Белгисиздер жөнүндө аңгемелер
Калеб жана Элиза
Лорд Кэлеб Боксвел менен Элиза балда таанышкан. Элиза ушунчалык сулуу, жаш, көпчүлүктүн маанайын бурдурган кыз эле, ага көптөрү ашык болчу. Боксвел 30 жашка чыккан үй-бүлө курууну максат кылган жигит эле. Көпчүлүк аталар ушундай балага турмушка кызын узатса армандары жок эле. Боксвел бай, акылдуу, тарбия көргөн, келечеги бар жигит эле. Ага көп кыздар көз артышчу, бирок башында Боксвел Элизанын жүрөгүн элегиси келген, Элиза анын сүйүүсүнө макул болууга деле анчалык шашылган эмес. Күндөрдүн биринде белгилүү бир графтын үйүндө Элиза Боксвел менен бийлегенге макул болот. Бийлеп жатып экөо тең абдан таң калышат, себеби бири бирин түшүнгөндөй, синхрондуу, мурун бийлеп жүргөндөй абдан оңой сезилет.
Кыздын бийлегени, ага тагылган зергер буюмдары, анын сулуулугун айтып өзүнө тартуудан майнап чыкпаарын Боксвел түшүнөт. Бирок кыз ар тараптан өнүккөн, тарыхты, литератураны билгендиги менен өзгөчөлөнуп туганы Боксвелди таң калтырат. Ошол учурда эң көп окулган китеп тууралуу экөөндө талаш маселе чыгат, кийнчерек бул маселени талкулоого кайрадан жолугушуу шылтоосу болот.
Кэлеб билинбей жүрүп сүйүп калганын түшүнөт. Күндөрдүн биринде ал Элизанын атасына барып кызынын колун сурайт. Көп өтпөй экөө үйлөнү тойго даярданып башташат. Клэб менен Элиза ар дайым чогу жүрүп, экөөнө сүйлошкөнгө ар дайым тема табылчу, Үйлөнү алдында Боксвел эпсизирээк өзүнүн сүйүүсүн билдирет. ага Элиза күлүп “мен сени эч жака жибербейм” деп жооп кайтарат. Убакыт өтүп үйлөнү үлпөт тою өтүп, көптөрү экөөнүн балалуу болушун күтүшөт. Бирок жаш жубайлар анчалык деле балалуу болууга шашылышкан жок. Алар бирге эс алганды, саякаттаганды, окуганды, таңкы тамактанууда ар кандай ачылыштарды, жаңылыктарды талкулоону жакшы көрүшчү. Аларда эн чоң ырахат бул ар дайым кеч киргенде бири бирин кучака алып уктоо эле.
Тилекке каршы күндөр өтуп эки жылдан кийин Элиза катуу оруп калды. Кэлеб көптөгөн доктурларды алып келип жүрдү, бирок баардыгынан майнап чыккан жок, бири дагы ору эмне себептен экенин биле албай коюшту. Кэлбек ар дайым жанындп жүрчү. Жумуштары менен бир жака кетсе дагы түну болбосун үйгө кирип келчү. Элиза ар дайып уктабай аны түнү менен күтүп турчу.
Күндөрдүн биринде Элиза орусунан улам дүйнөдөн кайтат. Боксвел үчүн аялынын каза болгону чоң кайга алып келет. Ал өлүктү көмүү үрп-адаты жабык эшик артында өтөөрүн жар салып, өзү көмөөрүн айтты. Бул көрүнүш башкаларга таң калычтуу эле, бирок лорддүн коомдогу орду өзгөчө болгондуктан ага эч ким каршы чыга алган жок. Өзүнүн коро жайына көөмп ар дайым ал жерге жаңы күлдөрду коюп турчу.
Граф акыркы күндөрү өзүнүн үйнөн коп чыкпай, светтик иш чараларга да катышпай, өзүнүн иштерине да көнүл бурбай калган
Боксвел чындыгында абдан бай эле, бир нече жыл өткөндөн кийин графтрадын бири аны өзүнүн кызы Марияга үйлөнү туурасында сунушун берет. Ал графтын кызы көп жыл бою чет мамлекетте жүрүп келгенин, жана ага Боксвелдей бай кишиге турмуш курууга кызыктар экенин жашырган жок. Боксвел бул сунушка макул болуп, көптөн бери кайга капада жүргөн күндөрү бүткөнү туурасында жар салат.
Боксвел менен Мария коомчулукта көбүрөөк жүрө башташат, бирок Боексвел Мариянын колун кармабай, ал менен бийлөөдөн баш тартат. Мария убакыт керектигин сезип кийин үйлөнсөк мени жакшы көрүп кетет деп ишенчү, себеби ал жаш, сулуу эле.
Үйлөнү тойду уюштуруу Мария жана анын ата энеси колго алган, бирок бардык акчаларды Боксвел берип турган, Мындай ишеним Марияга кадыр эсе жаккан.
Үйлөну тою бүтүп, Марияны уктоочү бөлмөгө алып кирип эртеңкиге чейин коштошуп чыгып кеткени Марияны жаман акбалга калтырды, мындай көрүнүш күндөн күнгө кайталанып турду, Мария Боксвелге мураскор төрөп бере албай каламбы деп абдан тынчсызданды себеи Боксвел аз сүйлөп Марияга анчалык көңүл бурчу эмес.
Күндөрдүн биринде Боксвел таңы тамака чыккан жок, анын таң калыштуу мүнөзү менен эч кимге айтпай деле чыгып кетчү, Бир жума өткөндөн кийн гана Полицияга арыз жазып, издей башташат, эч бир таанышы да көргөн эмес, Марияны өлтүруп салды деп шек санай башташат, себеби Мария акчасына карап турмушка чыкканы баарына белгилүү болчу, жана мындай шек саноо жүйөлүү эле. Полиция графтын үйүнө кирип Марияны кармайлы деп жатканда, Кэлебтин бөлмөсүнөн адаттан тыш жыт сезилет, полиция кызматкерлеи издеп жүрүп, жашыруун бөлмө таап алышат. Ал жакта Кэлебтин сөөгүн таап алышат. Чон керебетте Элизанын сөөгү Кэлебти кучактап жаткен экен. Элиза аны кое берген эмес. "
Уландысын билүү