Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Чындыгында түш
Алар университетте биринчи курста таанышкан. Чогу катышкан лекциялар, кечки эс алуу мунун баарын биргеликте өткөзүшчү. Макс менен Ксюшанын ортосунда чоң сүйүү бар эле, окуу жайда баардыгы аларга көз артышчу, себеби алар бир тамчы суудай окшош жана бири-бирине кам көрүп, ар дайым ачык маанайда жүрүшчү.
Студенттик күндөр көз ачып жумганча өтүп кетти. Алар жашаган батирде ар дайым группабыз менен чогулуп сессияны тапшырганыбыз майрамдап жана башка окуяларды ошол жерде чогу өткөрөт элек. Курстук иштер, рефераттар, жана башка кыйынчылыктар, алардын сүйүсүндө эч тоскоолдуксуз өтүп кеткендей сезилди. Жайында Крымга барып, деңиздин жанына чатыр тигип көп нерселерди үнөмдөп жашачубуз. Ошол күндөр биз үчүн өтө бактылуу күндөр эле. Биз ар дайым чогу эс алганды, балалуу болууну, Алупта же Симеизде үйүбүз болуп, ар дайым бирге ошол жакта жашоону кыялданчу элек.
Окууну бүткөндөн кийин Макска АКШдан жумуш сунушташты. Мындай мүмкүнчүлүк жашоодо бир гана жолу кездешет го, баш тартуу акылга сыйбаган иш экени белгилүү. Баарыбыз ал Ксюшанын жанында калат деп ойлогонбуз, бирок ал сунушту кабыл алып, бат эле эркиндиктин, мүмкүнчүлүктөрдүн жана мигранттардын мекенине учуп кетти.
Ксеня үчүн жашоо токтоп калгандай сезилди. Жалгыздыкка, кайгы-капага бөлөндү. Макс бир гана жолу кат жазды да ошол бойдон дайыны чыккан жок. Ксения анын кетүүсүнө жол бергени үчүн өзүн жемелеп жүрүп, акыры аны унутууга даай алды. Күндөр өтүп Ксения иштеп баштады. Анткени дайыма ал жөнүндө ойлоно берип, эс алуу күндөр аны кайгыга батырды. Жумушка чыкканда гана ал башка нерселерге алаксып, өткөн күндөрдү эсинен чыгарып койчу. Арадан 2 жыл өткөндөн кийин Ксения кабары билинбей кеткен сүйгөн жигитинен үмүт үзүп, башкага турмушка чыкты.
Ошентип жүрүп арадан 10 жыл өтөт. Ошондо гана Ксения күйөсүн сүйө албай турганын жана аны менен бирге жашай албасын, экөө такыр башка адам экинин түшүнөт. Ал болгону жалгыздыктан оолактаткан дары катары жүргөнүн, бирок жардам бере албаганын аңдады. Алардын чогу жашоосу жаңжал, жемелөө, түшүнбөстүктөрдү сыноо гана болду. Мунун баары алардын ара жолго жетеледи. Экөөнүн ажырашуусу чыр-чатак жана таарынычтар менен коштолду. Анан ал жумуштан эмгек өргү алып ата-энесинен калган эски дачага барып оор күндөрүн ошол жакта өткөрдү.
Бир жолу түндө Ксюша таң калычтуу түш көрдү. Анда Максим экөө дайыма эс алчу көз уялтып күнгө чыгылышкан мемиреген деңизди, эрке жел уруп турган күнөстүү жээкти көрөт. Анан эле анча бийик эмес дубалга жөлөнүп алыстан карап турган бир кишини көрүп, жүрөгү болк эте түштү. Ал бурулуп караганда, Макс экенин таанып Ксюша ага карай чуркады. Ошол маалда алардын ортосунда аң пайда болуп калат. Ага карабай секирди эле... ошол учурда ойгонуп кетти.
Экөө коштошкондон бери Ксюша канчалык каалап, суранып, күтүп жатса дагы Макс түшүнө кирген эмес. Анын түшү ушунчалык ачык жана эсте калаарлык болду. Ийне жибине чейин унутпай, кандай кийинип турганын, кантип басканан жана анын жылмаюусу көз алдынан кетпей турду.
Мындан кийин Ксюша көпкө ойлонбой туруп автобекетке барып Симферополго билет сатып алды. Жолдун узактыгы да билинбей көз ачып-жумганча эле жетип калды. Түн жарымда такси менен кирип барып алдынан биринчи чыккан мейманканага жайгашты.
Эртең менен жеңил кийинип алып шаарга чыкты. Тамактанууга кафе издеп деңиздин жээги менен баратканда жанагы түшүн өңүндө көрмөй болду. Макс экөөнүн студенттик күндөрүн, бактылуу ирмемдерин, өбүшкөн учурларын жана өрүк уурдап жешкенин эстеп жылмайып баратты. Ал ортодо тагдыры мынчалык татаал болгонуна кейип көзүнө жаш тегеренди. Кайра өзүн кармап эмнеге азгырылып өткөн күндөрүн эстеткен жайга келип калганына өзүн жемелеп кетти. Анан артка бурулуп мейманкананы көздөй бет алганда, ары жактан бирөөнүн үнү угулду. Кылчайып карап көргөн көзүнө ишене албай турап калды. Көрсө ал дайыны жоголуп кеткен сүйгөнү Максим экен. Мурункудан бир аз өзгөрүп калыптыр.
Дагы деле түшүмбү же бул закым эмеспи?
Кийинчерек Макс дагы Ксюшаныкындай түш көргөнү айтылды. Ал да үйлөнүп кайра ажырашыптыр. Дем алыш күндөрү ал да жаштыгы өткөн шаарга Америкадан кайтып келгени белгилүү болду. Мындай жолугушуу экөөнө тең таң калычтуу болду.
Алар жанаша басып, жагымдуу сүйлөшүшүп эки тарапка ажыраткан 12 жылды көрбөгөндөй жүрүштү. Ксюша эми аны эч качан коё бербейм деп ойлонуп баратып, сыртынан айтайын дегиче, Максим аны кучагына кысып ""Мени кечир, мага дагы бир мүмкүнчүлүк берчи"" деди. Ксюша унчукпай башын ийкеп, адатынча жашып кетпей күлүп ийди.
Бул эмне — тагдырбы, кокустукпу, убакыт менен сынообу же дагы бир мүмкүнчүлүкпү? Анда кимден?
Деген менен алар мындай суроолорго жооп издөө пайдасыз экенин түшүнүштү. Түгөйлөргө жашоонун жаңы барагы ачылып биргеликте бактылуу өмүр сүрүп калышты.
"
Уландысын билүү