жубайы ыйлап жиберип окуянын эмне болгонун айтып баштады.
Ал Саша мурунку сүйгөн кызына кетип алат деп аны жоготуп алуудан аябай корккон. Мындан улам Саша өзүнө гана байланып башка кыздарды көзгө илбей турган кылып окутуп алат. Анын таасири бат эле тийип Саша мурунку сүйгөн кызы бул жакка коюп, мектептеги дос кыздары, бала-чактан бир өскөн достору менен да сүйлөшпөй калды. Дароо эле Ольганын колун сурап өмүрлүк жар болууга макулдугун алды. Тойдун алдында ал түш көрүп, анда кара тору, көздөрү кызыл узун бойлуу эркек киши жанагында окутуп алган дубаны кайталоону сурады. Кыз аны жатка билбей койгондо, ал айтып берип артынан кайталатты. Сөздөрү бир нерсеге байланышы барбай болуп кызыктай туюлду. Ольга эртең менен ойгонуп түндөгү түшүн эстеп, окуткан дубасы ушунчалык эсте калып, жада калса түшүнө кирип жатканына таң калды.
Кайрадан кызы Анютка качан туулганын эстөөгө туура келди. Жанагы кара тору киши күндө түшүнө кирчх болду. Андан соң анын үнү кулагына угулуп тапшырмаларды берип, аны башкарып акыр аягы денеси менен акыл-эсин ээлеп алды. Жөнөкөй эле сөздөр менен багынып берген: “өзүмдү анын мага болгон чексиз сүйүүсүн берем, азыр мени сүйгөндөй кылып сүйүүшүнө уруксат берем. Мени кандай сүйсө ошондой кылып, бар күчүмдү, жашоомду жана денемди сага берем” деген.
Александр жан дүйнөсүн кызына арнап, бүт убактысын аны менен өткөрүп жатты. Бул көрүнүш аялынын жанын ачытып турду анткени анын ичинде жиндер жашап жаткан. Өзүн жин шайтандарга берип жатканда ушундай кылып сүйүп өтөсүң деген шарты аткарылды.
Ольга канчалаган көзү ачык, бакшылардын эшигин кагып барып жатты. Бирок баары жардам берүүдөн баш тартты, анткени ал өз ыктыяры менен ички дүйнөсүн берип койгон. Эми өмүрү өткөнчө жин шайтандар менен жашайт. Айласы кеткеде чиркөөгө барып дин кызматкерлерине да кайрылды, алар эмне демек эле жасаган күнөөгө эми жооп бер деп узатып коюшту. Эми анын азабын тартууда. Бирок өзү жалгых эле эмес, анын күйөөсүн, кызын да тартып кетти.
"
Уландысын билүү