Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Рух сүйүү
Стив узак убакыттан бери жаны тынбай иштеп акча чогултуп, акыры көксөгөн батирине жетип ата-энесинен бөлүнүп жашап калды. Ал шаардын чок ортосундагы беделдүү райондо жайгашкан турак-жайды базар наркынан эки эсе арзан сатып алганына таң калууда. Анын себебин үйдүн ээси ага тез арада сатууга аргасыз болгонун түшүндүрдү. Муну уккан Стив жолу болгонуна кубанып өзүн бактылуу сезип калды.
Жаңы үйдө жашоо ага өзгөчө ырахат тартуулап, келечектери кыялдарын элестете баштады. Ал терезеге баш багып жөө баскан адамдарды, жетелешип сейилдеп жүргөн түгөйлөрдү жана туристтерди, кечинде музыканттар ойноп жана көптөгөн чакан жайлуу кафелерге көз жүгүртүүнү жактырат болчу. Өзгөчө ал жалгыз басып бара жаткан кыздарды көбүрөөк караар эле. Дароо чуркап чыгып анын көңүлүн бурган кыздар менен таанышып калууга мүмкүнчүлүгү кене болчу.
Анын жашоосу Джейн пайда болгонго чейин жай жана жайдары өтүп жаткан. Табышмактуу окуялардын баары ал кызды үйүнө конокко чакыргандан кийин башталды.
Алгач муздаткычы, кир жуугуч машинасы кийин үйдү желдетүүчү жабдуулары бузулду. Эмнеден экени белгисиз жаңы эле алган техникаларын кайрадан оңдотуп жатты. Стивдин үйүнө Джейн дагы бир жолу келгенде идиштер сынып, суулар ташып, эмеректери да сынып кетти. Мындай окуялардын баары Джейн үйгө келген сайын кайталана берди. Ушунун таасиринен Стив ал кызы менен мамилесин үздү.
Ал эми София менен таанышканда аны үйгө чакырып же чакырбоону чече албай көпкө чейин ойлонуп жүрдү. Ал аралыкта коомдук жайларда гана жолугушуп, кыздын үйүндө түнөп жатты. Бир күнү Стивдин коңшулары ал жокто үйүнөн жандыктын уулуган дабышы чыгып жатканын айтып арызданышты. Мындан сырткары ит буту менен эшикти тытмалап, уйку бербей жатканын да айтышкан. Бирок Стив үйүндө эч кандай жаныбар бакчу эмес. Бир күнү София анын үйүнө көчүп келди. Анан Стив үйдөн чыгып кеткенде кандайдыр бир түшүнүксүз дабыш пайда болду. Бир күнү София аны ээрчип алган булутка окшош уюган кара кубулушту көрүп калды. Аны Стивге айтса ишенбей койгон. Кийин София ал кубулушту сүрөткө тартып алып жигитин ишендире алды. Буга чочулаган Стив дин кызматкерин чакырып дуба окутуп жана ыйык суу менен үйүн тазалатты. Бирок мунун менен тыйылган жок. Бир нече убакыттан кийин жанагы кубулуш дагы көрүндү. Мындан улам София өзүнүн үйүнө кайтып келүүгө аргасыз болду. Анткени ал жерде дайыма эле кандайдыр бир жандыктын үрүп, уулуп жатканы угула берип, түндөсү тынч уктай албай калган. Ал муну өзүнөн көрүп балким элес көрүнүп жатабы деген ой менен психологго да кайрылды.
Стивдин үйүнө кыздар келген сайын белгисиз кубулуштар пайда боло берди. Терезе калдырап, түн бир окумда свет өзүнөн-өзү күйүп, текчедеги идиш-аяктар кулап, шамал болуп, дүңгүрөгөн дабыштар чыга берчү. Стив ошондо гана анын сүйгөн кыздарына башка дүйнөдөгү бирөө караманча каршы болуп жатканын түшүндү.
Акыры ал спиритизмдик сеанстын жардамы менен үйдө эмне болуп жатканын түшүнөт. Качандыр бир убакта бул үйдө Мэри аттуу кыз жашаганын, ал жоопсуз сүйүүдөн улам өз жанын кыйган болот. Анын арбагы бул дүйнөдөн кете албай, үйгө кирип жашагандарды аңдып, алардын коркунучу менен азыктанып жүргөн. Стив медиум аркылуу Мэрини үйдөн кетүүсүн суранды. Бирок жооп тескерисинче болуп, ал арбак өмүр бою анын жанын чыкпай турганын угат.
Айласы түгөнгөндө турак жайын сатмай болот. Баасын базар наркынан төмөн көрсөткөн. Стив мындай нерселерден батыраак кутулууга шашып жатты. Себеби ал түнү менен уктай албай, аягы тыйылбаган көйгөйлөр чыга берип, эң башкысы жеке жашоосун курууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Үйүн сатууда оңойго турбады. Келген кардарлардын баары бир нерседен шектенгендей болуп кайтып кете берди. Эгер аял кардарлар келсе жанагы арбак өзүнүн бар экенин билгизгендей ызы-чуу көтөрүп, эшиктин кулпусу бекилип, электр жарыктары өчүп кала берчү. Ал үйгө Мэринин сүйүүсүн баса ала турган эркек келиши керек болгон. Айтылгандай эле үйүн Стив жаш жигитке эки эсе арзан баада сатат. Баарынан кутулганына ичи толо кубанып көчөдө басып баратты...
Жаңы үй алганга акчасы жетпегендиктен, ижарага алып жашап турууну чечти. Ал жакка кирерден мурда үйүн тазалап жана текшерип берүү үчүн көз ачыкка кайрылды. Жаңы конушунда мурункудай коркунуч жок экенине ынангандан кийин жеңилдей түшүп жүктөрүн жайгаштыра баштады. Бар маалда Софиянын телефонунан көргөн булутка окшош кара кубулушту бул жактан да көрдү. Кара булут акырын кийим салынган кутунун чекесинен, дубалдан жана шыптан чыга баштады. Стив көргөн көзүнө ишене албай турду. Ал аны менен сүйлөшүп сыртка чыгарып ийүүгө аракет кылды эле ишке ашкан жок. Стив эмне болуп жатканын түшүнбөй дендароо болуп туруп калды.
Айласы кетип дагы көзү ачыкка кайрылды. Мэринин арбагы аны менен кошо келип калганбы деп шек санап барган. Стив айласы түгөнүп аны жайына коюну суранды. Бирок Мэри аны сүйүп калганын айтып, эми эч качкан коё бербей турганын айткан.
"
Уландысын билүү